Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Обама Европадагы бир апталык сапарын баштады


АКШ президенти Барак Обама менен Ирландия президенти Мэри МакАлииз, Дублин, 23-май, 2011-жыл
АКШ президенти Барак Обама менен Ирландия президенти Мэри МакАлииз, Дублин, 23-май, 2011-жыл

Кошмо штаттардын президенти Барак Обама Европадагы бир жумалык сапарын Ирландиядан баштады.

Андан кийин Британия, Франция жана Польшада болгон учурунда Обама союздаштарын демократиялык өзгөрүүлөрдүн жолуна түшкөн Араб өлкөлөрүнө жардам көргөзүүгө үндөйт деп күтүлүүдө.

Обаманын Ирландия сапары ал өлкө башынан оор экономикалык кыйнчылыктарды кечирип жаткан кезге туш келди. Карызга баткан мамлекетти куткаруу үчүн Эл аралык валюта кору менен Европа Биримдиги чукул кредит сунуш эткен. Өкмөт бюджетти үнөмдөө максатында популярдуу эмес чараларды киргизгени менен, адистер Дублин дагы көп экономикалык маселелерди чечиши керек дешет.

Обама премьер-министр Энде Кенни менен жолугушууда экономикалык кризистен чыгуу жаатындагы прогресске кубанганын айтты. АКШ мамлекет башчысы ошондой эле Ирландиянын президенти Мэри МакАлииз менен кездешти.

Түштөн кийин Обама жубайы Мишелдин коштоосунда баш калаа Дублинден 135 километрдей алыс жайгашкан Монегайл деген шаарчасына барып, чоң таяталары, өтүкчү Фалмут Керней туулуп өскөн жерге зыярат жасайт. Баса, АКШда 37 миллиондой киши түпкү мекени деп Ирландияны эсептейт.

Кечинде Обама Лондонго жол тартаар алдында Дублиндеги коллежде ачык асман алдында АКШ менен Ирландиянын алакаларына арналган сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө.

Лондондо аны каныша Елизавета Экинчии жеке коногу катары Бэкингэм сарайында расмий сый-урмат менен кабыл алат. Британ парламентинде сүйлөгөндө Обама эки өлкө ортосундагы “өзгөчө мамилелерге” жогорку баасын берет, - дешет Ак Үйдөгү расмий адамдар.

26-27-май күндөрү америкалык президент Чоң Сегиздин Франциянын Довил шаарында өтчү саммитине катышат. Экономикалык державалардын тобуна АКШ, Франция, Британия, Япония, Италия, Германия, Канада жана Россия кирет. Жолугушууда глобалдуу экономикадан сырткары НАТОнун Ливиядагы аскерий миссиясы, Американын Ооганстандагы аскерлерин чыгаруу планы талкууланмакчы.

Ак Үйдүн расмий өкүлдөрү билдиргенине караганда, Обама Чоң Сегиз боюнча шериктерин Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада авторитардык режимдерге каршы көтөрүлгөн өлкөлөрдөгү демократиялык реформаларга көмөк көрсөтүүгө үндөйт.

19-майда “Араб жазына” арналган баяндамасында америкалык президент ыңкылаптан кийинки Тунис менен Египеттин экономикаларын стабилдештирүү жолдору жөнүндө ой бөлүшкөн:

- Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондуна кайрылып, Чоң Сегиздин эмки саммитинде Тунис менен Египеттин экономикаларын стабилдештирүү жана модернизациялоо үчүн зарыл чаралардын планын сунуш кылууну өтүнгөнбүз. Башка өлкөлөрдү да финансылык кыйынчылыктарга туш болгон Тунис менен Египетке жардам берүүгө үндөйбүз.

Саммит учурунда Обама орус президенти Дмитрий Медведев, Франциянын мамлекет башчысы Николя Саркози, Япониянын премье-министри Наото Кан менен өз өзүнчө жолугушат.

20-майда Ак Үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи орун басары Бен Родес билдиргендей, Обама менен Медведев эки тараптуу мамилелерди, Россиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгү, НАТО менен кызматташтыгы өңдүү кеңири маселелерди талкуулашмакчы.

Ал эми Польшада Обама өлкө жетекчилери менен сүйлөшүү өктөрүп, экономикалык кызматташтык, Европадагы коопсуздук жөнүндө сөз кылышат.

Родес Варшава сапарына көп маани берилээрин, Польша АКШнын Чыгыш Европадагы негизги шериги экенин белгиледи. Мурдагы президент Жорж Буштун баштапкы планына ылайык, ракетадан коргонуу системасынын бир бөлүгү Польшада орун алмак. Кийин 2009-жылы Обама мобилдүү, деңизде жайгашкан системага артыкчылык берилээрин жарыялаган. Бирок ошол эле жылдын октябрында вице-президент Жо Байден Варшавага барган кезинде АКШ Польшага чакан радар курууну көздөп жатканын айткан.

Ак Үйдүн билдирүүсүнө ылайык, польшалык лидерлер менен жолугушууларда Обама Араб дүйнөсүндөгү окуялар менен катар кошуна Беларустагы абалды да козгойт. Визитинин соңунда АКШ президенти Чыгыш жана Борбор Европанын жетекчилери үчүн сый тамак берет.

XS
SM
MD
LG