Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

АКШ туткундагы аскерди беш ооганга алмашты


Бой Бергдал талиптердин туткунуна 2009-жылы түшкөн.
Бой Бергдал талиптердин туткунуна 2009-жылы түшкөн.

АКШ талиптер беш жыл туткунда кармаган америкалык аскерди Гуантанамодогу беш ооганга алмаштырды.

АКШнын коргонуу министри сержант Бой Бергдалдын бошотулушу Ооганстандагы тынчтык жараянында бурулуш окуя болуп калат деген ишенимин билдирди.

АКШнын коргоо министри Ооганстанга талиптердин колундагы америкалык офицер бошотулгандын эртеси, жекшембиде барды.

Сержант Бой Бергдалды бошотуу боюнча айырбаштоонун негизинде, АКШнын Гуантанамодогу түрмөсүнөн беш талип айыпкер Катарга жөнөтүлдү. Хейгелдин айтымында, Кошмо Штаттары Бергдалды эркиндикке чыгаруу үчүн көптөн бери аракет жасап келген:

Биздин башкы максат, өзүңүздөр билгендей, сержант Бергдалды куткарып алуу болчу, бул мүдөөбүзгө жеттик. Мен да айткам, президент Обама да айткан, биз аны көп адамдардын жардамы аркылуу бошоттук. Башкы максатыбыз ишке ашты. Ал эми мындан талиптер менен сүйлөшүүдө чоң бурулуш болобу деп сурай турган болсоңуздар, балким болушу мүмкүн, үмүт жок эмес.

"Бергдалды беш талипке алмаштыруу террористтерди шыктандырбайбы?" деген суроого жооп берип жатып Хейгел бул согуш шартындагы туткундар менен алмашуу болгондугун айтып жооп берди. Ал операция ок атышуусуз, тынч өткөнүн кошумчалады.

Бергдалды 1-июнда Ооганстандан АКШнын Германиядагы аскердик ооруканасына алып кетишти. Ал ошол жерде дарыланып, анан мекенине кайтары айтылууда.

Талиптер америкалык сержантты Ооганстандын чыгышындагы АКШнын атайын операциялык күчтөрүнө 31-майда өткөрүп беришти. Хейгел Кабулдун сыртындагы Баграм аскер базасына Бергдал Ооганстандан алынып кеткенден бир нече саат өтпөй келди.

Талип корбашыларынын айтымында, америкалык офицер 2009-жылы туткундалгандан бери Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы уруулар аймагында кармалып турду. Ал арада беш талип, анын ичинде мартабалуу төртөө АКШнын Кубадагы Гуантанамо түрмөсүнөн Катар өлкөсүнө жеткирилди. Бешинчиси - пакистандык Хаккани согушкерлер уюшмасы менен алакасы бар делген оогандык экен.

Ооганстанда Талибан бешөөнүн Катарга жиберилишин «өтө кубанычтуу окуя» деп мүнөздөдү. Ал эми ооган президенти Хамид Карзай Бергдалдын бошотулушу тууралуу ага алдын ала маалымат берилбегендигин билдирди.
Хейгел бул чын экенин жашырган жок:

– Мамлекеттик катчы Жон Керри президент Карзайга туткундарды алмашуу бүткөндөн кийин кабар берди. Ар ким түшүнүп жатса керек, бул тымызын жасалчу иш. Ал тууралуу саналуу адам гана билди.

Хейгел Ооганстанда америкалык аскер башчылары менен мында турган АКШ күчтөрүн жыл аягына чейин чыгарып кетүүнү талкуулай тургандыгы кабарланган. Соңку пландар боюнча, Ооганстанда Кошмо Штаттары эки жылга 10 миңге жетпеген аскер калтырат.

Эгер Ооганстандын жаңы президенти Вашингтон менен тийиштүү келишимге кол койсо, 2016-жылдын этегине карата ооган жергесинде болгону бир миң америкалык аскер калат.

XS
SM
MD
LG