Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:12

Ооган талибдеринин стратегиялык амалы


Ооганстандын Хост провинциясындагы тынчтыкка чакырган демонстрация. 28-сентябрь, 2012

Туура эки жылдан кийин, 2014-жылы АКШ башындагы көп улуттуу күчтөр ооган жеринен чыгып кетет.

Ага чейин Хамид Карзай башындагы бийлик алдында ага чейин талибдер менен тынчтык келишимин түзүү милдети турат. Тынчтык келишими ондогон жылдардан берки ич ара согуштан катуу бүлүнгөн өлкөнүн бейпил турмушка баш-оту менен кирүүсүнө жана ооган кризисин токтотконго чоң огожо болмок. Ал үчүн серепчилердин айтымында, Карзайдын өкмөтү талибдер менен сүйлөшкөнгө ачык болушу абзел.

Ооганстандагы саясий абалды жакындан билген эксперттердин байкашынча, расмий Кабулда талибдер менен ар тараптуу тынчтык келишимин түзүү мүмкүн деген үмүт өчө элек. Тилекке каршы ушу тапта андай сүйлөшүү жок.

Президент Карзайдын өкмөтү азыр 2014-жылкы шайлоонун камы жана ошо жылы НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийинки өлкө коопсузудугун камсыздоо боюнча даярдыктар менен алек.

Марвин Вайнбаум АКШ Мамлекеттик департаментинин чалгындоо иштери боюнча мурдагы аналитиги. Эксперт үзбөй Ооганстанга каттап турат. Вайнбаумдын айтышынча, Ооганстандын жана Батыштын расмий чөйрөлөрү талибдер менен саясый мунаса түзүү болочоктун иши, ага дейре 2014-жылкы шайлоодо бардык фракциялар макул көрчү президент шайланыш керек деп ойлошот.

- Эгер Ооганстандагы шайлоодо жок дегенде чоң фракциялар ынагыдай президент тандалса, анан жаңы бийлик өлкө башында 2017-жылга чейин тура алса, ошондо жагдай саясий жол менен жөндөлөт деп үмүттөнсө болот, - дейт Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш борборунун талдоочусу Вайнбаум.

Талибдер менен саясий элдешүү идеясы обол 2009-жылы президент Барак Обама Ооганстандагы аскерлердин санын бир кыйлага көбөйтүлөрүн жарыялагандан соң пайда болгон. 2010-жылы эл аралык донорлор талиб жоокерлерин коомдук турмушка аралыштыруу үчүн 140 миллион доллар убада кылышкан. Ошол жылдын аягына барып, президент Карзай жыйырма чакты көрүнүктүү ооганды Жогорку Тынчтык кеңешине мүчө кылып дайындайт. Кеңешке талиптердин байыстуу башчыларын курал жарагын таштатып, өкмөт менен чогуу өлкөнүн бейкуттугу үчүн иштегенге тартуу вазийпасы жүктөлөт.

Кийинки жылы талибдер менен көшөгө артындагы дипломаттык сүйлөшүүлөр өтө активдүү жүрөт. Козголоңчулардын айрым лидерлери Улуттар уюмунун “кара тизмесинен” чыгарылат жана талиптер Катарда өкүлчүлүгүн ачканга ынандырылат. Бирок 2011-жылы сентябрда Жогорку Тынчтык кеңешинин төрагасы, мурдагы президент Бурханиддин Раббани кол салуудан өлгөндөн кийин талибдер менен сүйлөшүү иш жүзүндө токтойт.

Быйыл январда талибдер Катарда саясий кеңсесин ачкандан кийин сүйлөшүү улантылат деген үмүт кайра жанган. Лекин майда талиптер Вашингтонду Гуантанамо түрмөсүндөгү беш жоокерин америкалык туткун аскерге сөзүндө туруп алмашпады деп АКШ менен сүйлөшүүнү токтоткон.

Майкл Симпл мурда Улуттар Уюму жана Европа Биримдигинде иштеген. Экс-дипломаттын айтышынча, талибдерди тынчтык сүйлөшүүсүнө барсак, эмне пайда көрөбүз деген суроо кызыктырат: “Алардын кээ бирөөлөрү биз согушту токтотпосок, 2014-жылы америкалыктар өлкөдөн чыгып кеткенде, аскерий позициябыз күчтүү болот жана бийликке өз шартыбызды койо алабыз деп ачык эле айтышат. Азыр кыймылдын согуштук артыкчылыкка жетишибиз керек деп чамынган канаты үстөмдүк кылат.” Майкл Симпл мындай бүтүмгө талибдердин азыркы жана мурдагы башчылары менен болгон пикир алмашуулардын натыйжасында келген.

Давуд Мурадян – Ооганстандын стратегиялык изилдөөлөр борборунун мүдүрү. Серепчинин баамында, ушу тапта талибдер мурдакы кубатынан тайып, таасирин жоготуп барат. Ага карабай, Ооганстандын жаңы конституциясы кабыл алынмайынча, алар тынчтык келишимине барышпайт. “Ооган өкмөтү жана Ооганстандын саясий төбөлдөрү саясий жараянга кошулууну каалгандардын баарын чогуу иштешкенге мындан кийин да чакыра берет, - дейт өкмөттүк борбордун директору Мурадян. - Аларда талибдерден кийинки заманда жашап жатабыз деген этият оптимизм бар. Талибдер Ооганстанга мурдагыдай стратегиялык коркунуч туудурбай калган. Талибдер саясий, моралдык жана башка аспектерден жеңилген. Согуштук жактан да уткурган.”

Франецеск Вендрелл Евробиримдиктин жана Улуттар уюмунун Ооганстандагы мурдакы чабарманы. Кексе дипломаттын сөзүнө караганда, талибдер менен ооган өкмөтү тынчтык келишимине жетишүүсүндө үчүнчү тараптын ролу чоң болот:

- Жардамчылардын же ортомчулардын көмөгүсүз бул жараян бир нукка түшүүсү кыйын. Узакка да созулуп кетиши ыктымал. Же абдан активдүү бетме-бет сүйлөшүүлөр зарыл.

Вендреллдин боолгошунча, өзүнө ортомчулук милдетин алган АКШга сүйлөшүүнү биз жүргүзүшүбүз керек деген Хамид Карзайдын өкмөтү атаандаш болот. Ошондой эле тынчтык жараянанына босоголош Иран менен Пакистан таасир этпей койбосу анык.
XS
SM
MD
LG