Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

АКШ Ирактагы аскерлерин көбөйтөт


Ирактын америкалыктар машыктырып жаткан жоокерлери. 2-июнь, 2015-жыл.
Ирактын америкалыктар машыктырып жаткан жоокерлери. 2-июнь, 2015-жыл.

Президент Барак Обаманын чечимине ылайык, Ирактагы аскерий машыктыруучулар менен кеңешчилер саны төрт жүз элүүгө көбөйө турган болду.

Ак үй билдиргендей, президент Барак Обама Иракта дагы 450 аскер кызматчысын жайгаштыруу сунушун бекитти.

Алар Анбар провинциясында Ирактын аскерлерине кеңеш берүү жана машыктыруу менен алектенмекчи.

Президент Обама ошондой эле Ирактын аскерлерине, анын ичинде күрддөрдүн Пешмерга күчтөрүнө жана уруулардын борбордук командачылык астында аракеттенген согушкерлерине зарыл жабдуулар менен техниканы жеткирүүнү тездетүүнү да буюруду.

Ак үй белгилегендей, мындай чечим Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абадинин өтүнүчүнөн жана Пентагондун сунушунан улам кабыл алынды.

Эми АКШнын Ирактагы машыктыруучу жайларынын саны төрттөн бешке көбөйөт.

Вашингтондун бул пландары жарыяланар алдында “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн соңку абалы президент Барак Обама менен Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абадинин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүндө талкууланган эле.

Президент Обама жана премьер ал-Абади. 8-июнь, 2015-жыл.
Президент Обама жана премьер ал-Абади. 8-июнь, 2015-жыл.

Сүйлөшүү 8-июнда “Чоң жетиликтин” Бавариядагы саммити алкагында өткөн.

АКШ президенти саммиттен кийинки жыйынтык пресс-конференцияда “Ислам мамлекети” террордук тобу Ирактан сүрүлөрүнө ишеним билдирип, төмөнкүлөргө токтолгон:

- Биз жакшыртууга камданып жаткан нерсе - Ирактын күчтөрүн машыктыруу ишин тездетүү. Ирактын күчтөрүн түздөн-түз машыктырып, жабдып, жардам көрсөткөн жерлерибизде алар эффективдүү иштөөдө. Моралдык дух жана жарак-жабдык жок жерде Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн натыйжалуу иштөөсүнө доо кетиши мүмкүн.

Жихадчылардын өткөн айда Иракта Рамади шаарын, анын артынан Сирияда Палмира шаарын басып алышы президент Обаманын абадан АКШ баштаган коалиция колдоо көрсөтүп, кургактан ирактык күчтөрдүн өзү согушуусун караган стратегиясынын тууралыгы боюнча күмөн саноолорду жараткан эле. Мындан улам Обаманы АКШнын өзүндө оппозициядагы республикачылар да сындашкан.

Маселен Техас штатынын мурдагы губернатору, республикачылардан президенттикке талапкер болорун жарыялаган Рик Перри АКШ президентин “башкы командачы катары аскерий лидерлер менен бирге тогуз айдан бери “Ислам мамлекети” тобун талкалоо боюнча толук стратегия иштеп чыга алган жок”, - деп сындады.

Администрациянын өкүлдөрү болсо мындай сындарга “Ислам мамлекети” тобун талкалоо убакытты аларын алар эң башында эле эскертишкенин, кеминде үч жылга эсептелген стратегия иштей баштагандан бери жылыш бар болгонун, согушкерлер карамагындагы аймактар былтыр жайдагыдан 25% азайганын жүйө катары келтиришет.

Пентагон айтылып жаткан сындардан жана Ирак өкмөтүнүн жардамды көбөйтүү жөнүндөгү өтүнүчтөрүнөн улам Пентагон учурдагы миссиясын күчөтүүнү чечкендей.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, АКШ Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу менен катар эми буга суннит кошуундарын тартууга да басым жасайт. Анткени сунниттер үстөмдүк кылган Анбар провинциясынын айланасын жана анын борбору Рамадини бошотууда алар чечүүчү роль ойночудай.

Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн катарында сунниттерди көбөйтүү зарылдыгын премьер Хайдар ал-Абади менен дүйшөмбү күнкү жолугушуусунан кийин президент Обама да белгилеген болчу:

- Мен премьер-министр ал-Абадиден жана Ирактын мыйзам чыгаруучуларынан көрүүгө үмүт арткан аракеттердин бири - Улуттук гвардия боюнча мыйзамды алга жылдыруу. Ал мыйзам Анбар сыяктуу аймактарда коопсуздукту камсыздоону жергиликтүү калкка ыйгарууга жана бул ишке суннит урууларынын тезирээк тартылышына жардам берет.

Ирактын суннит мусулмандары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшкө азыр жакшы аралаша элек. Мунун негизги себеби - алар Багдадда шииттер башкарган өкмөткө ишенбегени. Суннит урууларынын согушкерлерин машыктырууга буга чейин Багдад өзү көзөмөл жүргүзүп келген.

Ирак армиясынын Рамадиге жакын жайгашкан таяныч бекети. 1-июнь, 2015-жыл.
Ирак армиясынын Рамадиге жакын жайгашкан таяныч бекети. 1-июнь, 2015-жыл.

Обама администрациясы эми суннит ыктыярчыларын америкалык аскерлер түз машыктыруусун көздөөдө. Бирок курал аларга Ирактын борбордук өкмөтү аркылуу берилет.

Иракта азыр АКШнын 3000дей аскерий машыктыруучусу жана кеңешчиси бар. Алар буга дейре 9000 миңге жакын жоокерди даярдыктан өткөрдү, дагы 2600ү машыгуудан өтүп жатат.

Машыктырылып, даярдалган жоокерлер эң биринчи кезекте Анбар провинциясынын борбору болгон Рамади шаарын "Ислам мамлекети" тобунан алууга тартылат деп күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG