Кошмо Штаттардын тышкы саясий мекеме башчысы Багдадда күн мурунтан жарыяланбаган визит менен Ооганстандагы ушундай эле кыска сапарынан кийин болду.
Вашингтондук башкы дипломаттын премьер-министр Хайдар ал-Абади, президент Фуад Масум менен бул жолку сүйлөшүүлөрү Ирактын федералдык аскерлери өлкө түндүгүндөгү мунайга бай Киркук провинциясынын акыркы жылдары Күрт автономиясы көзөмөлдөп келген аймактарын кайра күч менен тартып алып жаткан учурга туш келди.
“Ислам мамлекети” террор тобуна каршы күрөштө биргелешип аракеттенген ирак жана күрт лидерлери 25-сентябрдагы талаштуу референдумдан бери тирешүүдө.
Автономия бийликтери көз карандысыздык колдоо тапты деген референдумду расмий Багдад мыйзамсыз деп атаган. АКШ, Улуттар уюму, Иран, Түркия жана бөлөктөр ага каршылык билдирген.
Багдаддагы сүйлөшүүлөрдө АКШнын тышкы саясий мекеме башчысы араздашкан тараптарды диалогго чакырды:
- Биз Күртстандын аймактык өкмөтү менен Ирактын борбордук өкмөтү ортосунда пайда болгон пикир келишпестиктерге камтама жана капа болуп турабыз. Эки жакты тең диалог баштоого үндөйбүз. Менимче, эки тарап тең бирдиктүү Ирак, анын Конституциясы үчүн милдеттенме алса, пикир келишпестиктер жөнгө салынып, баарынын укугу урматталат.
Ирак премьер Хайдар ал-Абади өз тарабынан АКШ башкы дипломатынын күрттөр менен диалог жөнүндөгү чакырыгын кубаттап, Багдаддагы борбордук бийликтин күрттөргө каршы күч колдонуу ниети жок деп ырастады:
- Биз Баас режиминин (Саддам Хусейиндин партиясы) диктатурасы учурундагы куугунтук дооруна кайтууну каалабайбыз. Иракта демократиялык жетекчилик бар, биз жарандарыбызды коргойбуз. Биз үчүн күрт жарандарыбыз да маанилүү, мындай ишараны биз Киркукка кирген учурубузда да жасадык. Азыр биз Конституциянын талаптарын ишке ашырып жатабыз. Конституцияга ылайык, талаштуу аймактарда, белгилүү бир жерлерде, мисалы, чек ара өткөөлдөрүндө, аэропорттордо федералдык бийлик болуп, алар федералдык системага ылайык көзөмөлдөнүшү абзел.
Айтылгандай эле акыркы эки аптада Ирактын федералдык күчтөрү Киркук провинциясынан маанилүү жерлерди, анын ичинде Киркук шаарына көзөмөл орнотушту.
Ал аймактарды Күрт автономиясынын Пешмерге күчтөрү 2014-жылы жаз-жай айларында, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин чабуулу учурунда ээлешип, ошондон бери көзөмөлдөп келишкен.
Күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани мурдараак Багдад менен катар коңшу Түркия менен Иран да катуу каршылык көрсөткөн талаштуу референдумдун зарылдыгын күрттөрдүн укугун коргоонун башка аргасы калбаганы менен түшүндүргөн.
АКШ мамлекеттик катчысы Ирак бийликтеринин дарегине ирандык кошуундар боюнча да үндөө жасап, бирок ал четке кагылгансыды:
- Элдик мобилизациялык күчтөрдү колдоо керек, себеби алар өлкөнүн жана аймактын келечеги болот, - деди премьер-министр Хайдар ал-Абади Багдаддагы сүйлөшүүлөрдө.
Ал айткан ирандык кошуундар Ирак өкмөтүнүн “Ислам мамлекети” тобун өлкөдөн сүрүп чыгаруу боюнча АКШ аскерий жактан колдогон аракеттерине салым кошкон.
“Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш аяктап жаткандыктан алар эми Ирактан кетүүсү керектигине Рекс Тиллерсон Багдадга барганга чейин Сауд Аравиядагы сапары учурунда, 22-октябрда токтолгон:
- “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөш аяктап бараткандыктан азыр Иракта жүргөн ирандык кошуундар сөзсүз үйлөрүнө кайтышы керек. Ирактагы чет элдик согушкерлердин кимиси болбосун үйлөрүнө кайтып, Ирак элине бошотулган аймактарды өздөрү көзөмөлдөөсүнө мүмкүнчүлүк бериши зарыл.
Буга жооп кылып кечээ Ирак өкмөтү өлкөнүн иштерине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок деген билдирүү тараткан.
АКШ башкы дипломатынын чакырыгын Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф дагы сынга алган.