Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Ракка "Ислам мамлекети" тобунан бошотулду


Сирия Демократиялык күчтөрү Раккада. 17-октябрь, 2017-жыл.
Сирия Демократиялык күчтөрү Раккада. 17-октябрь, 2017-жыл.

Сирияда АКШ колдогон күчтөр Ракка шаарына “толук көзөмөл” орнотулганын билдиришти. Алар буга бир нече айга созулган айыгышкан уруштардан кийин жетишти.

АКШ колдогон Сирия демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Сириядагы де-факто борбору катары саналып келген Ракка шаарынын ал-Наим аянтында өз желектерин ушул шейшемби күнү (17-октябрь) көтөрүштү.

Сирия демократиялык күчтөрүнүн америкалык аскерий техника менен жүргөн жоокерлери бул күнү шаардагы эки маанилүү жайдын - стадион менен башкы оорукананын бошотулушун майрамдап да жатышты:

- Биз Ракканы бошотуу үчүн 2016-жылдын 5-ноябрында баштаган операция Сирия демократиялык күчтөрүнүн, күрт кошуундарынын (YPG) жеңишине алып келди. Биз өзүбүз жана дүйнө үчүн тарыхый учурларды баштан кечирип жатабыз. “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөшүү биз алган тарыхый милдет болчу, бүгүн анын жыйынтыгы чыгып, Ракка шаары бошотулганына күбө болуудабыз, - деди кабарчыларга Сирия демократиялык күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Жихан Ахмед.

АКШ баштаган коалиция колдоо көргөзгөн Сирия демократиялык күчтөрү жана жергиликтүү күрт, араб кошуундарынын бирикмеси расмий Дамаск менен кызматташпайт.

Сирия Демократиялык күчтөрү жергиликтүү тургунду Ракканын бошотулган стадионунан чыгарууда. 17-октябрь, 2017-жыл.
Сирия Демократиялык күчтөрү жергиликтүү тургунду Ракканын бошотулган стадионунан чыгарууда. 17-октябрь, 2017-жыл.

Алар Ракканы кеминде акыркы төрт айдан бери камалап турушкан эле.

Шаарга карай тикелей чабуул 6-июнда башталган.

Бир нече айга созулган операция учурунда Сириянын демократиялык күчтөрүнө абадан колдоо көргөзүп келген АКШ армиясы Ракканын 90% ээленгенин ырастады.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00
Түз линк

Бирок АКШ баштаган коалициянын басма сөз өкүлү, полковник Раян Диллон Багдаддан билдиргендей, Раккада али согушкерлердин очоктору калып жатат:

- Ирак менен Сирияда калган “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин санын биз алты жарым миңдин тегерегинде деп эсептедик. Ал эми Ракканын өзүндө дагы жүздөй жоочу жүрүшү мүмкүн. Ал жерден ИМ тобунун очоктору алдыда чыгышы күтүлүп жатат. Ракка “Ислам мамлекети” тобунан тазаланып, бошотулгандан кийин буга чейиин эле түзүлгөн Жарандык кеңеш негизги кызматтарды калыбына келтирүү боюнча иштерди баштоого даяр. Баса белгилеп кетейин, эң маанилүү иштердин бири - бул Ракканы жарылуучу заттардын калдыктарынан тазалоо.

“Ислам мамлекети” тобунун Раккадагы согушкерлеринин санын америкалык расмий өкүлдөр быйыл август айында 2000дин тегерегинде деп болжолдошкон.

Сирия Демократиялык күчтөрү Раканын бошотулушун майрамдап жаткан учур. 17-октябрь, 2017-жыл.
Сирия Демократиялык күчтөрү Раканын бошотулушун майрамдап жаткан учур. 17-октябрь, 2017-жыл.

Сириядагы согушка башынан байкоо салып келген уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын эсебинде, Ракка үчүн акыркы төрт айдагы уруштарда 3250дөй адамдын өмүрү кыйылды. Алардын дээрлик үчтөн бири жайкын тургун.

Уруштардан, жардыруулардан кыйраган шаарды алдыда башкара турган - Жарандык кеңештеги жетекчилердин бири Ибрахим Хассан мындай деди:

- Антитеррордук өнөктүктүн жана “Ислам мамлекети” тобунун террордук чабуулдарынын натыйжасында инфраструктура толугу менен талкаланды. Азыр бул жерде бир да кызмат иштебейт. Андыктан, калыбына келтирүү маселеси биздин кеңеш үчүн абдан чоң көйгөй.

Ракканын талкаланган көрүнүшү. 16-октябрь, 2017-жыл.
Ракканын талкаланган көрүнүшү. 16-октябрь, 2017-жыл.

Сириянын түндүк-чыгышындагы Ракканы “Ислам мамлекети” тобу 2014-жылдын январь айында ээлеп алган жана ал толугу менен халифатчылардын көзөмөлүнө өткөн алгачкы сириялык шаар болгон.

Эми Сириядагы де-факто борборунан да кол жуушу “Ислам мамлекети” тобуна урулган кезектеги чоң сокку катары каралып жатат.

Ракканын бошотулушу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG