Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Ромни менен Обаманын тагдырын аныктоочу штат


АКШ -- Стубенвилдеги жабылган дүкөндөр.
АКШ -- Стубенвилдеги жабылган дүкөндөр.

Стубенвил - экономикалык кризистен айрыкча жапа тарткан америкалык шаарлардын бири. Анын өзгөчөлүгү Стубенвил быйылкы президенттик шайлоонун тагдырын аныктоочу шаарлардын бири экендигинде.

Грег Фрейлик Стубенвилдин жашы 60ка таяп калган тургуну. Ал шаарда али жабыла элек саналуу ресторандардын бири Классикалык Бурчектин ээси. Анын иши 2008-жылга чейин жакшы эле жүрүп келген, бирок андан бери кирешеси 25 пайызга төмөндөп кеткен.
АКШ -- Огайо дарыясынын жээгиндеги Стубенвил шаары.
АКШ -- Огайо дарыясынын жээгиндеги Стубенвил шаары.

Бирок башка шаардыктардай эле коңшу дөбөнүн артындагы, же тагыраак айтканда анын алдында уюп жаткан жаратылыш газына чоң үмүт артат:

- Бизнесмендер менимче газга кызыгышат. Себеби газ өндүрүүгө тийешеси барлар бул «таттуу токочту» мурдубуздун алдында кармап турушат. Аны көргөндөр «кантип мен да ушул токочтон бир үзүмүн чайнап калам» деп жатат да. Мен да ошолордун биримин.

Бирок азырынча АКШдагы көпчүлүк чакан өнөр-жай борборлору сыңарындай эле, Стубенвилдин көчөлөрү тунжурап бош, дүкөндөрдүн терезелерине тактай кадап салышкан, бензоколонкалар аңгырап бош калган. Базар көчөсүндө киши котолоп, кинотеатрларда билет табылбай калган күндөр эбак артта калган. Ал кездерде метал иштетүүчү заводдор Огайо дайрасынын боюнда шакылдап иштеп, көмүр өндүрүшү гүлдөгөн замандар эле.

Айтор Стубенвилдеги кырдаал ушул жылдагы президенттик шайлоонун түп маңызын түзгөн экономика жана талапкерлердин кимиси аны өргө кетүүчү жолго сала алат деген суроонун маани-маңызын күзгүдөй чагылдырып турат.

Шаарда жумушсуздук 11 пайыз, бул өлкө боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору. Ошондуктан экономиканын келечеги мында теоретикалык маселе эмес.
Ал эми Огайодо демократтар менен республикачылардын колдоочулары теңме-тең экендигин эске алганда, мындагы Стубенвил өңдөнгөн шаарлардын тургундары кандай добуш берээри президенттик шайлоонун ташын бери же нары кулатуучу фактор болуп саналат.

Бул курулай боолголоо да эмес. 1861-65-жылдары мамлекет башында турган президент Абраам Линкольндун заманынан бери бул штатта жеңбеген бир да республикачы президент болгон эмес. Акыркы 27 шайлоодо бул штатта жеңген талапкер 25 жолу президент болуп шайланган. Муну билген Республикачылардын талапкери Мит Ромни июнь айынан бери мында 23 жолу болсо, президент Обама 17 жолу болуп кетти.

3-октябрдагы талапкерлер кайым айтышында эки талапкер тең Огайону эскеришти. Ал дебатта Огайо боюнча талкуу «көмүр согушун» эске салды. Анткени Обама федералдык өкмөттүн көмүр казуудагы айлана-чөйрөгө келтирилген зыян боюнча борбордук өкмөттүн көзөмөлүн күч алдырган.

Көмүр өнөр жайындагы жумуш орундарынын азайышын көпчүлүк аналитиктер арзан жаратылыш газынын көбөйүшү менен түшүндүрүшөт, ошого карабастан Ромнинин көмүр өндүрүшүн өркүндөтөм деген ураандары бул жактын тургундарына майдай жакты.

АКШ -- Огайо дарыясынын жээгиндеги Стубенвил шаары.
АКШ -- Огайо дарыясынын жээгиндеги Стубенвил шаары.
Ресторанчы Фрейлик мисалы бизнести «ашыкча көзөмөлдөбөгөн», ишкердүүлүктүн көп кийлигишүүсү жок өнүгүшүн колдогон Ромнини артык көрөт.

Ал эми шаардын каршы тарабында жашаган Трейси Жолтс федералдык өкмөт жаңы өнөр жайды колдоодо федералдык өкмөт көп жардам көрсөтүп жатканын белгилейт.
Жолтс жумушчулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча Жумуш министрлиги каржылаган ШейлНет долбоорун жетектейт. Ал акыркы беш семинарга толтура киши келгенин, мындан ары да бул долбоорду каржылоо кыскарбайт деп үмүттөнөт. Ал иштеген Чыгыш Гейтуей жамаат коллежинде ширетүүчүлүк же маркетинг өңдөнгөн кесипге ээ болсо болот.

Бул курска кирген 45 жаштагы Марк Фаус мурда камсыздоо тарамагында иштеген. Бирок акыркы кездери камсыздоодо көп киреше болбой калган. Ал эми ШейлНетте ширетүүчүнүн алты айлык курсун бүтүргөндөн кийин эми айына 5 миң доллар айлык төлөнүүчү ишке орношо алам деп ишенет.

50 жаштагы ишсиз Валери Лэм да Обаманын саясатын колдойт:

- Эгер Ромни президент болсо, мен көчөдө калып, соопчулук ашканасынан шорпо ичип калат болушум керек. Азыр мен кедеймин. Ал эмо Обама мага саламаттык камсыздоосу, турак-жай субсидиясы жана азык-түлүк талондору менен жардам берет. Мен ачка калбайм, демек бирөөнү карактабайм дагы. Ал эми Ромни келсе, көчөдө кайыр сурап калам го деп корком.

Лэмдин колунан чөнтөк телефон түшпөйт. Телефондон ал Обаманын сүрөөнчү волонтерлеру чогулган штаб-квартирада улам бир шайлоочунун суроолоруна жооп берип жатты. «Азыр менин ишим ушул, бул керек» дейт ал.

Ал азыр Мит Ромнинин штаб-квартирасында волонтерлер күн-түн дебей иштеп жаткандыгын да жакшы билет.

XS
SM
MD
LG