Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Клинтон: STARTка старт бериш керек


Клинтон менен Гейтс сенаторлорду экөөлөп көндүргөнгө аракет кылышты
Клинтон менен Гейтс сенаторлорду экөөлөп көндүргөнгө аракет кылышты

АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон менен Коргоо министри Роберт Гейтс кечээ Сенатты стратегиялык куралдардын санын кыскартуу боюнча Орусия менен жетишилген жаңы келишимди ратификациялоого үндөштү.

Алардын айтымында, START III келишими өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөт.

Мамкатчы Хиллари Клинтон сенаторлорду “Орусия менен келишилген жаңы макулдашуу Американын ракетадан коргонуу аракеттерине чек койбойт” деп ишендиргенге аракет кылды.

АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын мамлекет башчысы Дмитрий Медведев келишимге Прагада 8-апрелде кол коюшкан. Документ азырынча эки мамлекетте тең парламенттер тарабынан ратификациялана элек. Ошондуктан Клинтон америкалык сенаторлорго кайрылып, макулдашуу Орусияны да өзүнүн өзөктүк мүмкүнчүлүгүн чектегенге милдеттендирет деди.

“Бул келишим жактырылса, дүйнөдөгү өзөктүк куралдардын 90% ашыгына ээ бул эки өлкөгө стабилдүүлүктү, ачыктыкты алып келет, - деди Клинтон. - Абалды алдын ала билүүгө жол ачылат. Орусия менен АКШ дүрмөттөрдүн санын 1950-жылдардагы деңгээлине, атап айтканда, 1,550 даанага түшүрүшү зарыл болот”.

Ал, өткөн аптада Бириккен улуттар уюму Иранга каршы киргизген жаңы санкцияны эске салып, бул тарыхый келишим мындан ары да Вашингтонго дүйнөдө өзөктүк куралды жайылтпоо күрөшүндө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берээрин билдирди.

Мамкатчынын ишениминде, жаңы келишим АКШны өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте “жоопкерсиз өкмөттөрдү эске алуу менен мындан ары да Иранды изоляцияда кармоого, башка мамлекеттерди өздөрүндөгү ядролук материалдарга көзөмөлдү күчөтүүгө чакырууга” шарт түзөт.

АКШ менен Орусия ортосунда стратегиялык куралдардын санын кыскартуу боюнча буга чейинки 1991-жылы кабыл алынган келишимдин мөөнөтү өткөн жылдын декабрында аяктаган.

Эми жаңы келишим ишке кириши үчүн АКШдагы сенаторлордун көпчүлүгү аны колдошу керек. Жок эле дегенде 67 добуш талап кылынат. Келишимди Орусиядагы Мамдума да расмий түрдө жактыра элек. Клинтон START келишимдеринин буга чейин эки жолку мөөнөтүндө тең документтер Сенаттан колдоо тапканын эске салып, бул ирет да АКШ аны жактырууга милдеттүү дегендей оюн ишарат кылды.

Бул талкууга катышкан өлкөнүн Коргоо министри Роберт Гейтс да мамкатчыны толугу менен колдой турганын, келишим тез арада ратификациядан өтүшү важип экенин белгиледи. Ал 40 жыл мурда да ушул өңдүү документтин үстүнөн иштеп, 1972-жылы SALT I келишимин түзүүгө жардам бергенин айтты.

“Ошол кезде да, андан кийинки ондогон жылдардан бери да “АКШ стратегиялык куралдар боюнча келишимди Орусия менен бирге түзүшү керекпи-жокпу?” деген башкы суроо өзгөргөн жок, - деди америкалык министр. - Азыр Мамлекеттик катчы айткандай, андан берки президенттер дайыма Орусия менен макулдашуу керектигин жактап келишти”.

Сенаттагы талкууда АКШнын Ракетадан коргонуу системасын курууга бул келишим канчалык терс таасир этээри да талкууланды. Республикалык партиядан сенатор Жон Маккейн, маселен, Орусия АКШга ракетадан коргонуу системасы боюнча позициясын таңуулашына жол берилбеши зарыл экенин айтты.

Президент Б.Обаманын администрациясы Орусия менен келишилген бул документ быйыл жыл этегине чейин ратификацияланат го деп ишенээрин билдирген. 24-июнда Д.Медведев Вашингтонго барат. Эки лидер стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими боюнча да сүйлөшөөрү күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG