Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Орусиянын мурдагы министри соккудан өлгөн


Президент Владимир Путин Михаил Лесин менен жолугууда. 14-сентябрь, 2002-жыл.
Президент Владимир Путин Михаил Лесин менен жолугууда. 14-сентябрь, 2002-жыл.

АКШда Орусиянын мурдагы басма сөз министри Михаил Лесиндин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Анда президент Владимир Путиндин мурдагы жакын санаалашы башында жана денесинде мокок заттан алган жарааттан улам мерт болгону айтылат.

1999-2004-жылдары Орусияда басма сөз, теле көрсөтүү жана маалымат каражаттары министри кызматын аркалаган Михаил Лесиндин жансыз денеси былтыр 6-ноябрда Вашингтондогу “Дюпонт” мейманканасынын бөлмөсүнөн табылган эле.

Орусиянын мамлекеттик телеканалдары анда Лесиндин үй-бүлө мүчөлөрүнө шилтеме жасап, ал жүрөгү кармап, каза тапканы тууралуу кабар таратышкан.

57 жаштагы Михаил Лесиндин сөөгү үй-бүлөсү жашаган Лос-Анжелес шаарына коюлган.

Бул окуядан төрт ай өткөндөн кийин, 10-мартта Вашингтондун шаардык полициясы менен башкы сотмедэкспертинин кеңсеси өз иликтөөсүнүн баштапкы бүтүмдөрүн жарыялап отурат.

Америкалык адистердин кыска билдирүүсүнө караганда, Михаил Лесин башынан, моюнунан, денесинен, бутунан жана колунан мокок заттан жаракат алгандан өлгөн.

Вашинтон полициясынан ысымын ачык айткысы келбеген булактар тергөө иши дагы улана турганын жана негизги көңүл эми орусиялык мурдагы жогорку даражалуу чиновник атайын өлтүрүлүшү мүмкүн деген версияга ыкташы ыктымалдуулугун жокко чыгарбады.

Михаил Лесин, 7-октябрь, 2013-жыл.
Михаил Лесин, 7-октябрь, 2013-жыл.

Буга чейинки маалыматтарда Лесиндин мейманканадагы бөлмөсүндө күч колдонуунун белгилери байкалбаганы айтылган.

Америкалык The daily beast, британдык The daily mail басылмаларында АКШда арам акчаны адалдоого жана коррупцияга катышы бар деп шек саноо жараткан Михаил Лесин Федералдык тергөө бюросу – ФБР менен кызматташууга макул болгону үчүн өлтүрүлдү, ал Вашингтонго ФБРге көрсөтмө берүү үчүн барган деген жоромолдор жазылган.

Айрым талдоочулар Путиндин жакынкы чөйрөсүнө кирген адамдын Вашингтондогу өлүмү сырдуу экенине да көңүл бурушкан эле.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова жана президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Лесиндин өлүмүнүн чоо-жайы боюнча Вашингтондон түшкөн соңку жаңылыкка комментарий беришкенде алар америкалык тараптан расмий түшүндүрмө жана “иликтөөнүн жүрүшү боюнча расмий маалыматтарды күтүп” жатканын белгилешти.

Захарованын айтымында, эгер медиада жарыяланган маалыматтар ырасталса, Орусия АКШга эл аралык укуктук жардам көргөзүү боюнча өтүнүч жөнөтөт.

Лесин ким болгон эле?

Медианын жана маалымат каражаттарынын ишин тескеп, эркин басма сөздү кысмактаган учурлар көп кездешкендиктен Батышта “орус прессасынын башкы душмандарынын бири”, “Путиндин пропагандасынын шефи” деген атка конгон Михаил Лесин 2004-жылы министрликтен кеткенден кийин, 2009-жылга чейин президенттин кеңешчиси кызматын аркалаган. Ага чейин 2000-жылкы президенттик шайлоодо Путиндин шайлоо штабындагы чечүүчү адамдардын бири болгон. Кийин Орусиянын мамлекеттик жана англис тилиндеги Russia Today телеканалын уюштурууга жигердүү катышкан. Медиага көзөмөл орнотуп, аны мамлекеттин колуна консолидациялоо ишинде борбордук фигура болгон.

2013-жылы өкмөттүн колундагы “Газпром-Медиа” холдингинин биринчи жетекчилигине дайындалып, 2015-жылы жазда үй-бүлөлүк жүйөгө байланыштуу деп кызматтан чегинген эле.

Путин жана Лесин, 28-август, 2000-жыл.
Путин жана Лесин, 28-август, 2000-жыл.

Мунун алдында 2014-жылы америкалык сенаторлор АКШнын Юстиция министрлигинен Михаил Лесиндин Кошмо Штаттарда мүлк сатып алган акчасынын таржымалын иликтөөнү расмий суранышкан болчу.

Анткени, Лесин 2011-2012 –жылдары Лос-Анжелестеги эң кымбат Беверли Хиллз районунан өзүнө жазылган Dastel деген компаниянын атынан 23 миллион долларга эки чоң үй сатып алганы аныкталган.

Мындан улам америкалык мыйзамгерлер Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген медиа чиновниктен коррупцияга, арам акчаны адалдоого тиешеси жокпу деп шек санашкан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG