Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

АКШ менен Орусия Сирия боюнча бирге иштешет


Орусия -- АКШ мамкатчысы Жон Керри Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен. Москва, 7-май, 2013.
Орусия -- АКШ мамкатчысы Жон Керри Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен. Москва, 7-май, 2013.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн соң АКШ менен Орусия Сирияда саясий өткөөл жараянды жылдыруу үстүндө бирге иштөөнү макулдашканын жарыялады.

Жон Керринин АКШ Мамлекеттик катчысы катары Орусиядагы алгачкы сапары учурунда кан төгүү токтобой жаткан Сириядагы кырдаал күн тартибиндеги башкы маселелерден болору мурда эле күтүлгөн. Керри адегенде президент Путин, андан кийин тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Орус тышкы иштер министри сүйлөшүүлөрдүн соңунан жасаган жарыяга караганда, алдыда Сирия боюнча жаңы эл аралык конференция чакыртылат:


Сирия -- Израил менен чек арадагы ал-Рафед кыштагындагы жарылуудан көтөрүлгөн түтүн, 7-май, 2013.
Сирия -- Израил менен чек арадагы ал-Рафед кыштагындагы жарылуудан көтөрүлгөн түтүн, 7-май, 2013.
- Биз төмөнкүлөрдү макулдаштык. Орусия менен Кошмо Штаттар Сириянын өкмөтүнө, оппозициячыл топторуна да алар саясий чечим табышы үчүн дем берет. Биз ошондой эле мүмкүн болушунча тезирээк, балким ушул айдын аягында Сирия боюнча эл аралык конференция чакырууну макулдаштык. Ал былтыр июнда Женевада болгон конференцияны улантуу үчүн уюштурулат.

Женевадагы былтыркы конференцияда жетишилген план боюнча Сирияны башкаруу убактылуу өкмөттүн колуна өтүшү керек эле. Ал өкмөттү куроо жараянында ага кирүүчү адамдардын талапкерлиги каршылык жаратса, Сирия өкмөтү да, оппозициясы да вето сала алмак. Бирок бул план кагаздан ары кете алган эмес.

“Вашингтон Пост” гезити АКШ менен Орусиянын башкы дипломаттары Сирия боюнча жаңы өнөктөштүктү жарыялашканы менен президент Асаддын болочок тагдырын беймаалым бойдон калтырышты.

Мамлекеттик катчы Жон Керри белгилегендей, президент Башар Асад өткөөл жараянга катышар-катышпасын сириялыктар өздөрү чечиши абзел:

- Мага инсан катары Сирия келечекте азыр силер көрүп-билип жаткандарды жасаган киши тарабынан башкарыларын түшүнүү мүмкүн эмес. Бирок муну бүгүн же акыр-аягында мен чечпейм. Женева коммюникесинде өткөөл өкмөт эки тараптын макулдугу менен дайындалуусу керектиги айтылган.

Өзү АКШ менен Орусия - Сирияда каршылашкан эки башка тарапты колдоп келе жаткан мамлекеттер. Москва президент Башар Асаддын режимин курал менен камсыздаганын танбайт, бирок ал курал козголоңчулар менен күрөштө колдонулган жок деп ырастайт. Орусия буга катар Улуттар уюмунда Асаддын режимине каршы санкцияларга вето салып келе жаткан эки өлкөнүн бири.

Кошмо Штаттар болсо Сирия козголоңчуларына жана жүз миңденген качкындарга гуманитардык жардам көргөзүп келүүдө.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, Жон Керринин сапары Обама администрациясынын дарегине Сириядагы козголоңчуларга аскерий колдоо көргөзүү же козголоңчулар көзөмөлүндөгү чөлкөмдөрдү коргош үчүн Сириянын үстүн учууга болбой турган аймак деп жарыялоого чакырыктар күчөгөн учурга туш келди.

Сириянын Алеппо шаарынан бир көрүнүш. 6-май, 2013-жыл.
Сириянын Алеппо шаарынан бир көрүнүш. 6-май, 2013-жыл.
АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Москвада сүйлөгөн учурунда АКШнын козголоңчуларга жөнөтүү же жөнөтпөө чечимине Сириядагы кырдаалды саясий жол менен жөнгөрүү ишинде канчалык жылыш болору таасир берерин ишара кылды:

- Эгер тараптарды бирге олтургузуу боюнча бул жараян ийгиликтүү алга жылса, Женева коммюникеси ишке ашса, бул үчүн зарылчылык болбойт деген үмүт бар. Андыктан көп нерсе алдыдагы бир нече аптада эмне болоруна көз каранды болот.

Улуттар уюмунун соңку эсептерине караганда, Сириянын ичинен жер которгондор саны акыркы эки айда эки эсеге өсүп, 4,25 миллионго жеткен.

Ар бир үчүнчү сириялык же 6,8 миллион адам, мунун жарымы жаш балдар чукул жардамга муктаж болуп турат. Ал эми 1,4 миллион сириялык коңшу өлкөлөрдө качкын катары башпаанектөөдө. Эки жылдан ашуун созулган кагылыштарда өмүрү кыйлгандар саны 70 миңдин тегерегинде.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG