Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Украина: Москва-Вашингтон бири-бирин айыптоодо


"Донецк элдик республикасынын" аскерлери. 21-апрель, 2015-жыл.
"Донецк элдик республикасынын" аскерлери. 21-апрель, 2015-жыл.

АКШ Орусияны Украинанын чыгышында Минск тынчтык келишиминин шарттарын бузуп жатканы үчүн айыптады. Вашингтондун эсебинде, өзүн-өзү жарыялаган Донецк жана Луганск элдик республикаларынын аймагында Орусия азыр абадан коргонуу системасын түзүүдө. Бул аралыкта Москва АКШнын украин улуттук гвардиясынын аскерлерин машыктырып жатуусу да Минск келишимин бузгандык экенин билдирди.

Орусия Донецк менен Луганск облустарынын аймактарында абадан коргонуу системасын түзүп жатканын Мамлекеттик департаменттин басма cөз өкүлү Марие Харф атайын билдирүүсүндө ачык айтты.

“Орусиянын армиясы Чыгыш Украинада абадан коргонуу боюнча кошумча системаларын жайгаштырды жана алардын бир нечесин майдан тилкесине жакын жылдырды. Бул Орусиянын абадан коргонуу жабдуулары Украинанын чыгышында, 2014-жылдын августунан бери эң көп топтолгон учур”, - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

Билдирүүдө ошондой эле чек арадагы күчтөрүн чыңдоо үчүн Орусия Украинанын чыгышын көздөй оор куралдарды киргизип жатканы да көрсөтүлгөн.

Марие Харф
Марие Харф

“Чек ара боюндагы салыштырмалуу стабилдүүлүктөн кийин Орусия эми кошумча бөлүктөрүн жөнөтүүдө, Орусия жана жикчил күчтөр ок атышууну токтотуу макулдашуусу тыюу салган аймактарда артиллерияны, бир эле учурда бир нече ракета атылуучу комплекстерди көп санда кармап турат”, - деп белгиленет билдирүүдө.

Ок атышууну токтотуу боюнча быйыл 15-февралдан тарта күчүнө кирген макулдашуу Украинанын чыгышында уруштарды жана кыянатчылыктарды басаңдатканы менен анын шарттары бекем сакталып жатат деп айтуу кыйын.

ЕККУнун макулдашуунун аткарылуусуна байкоо салган миссиясы атышуулардын саны кайра көбөйүп кеткенин өткөн аптада эле ачык айткан. ЕККУнун мониторинг миссия башчысынын орун басары Александр Хуг эки күн мурда кабарчыларга:

Александр Хуг
Александр Хуг

- Азыркы кырдаал абдан олку-солку. Ал күн сайын өзгөрүп турат. Азыркы тынчтыкты абдан жука музга салыштырсак болот. Муну биздин отчеттор да ырастоодо. Ок атышууну токтотуу режими бузулган учурларды күн сайын маалымдоодобуз. Алар абдан эле көп, - деп айткан болчу.

Ошентип АКШ Орусияны Украинанын чыгышында абадан коргонуу системасын түзүү менен Минск макулдашуусунун шарттарын бузуп жатат деп күнөөлөсө, Москва өз кезгинде АКШнын украин улуттук гвардиясынын жоокерлерин машыктыруусу да бул келишимге каршы келет деп билдирүүдө.

Кошмо Штаттардын 300дөй десантчысы украин аскерлерин 20-апрелден бери өлкө батышындагы Львов облусунда машыктырып жатат.

Львов - өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдер ортосунда уруш жүргөн аймактардан 1000 чакырымдай алыc.

Москванын машыгуу боюнча камтамачылыгын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керриге кечинде телефон аркылуу айткан.

Бирок Вашингтон бул дооматтарды четке каккандай. Сергей Лавров кечээ “Эхо Москвы” радиосу менен маегинде украин кризиси үчүн Кошмо Штаттарды кайрадан айыптап, Орусиянын кызыкчылыгына коңшу өлкөнүн бүтүндүгү жана саясий-аскерий жактан нейтралдуулугу” төп келет деп ырастады.

Лавров ошондой эле украин тараптын эл аралык бейпилдик күчтөр боюнча сунушун четке какты:

Сергей Лавров
Сергей Лавров

- БУУнун бейпилдик күчтөрү деген бул блиндаж, окоп казуу дегендик да, өлкөнүн бөлүгүн өзүңдөн иш жүзүндө бөлүү дегендик. Бул эмне үчүн керек, мен билбейм же Минск келишимдерин бурмалоо боюнча Киевде аракеттеринен алагды кылуубу? Макулдашуунун аткарылышына көз салуу үчүн болсо ЕККУ бар да.

Бул аралыкта Украинанын чыгышына бейпилдик күчтөрдү киргизүү маселесин президент Петро Порошенко Франциядагы сапары учурунда кайрадан көтөрдү. Порошенко Парижде француз президенти Франсуа Олланд менен шаршемби күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында:

- Бейпилдик күчтөр тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн, де-факто жетишилген тынчтык бузулбастыгынын кепили болушу керек. Тилекке каршы, Украинада жана башка өлкөлөрдө тынчтык туруктуу эмес, 9-май Жеңиш күнү майрамдалгандан кийин түрдүү сценарийлер болушу мүмкүн деген маалымат бар. Андыктан бейпилдик күчтөрүнүн максаты - Украинанын чыгышы тынчтык жана стабилдүүлүк режиминен чыгып кетпесин алдын алуу.

Украин тараптын маалыматына караганда, акыркы бир суткада алардын жети аскери жаракат алды, жоготуу болгон жок.

Жикчилдер украин күчтөрүнүн турумдарын атууда калибри 100 миллиметрден чоң миномётторду жана артиллерияны колдонушкан. Минск келишиминин шарттары боюнча мындай куралдар майдан тилкесинен чыгарылышы керек болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG