Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

КМШдагы ажырымдын аралыгы...


КМШга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси. 3-апрель, 2015-жыл.
КМШга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси. 3-апрель, 2015-жыл.

Украина жана анын кызыкчылыгын коргогон беш мамлекет Орусиянын таламын талашып, КМШнын атынан жарыяланчу кайрылууга кол коюудан баш тартты.

Кайрылууда ЕККУнун мүчөлөрүнө карата мамлекеттер ортосундагы мамиледеги кабыл алынган негизги принциптерди карманып, экономикалык блокаданы ичине камтыган бир жактуу санкцияларды киргизүүгө жана башкалардын ички ишине кийлигишүүгө жол бербөө чакырыгы ташталган болчу.

Батышка дипломатиялык “акарат”

КМШга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан ЕККУнун Хельсинки актысынын принциптерин так сактоо боюнча ага мүчө мамлекеттерге карата бирдиктүү кайрылуу кабыл алды. Батыш мамлекеттерине багытталган бул бирдиктүү кайрылуу Украина кризисинин натыйжасында Орусияга карата колдонулган экономикалык санкцияларга байланыштуу.

КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин төрагасы, Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идирисов кабыл алынган бирдиктүү кайрылуунун маңызына мындайча токтолду:

- Быйыл биз ЕККУнун түзүлгөнүнүн 40 жылдыгын да белгилейбиз. Мына ушуга байланыштуу биз аталган уюмга мүчө мамлекеттерге карата биздин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин талаасынын алкагында кайрылуу кабыл алдык. Бул биздин ЕККУ менен болгон мамилебиздин маанилүүлүгүн чагылдырат. Анда биз ЕККУнун Астана декларациясынын шарттарын да иш жүзүндө аткаруунун зарылдыгын белгиледик.

Каршылардын талабы

Ошол эле кезде Украинанын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул бирдиктүү кайрылуунун текстин талкуулоону КМШга кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин күн тартибинен алып салуу талабы менен чыкты. Анткени расмий Киев бул документте Украинанын бүтүндүгүнө кепилдик берген Будапешт макулдашуусунун Орусия тарабынан бузулушуна байланыштуу жагдайдын киргизилбей калганына нааразылык билдирди.

Украинанын мындай жүйөсүн колдоп, Өзбекстан, Азербайжан, Молдова жана Түркмөнстан сыяктуу КМШ өлкөлөрүнүн экинчи бир тобу аталган бирдиктүү кайрылууга кол коюудан баш тартты.

Бишкектеги жыйынга катышкан Украинанын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Николай Дорошенко ал жагдай туурасында мындай дейт:

- Кайрылууда Украинада түзүлгөн кырдаал боюнча жагдайлар эске алынган эмес. Биздин мамлекеттик бүтүндүккө кепилдик берген тараптын Крымды аннексиялап алуусу жана анын Түштүк-Чыгыш Украинада куралдуу топторду колдоого алуусу сыяктуу маселелер текстке киргизилбеген экен. Ошондуктан биз аны КМШнын алкагында жыйындын күн тартибинен кароодон алып салууну талап кылдык. Бирок ал анын алкагынан сырткары шартта ага кызыкдар мамлекеттер тарабынан кабыл алынды. Биз эч кандай документке кол койгон жокпуз.

КМШга кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында жалпы сырткы чек араларды бекемдөөдө кызматташуу программасы бекитилди. Ошондой эле ал чек араларда кризистик учурлар болгондо аны жөнгө салуу үчүн чек ара күчтөрүнүн топтомун түзүү боюнча маселелер макулдашылды.

Бишкекте өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында жалпысынан 16 маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду.

XS
SM
MD
LG