Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Дүйнө өлкөлөрү АКШга көңүл айтууда


Полиция ок атылган мектептен балдарды чыгарып жаткан учур. 14-декабрь, 2012-жыл.
Полиция ок атылган мектептен балдарды чыгарып жаткан учур. 14-декабрь, 2012-жыл.

Дүйнө өлкөлөрү АКШда бир мектептеги ок атуудан 26 киши, анын ичинде 20 жаш баланын каза табышына байланыштуу көңүл айтып жатат.

АКШ элине көңүл айтууларын БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, Жапония, Канада, Британия, Австралия премьер-минисрлери, Франция президенти Франсуа Оланд, ооган президенти Хамид Карзай, Европа дипломатиясынын башчысы Кэтрин Эштон, Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозо билдиришти.

Трагедиялуу окуя жума күнү Коннектикут штатынын Ньютаун шаарындагы Сэнди-хук башталгыч мектебинде болду.

Президент Барак Обама Ак үйдөн сүйлөгөн кезинде мектеп окуучулары менен мугалимдердин киши колдуу болушун “жүрөк айрылткан” окуя деп атады:

Обама сүйлөп жатып, көзүнө жаш алган.
Обама сүйлөп жатып, көзүнө жаш алган.
- Мамлекет катары биз мындайды көп жолу баштан кечирдик. Ньютаундагы башталгыч мектеп, Орегондогу соода борбор, Висконсиндеги храм, же Аурора кинотеатры ( Колорадо штаты) же Чикагодогу көчөнүн бурчу болобу, булардын баары биздин райондор, булардын баары биздин балдар. Биз саясатка карабай, мындай трагедияларды алдын алуучу маңыздуу чара көрүш үчүн биригебиз.

Башталгыч мектептеги массалык кыргын ушундай мүнөздөгү быйылкы инциденттердин эң оору болду.

Буга чейин Коларадо штатындагы театрда ок атылганда 12 адам, ага чейин Висконсиндеги храмда 6 киши каза тапкан.

Полиция мектепте ок чыгарган кишини 20 жаштагы Адам Ланза деп атады. Ал мектепке келгенге чейин өз үйүндө энесин атып өлтүргөн. Маалыматтарга караганда, мектептеги кыргындан кийин өз жанын өзү кыйган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG