Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

АКШнын чалгын кызматы жихадчыны кармады


21 жаштагы бангладештик Нафис
21 жаштагы бангладештик Нафис

АКШнын Нью-Йорк шаарында борбордук банкты жардырууну көздөгөн 21 жаштагы бангладештик тургун камакка алынды.

Федералдык чалгын кызматы жана Нью-Йорк полициясынын маалымдашынча, 21 жаштагы бангладештик тургун Нью-Йорктогу борбордук банктын кире беришинде жарым тонналык жардыргыч зат жүктөлгөн чоң автоунааны жардырмак болгон. Ал өзү мейманканада туруп чөнтөк телефону аркылуу бир нече квартал алыстыкта жайгашкан банкты жардырууга буйрук берейин деп жаткан кезде колуна кишен салынды.

Болгону 21 жаштагы Куази Мохаммед Нафиске азыр ири жардыруу уюштурууга камданганы жана “ал-Каида” террорчул уюмуна көмөк көрсөткөнү үчүн айып тагылды.

Нью-Йорк полициясынын өкүлү Рэй Келли буларды айтты:
Нью-Йорк шаарында дале кооптонуу күч экенин полиция билдирүүдө
Нью-Йорк шаарында дале кооптонуу күч экенин полиция билдирүүдө

- Бул адам АКШга атайын террор уюштуруу максатында келген. Ал Миссури штатындагы коллежге студент болом деп январь айында виза алган экен, бирок анын максаты тапкатыр башка экени ачыкталды. Нафис Нью-Йорктун биржа фондун жардырууну көздөгөн, бирок ал жакта коопсуздук чаралары катуу болгону үчүн, борбордук банкты жардырам деп чечкен.

Нафис Бангладештен келээри менен террордук акт уюштурууга жардам көрсөтчү өнөктөштөрүн издеп, жардыргыч заттарды каерден алса болоорун интернет аркылуу изилдеп баштаганда ФБРдин көзүнө илинген. Чалгын кызматы ага дароо өзүнүн "талапкерин" сунуштап, анын максаттарын дыкат иликтегенге жетишкен. Чалгын кызматынын документтеринде бангладештик тургун жардырууда набыт болгондордун саны көбүрөөк болушун каалаганы айтылат. «Бул максатым ийгиликтүү ишке ашса, "ал-Каида» тарабынан жакшы бааланат» деп айткан Нафис.

Полициянын өкүлү Рэй Келли:

- Бир аз мурда «ал-Каиданын» лидерлеринин бири Анвар ал Авлаки жок кылынган. Дал ошол кишинин «Илхам» деп аталган журналы Нафиске дем-күч берип, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө шыкак болгон.

Нафистин жардыруу планы ишке ашпай калган борбордук банктын жер төлөсүндө ири көлөмдөгү алтын сакталган. Бул акыркы 11 жылдагы терракт уюштурууну көздөп, бирок ФБРдин кылтагына илинген 18-адам болду. Ал калган өмүрүн темир тор артында өткөрүшү мүмкүн ,- деди мурдагы сот Эндрю Наполитано.

Чалгын кызматы жана шаардык полиция азыр Нафис сыяктуу экстремисттик максатты көздөп келгендердин саны аз эмес экенин айтып, Нью-Йоркто олуттуу коркунуч бар деп эскертүүдө. Нафис бомбаны жардыруу алдында видеокайрылуу жасап, анда жоопкерчиликти өзүнө алганын билдирип, мен Американы жок кылгым келет! - деп айткан.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG