Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

АКШ: Сьюзан Райс - Обаманын кеңешчиси


U
U

АКШнын президенти Барак Обама Вашингтондун Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Сьюзан Райсты улуттук коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси кылып дайындады.

Сьюзан Райс бул кызматта Том Донилонду алмаштырат. Донилон президенттин тышкы иштер боюнча кеңешчиси болот.

Шаршемби күнү Обама укук коргоочу жана Ак үйдүн кеңешчиси Саманта Пауэрди Райстын ордуна барат деп жарыялады, бирок Пауэрдин талапкерлиги Сенат тарабынан бекитилиши керек.

Обама аталган алмашууларды Ак үйдүн Роза багында жарыялады.

- Төрт жыл мыкты иштегенден кийин Том июлдун башында жумуштан кетүү чечимин кабыл алды. Мен коопсуздук боюнча жаңы кеңешчимди өтө чоң сыймыктануу менен жарыялап жатам. Ал - Бириккен улуттар уюмунун мыкты кеңешчиси Сьюзан Райс.

Обама Райс айымды өзүнүн жакын адамы, “эр жүрөк” жана “эл үчүн кызмат кылган мыкты мамлекеттик кызматкер" катары сыпаттады.

48 жаштагы Райс мурдагы президент Билл Клинтондун Коопсуздук кеңешинде кызмат кылган. Бириккен улуттар уюмунда ал өзүнүн катаал мүнөзү менен эсте калды. АКШнын БУУдагы элчиси катары Иранга жана Түндүк Кореяга санкцияларды киргизип, Изриалди коргогону жана адам укуктары боюнча маселелерди көп көтөрүп чыккандыгы менен белгилүү.

“Нью-Йорк Таймс” гезитиндеги макалага караганда Райс “Сириядагы козголоңчуларды курал менен камсыз кылуу же кылбоо өңдүү ички олуттуу талкууларды” да өткөргөн адис катары сыпатталат.

Президенттин жанында Сьюзан Райс мындай сөз сүйлөдү:

- Бизде азыр алдыдагы чакырыктарды, кыйынчылыктарды ооздуктоого чоң мүмкүнчүлүк берилип жатат. Биз дагы деле көп жумуштарды аткарышыбыз керек. Мен биздин өлкөнүн күчтүү жана коопсуз болушу үчүн улуттук коопсуздук боюнча топ менен биргеликте иштөөнү чыдамсыздык менен күтүп жатам.

Вашингтондогу Гудзон институтунда иштеген коопсуздук боюнча эксперт Ричард Вайц Райс бири-бирине атаандаш мамлекеттик органдар ортосунда жараштыруучу фигура болушу мүмкүн деген пикирде.

- Ал бардык талаптарга жооп берет. Райс ошондой эле абдан күчтүү лидер жана агенттиктер ортосундагы кызматташтыкты күчөтө алат. Бирок ал Бириккен улуттар уюмунда иштегенге караганда азыраак сүйлөшү керек. Бул жумушта этияттык талап кылынат.

Райстын кызматы Сенаттын макулдугун талап кылбайт, ошондуктан бул республикачылардын каршылыгын азайтышы мүмкүн.

Сьюзан Райстын Кошмо штаттардын мамлекеттик катчысы болууга учурунда эң чоң мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок республикачылар Ливиядагы окуялар боюнча президенттин администрациясын ошол кезде абдан сындашкан.

2012-жылдын 11-сентябрында АКШнын Ливиядагы элчиси Кристофер Стивенс өлтүрүлгөн. Райстын бул чабуулду күтүүсүз акция катары мүнөздөшү өтө чоң сынды жараткан.

Кийин Ливиядагы АКШнын миссиясына жасалган чабуулдар алдын ала пландалган террорчул акция катары сыпатталган. Мына ушул талкуулардын ортосунда Райс өз талапкерлигин алып салган.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG