Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

АКШ: Барда ок аткан кишинин тек-жайы такталды


кылмыш болгон жер
кылмыш болгон жер

Кошмо Штаттарда студенттик кече өтүп жаткан барга кирип барган киши 12 адамды атып өлтүрүп, он чакты адамды жарадар кылды. Кылмышка шектүүнүн тек-жайы такталып, мурда Американын деңиз аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнү белгилүү болду.

Алгачкы сааттарда алынган маалымат

8-ноябрга оогон түнү Калифорния штатындагы Таузанд-Окс шаарчасы чакчалекей түштү. Borderline Bar & Grill бары жайгашкан жерге тез жардам, полиция унаалары толуп кетти. Журналисттер барган учурда айрым күбөлөр дале кете элек экен.

- Мен аны көргөнсүдүм. Ошол көрүнүш эч качан эсимден чыкпай калды го эми. Анан жерге жыгылдык, абдан көп октун үнү угулуп жатты. Жерде жаткандыктан мен көрбөдүм, угуп жаттым, – деди Сара аттуу кыз.

Кылмыш болгон жай
Кылмыш болгон жай

Эрика аттуу дагы бир кыз да башынан өткөн окуяны айтып берди:

- Октун үнү чыга баштады. Биз отургучтун алдына бекиндик. Анан анча чоң эмес түтүн гранатасы ыргытылды. Менин курбум анын тоголонуп баратканын көрүп калыптыр. Анан эле “качтык” деп калышты. Авто токтотмого барып, машинеме киргенге аракет кылдым.

Барда студенттик кече өтүп жаткан. Ичинде эки жүздөй киши бар экен. Тапанча кармап, капыс кирип барган капкара кийимчен кылмышкер ойкелди атып баштаган. Полиция кеминде отуз ирет ок атылганын билдирүүдө.

Күбөлөрдүн бири шектүү түтүн чыгаруучу граната да колдонгон десе, башкасы ал “колго жасалган жарылма курал болчу” деп жатат.

Кеминде 12 адам өлгөн. Анын бири алгачкылардан болуп жардамга барган жергиликтүү шерифтин орун басары, 29 жаштагы Рон Хелус. Ал кылмышкерди токтотууга аракет кылган учурда ок жеген.

- Сержант бир саат мурда ооруканада көз жумду. Мен эскертип гана турайын, бул террорчулар да болушу мүмкүн. Анткени ушул тапта буга окшогон ок атуунун бир тобун билебиз. Менде же ФБРде мунун терроризмге кандайдыр байланышы бар деп ынандырчу эч нерсе жок. Бирок биз бул вариантты сөзсүз карап көрөбүз, – деп, шериф Жефф Дин 8-ноябрдын түнүндө мукактанып араң сүйлөдү.

“Бул биздин өлкөдө жана бүтүндөй дүйнөдө болуп жаткан ырайымсыздыктын бир бөлүгү” деп кошумчалады ал.

Эртеси күнкү маалымат

Эртеси шериф он чакты адам жаракат алганын маалымдады.

ФБР жана жергиликтүү күч органдары шектүүнүн тек-жайын такташты. Ал 28 жаштагы, мурда Кошмо Штаттарынын деңиз пехотасында кызмат өтөгөн Йан Дэвид Лонг делет.

Кылмышка шектүү бардын ичинен чалажан табылып, кийинчерээк өлгөн. Аны ким жарадар кылганы азырынча белгисиз. “Өзүн-өзү аткан болушу мүмкүн” деп да болжолду шериф Дин.

Ал ошондой эле шектүү Лонгду тааный турганын, бир ирет орун басарлары аны каарданган, албууттанган абалда көрүшкөнүн кошумчалады. Ошондо психологиялык жардам көрсөткөн команда чакырылып, бирок алар камкордукка алуунун зарылдыгы жок деп чечишкен экен.

Президент Дональд Трамп болгон окуядан толук кабардар болгонун “Твиттерге” жазды. Жабыркагандарга, алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

“Чоң эрдик жасады. Үч мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге жетип барды” деп жол кайгуул полициясын алкады.

Алардын бири сержант Хелус болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG