Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:45

АКШда 12 өмүрдү кыйган адам окко учту


Полиция кызматкерлери атышуудан кийин, Вашингтон, 16-сентябрь, 2013.
Полиция кызматкерлери атышуудан кийин, Вашингтон, 16-сентябрь, 2013.

АКШ Деңиз аскерлеринин командалык борборунда 12 кишини атып өлтүргөн адам мурдагы резервист болуп чыкты. Кечээ Вашингтондо болгон атышууда 34 жаштагы Аарон Алексис өзү да окко учту.

16-сентябрда Вашингтон убактысы боюнча саат 8 жарымдарда катуу кайтарылган Навал Ярд борборундагы имараттардын биринде белгисиз бирөөлөр ок ачканы кабарланган. Натыйжада 12 киши окко учуп, 8 киши жараат алганы маалым болду.

Ал эми ок аткан адам өзү мурда Деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн, азыр контракттык негизде маалымат технологиялар бөлүмүндө иштеген Аарон Алексис болуп чыкты:

"Бүгүн эртең менен ок чыгарган адам техастык 34 жаштагы Аарон Алексис экенин бышыктай алабыз. Ал атышууда каза тапты. Анын сүрөтү Федералдык иликтөө бюросунун сайтына жайгаштырылды. Алексис тууралуу маалымат болсо, бизге кайрылгыла", - деди Иликтөө бюросунун Вашингтон бөлүмүнүн расмий өкүлү Валери Парлэйв.

Аарон Алексис
Аарон Алексис
Полиция адегенде бир нече кишинин кол салганын айткан. Бирок кийин Алексис өз алдынча аракеттенгени аныкталды.

Күбөлөрдүн ырастоосунда, ал кафетерий менен коридордо туш келди ата баштаган. Мындай кылмышка эмне түрткү болгону азырынча белгисиз.

Алексис борбордогу жабдыктарды жаңыртуу иштерине тартылгандыктан, анын катуу кайтарылган аймакка өтүүгө уруксаты бар болчу.

Ал 2007-2011-жылдары Деңиз аскерлеринин резервдик бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. Кабарларга караганда, бутпарастардын динине өткөн Алексистин буга чейин да мыйзам бузган учурлары болгон.

Навал Ярддагы борбордо 3 миңдей киши иштейт. Алар аскерий кемелерди иштеп чыгуу, сатып алуу, конструкциялоо жана тейлөө менен алектенишет.

Президент Барак Обама набыт болгондордун урматына Ак үй жана Капитолийдеги желектерди жума күнгө чейин жарым-жартылай түшүрүү буйругун берди.

- Кол салуунун автору аскерлерди жана аскерий эмес кызматкерлерибизди бутага алган. Ал патриот эркектер менен аялдар бардыгыбызды коргоо үчүн жумуштарына бараткан жана кызматтарын аткарып жаткан. Алар өмүрлөрүн тобокелге салып, чет өлкөлөрдө кызмат өтөп келишкен. Бирок бүгүн өз үйлөрүндө күтүлбөгөн зомбулукка туш болушту.

Баш калаадагы бир катар спорт мелдештери жана маданий иш-чаралар кийинкиге калтырылды.

Акыркы жолу мындай массалык адам өлтүрүү АКШда былтыр декабрда болгон. Анда Ньютаун шаарындагы мектепте 27 киши, анын ичинде 18 бала мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG