Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

“Атлантис” космос чөлмөгү Жерге акыркы жолу конду


Космос чөлмөгүнүн сапары карыды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00
Түз линк

АКШнын "Atlantis" космос чөлмөгү 21-июлда жерге аман-эсен кайтып, Флоридадагы Кеннеди космос борборуна келип конду. Ошентип, НАСАнын 30 жылдан ашуун өмүр сүргөн космостук чөлмөк программасы соңуна чыкты. Reuters. 21.7.11.

АКШнын "Atlantis" космос чөлмөгү 21-июлда орбитадан Жерге кайтып, Флорида штатындагы Кеннеди космос борборунун майданына келип конду. Ошентип, АКШнын космосту иликтөө агенттигинин өткөн кылымдан бери жүзөгө ашырылып келген "космостук чөлмөк" программасы соңуна чыкты.

Бул окуяны бүт дүйнө жүзүндө кызыгуу жана астронавттардын өмүрү үчүн кабатырлануу менен байкап турушту.

Бул 13 күндүк сапар АКШнын космосту иликтөө агенттиги - НАСАнын 30 жылдан ашуун убакытты камтыган "космостук чөлмөк кемелер" (Space Shuttle) долбооруна биротоло чекит койду.

Мурда “Атлантистен” башка “Дискавери” жана “Индевор” чөлмөк кемелери да “тарыхый ардагердикке” чыгышкан.

Космосту багындыруу доорун узатуу

“Атлантис” чөлмөгү космоско 33 жолу учуп, 4848 жолу Жер планетасын айланган.

НАСА жакынкы бир нече жыл ичи жеке ишканалар адамдарды космоско ташуу максатында жаңы кемелерди ойлоп табат деп үмүттөнөт.

“Атлантистин” акыркы сапары америкалык космонавтика үчүн сокку болду. Космосту багындырган бүтүндөй бир доордун эшиги жабылды. Бир нече күндөн кийин үч миңдей адам жумушсуз калат.

НАСАнын Космостук чөлмөк кемелер программасынын мурдагы менежери Уэйн Хейл үчүн да бул кайгылуу күн.

- Менин эң чоң өкүнүчүм - бул кеменин “мураскорун” убагында кура албагандыгыбыз. Бул АКШнын же бүткүл дүйнөнүн жеңилиши. “Атлантистен” ылдамыраак, жакшыраак, коопсузураак кеме кура алган жокпуз. Биз эми курганы жатабыз, бирок эски чөлмөктүн ("шаттл") иштебей калышы менен жаңы кеменин ишке кирген учурунун ортосунда бир нече жыл тыныгуу пайда болууда.


"Атлантис" (Atlantis) космос чөлмөгү Кеннеди борборунун майданына конуп жаткан учур. Флорида, АКШ. AP. 2011-жылдын 21-июлу.
Космостук чөлмөк кемелер боюнча долбоор расмий түрдө август айында жабылат, бирок долбоордун толук жабылышына эки жыл кетет.

Өзүнүн "космостук одиссеясын" ийгиликтүү жыйынтыктаган “Атлантис” чөлмөгү болсо эми АКШнын Кеннеди космос борборунун музейинде жайгашып калмакчы.


Долбоордун 30 жылдык тарыхында орбитада 5 америкалык чөлмөк кеме иштеди. 2 жолу жаман окуя болгон – “Челленжер” чөлмөгү учуп бара жатканда, ал эми “Колумбия” чөлмөгү конуу үчүн орбитадан Жерге сүңгүп келген учурунда жарылып кеткен.

НАСАнын расмий өкүлү Кайл Херринг билдиргендей, “Атлантис” чөлмөгү космосто көптөгөн маанилүү милдеттерди аткарган.

Орусия – космостогу монополист

Ошентип, жакынкы келечекте Орусия космоско учуу жаатында монополистке айланат.

Орусиялык "Союз TMA-02M" кемеси учуп чыкканда түнкү асманда калтырылган из. Байкоңур, Казакстан. Reuters. 08.6.2011.

Космос чөлмөк кемелери боюнча долбоордун жабылышы менен, АКШ космоско келечектеги 3-4 жыл ичинде астронавттарды өзү өз алдынча жибере албайт.

Биринчи жылдары эл аралык космос бекетинин ишин орусиялык “Союз” кемелери камсыздап турмакчы.



Космоско саякаттоо үчүн жаңы кемелер курулат

План боюнча, космостук саякат базарында келечекте коммерциялык ишканалар иштеп, НАСА билет кана сатып алып турат. Жаңы аппараттар улам кайра космостон кайтып келчү чөлмөктөрдөн арзан жана жөнөкөйүрөөк болчудай.

Космосту иликтөөнүн мындай ыкмасы башка долбоорлорго (космонавттарды Айга, Марска учуруу ж.б.) көбүрөөк акча жумшоого мүмкүнчүлүк ачат.

Окуучулар НАСАнын болочокку "Орион" (Orion) космос кемесинин сынактык макети менен таанышууда. Вашингтон, АКШ. AFP. 30.3.2009.

Учурда АКШда “Орион” деген жаңы деңгээлдеги космостук кеме иштелип жатат.

АКШнын Конгресси бул жаңы кеменин техникалык параметрлерин аныктап койду. Ал эми НАСА "бул долбоорду жүзөгө ашырууга мүмкүн" деп жооп кайтарып, болочокку космостук кеменин туңгуч калыптык үлгүсүн үстүбүздөгү жайдын соңунда жасап бүтүү үчүн алпурушууда.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG