Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Сирия оппозициясы АКШдан жардам алат


Сириялык качкындар
Сириялык качкындар

АКШ өкмөтү Сирия оппозициясына алгачкы ирет акчалай жана материалдык жардам көрсөтө турган болду. Римдеги кечээги жыйында айтылгандай, Кошмо Штаттардын чечими президент Башар Асаддын режимине кысым күчөтүлөт дегенди каңкуулайт. Сирия козголоңчулары Асаддын бийлигин кулатууга аракеттенип жатканына туура эки жылга аяк басты.

Мамлекеттик катчы Жон Керри АКШ Сирия оппозициясына “согуштук эмес” жардамды биринчи ирет түз бере турганын “Сирия достору” тобуна кирген өлкөлөрдүн кезектеги кеңешмесинин соңунан жарыялады:

- Кошмо Штаттар чечимге кырдаалды эске алуу менен келди. Президент (Барак Обама) азык-түлүктү жана дары-дармекти эми оппозицияга, анын ичинде Сирия оппозициясынын Жогорку аскерий кеңешине да жайылтат. Демек аларга адам өмүрүн кыйбай турган жардам түз берилет. Кошмо Штаттар чара көрүү чечимине Ирандын жана "Хезболланын" чет элдик согушкерлерине таянган аскер күчтөрүнүн мыкаачылыгынын натыйжасында келди. Мунун баары Сирияга коркунуч туудурууда.

Римдеги кеңешмеге оппозициянын Сирия Улуттук кеңеши, АКШ, Түркиядан тышкары Европа жана араб мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.

АКШ Сирияда жаңжал чыккандан бери өз гуманитардык жардамын оппозицияга эмес, калкка берип келген жана “Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай акыркы эки жылдагы ал жардамдын акчалай көлөмү 365 миллион долларга барабар болду.

Жардамдын максаты

Эми оппозицияга берилүүчү “согуштук эмес” жардам деген түшүнүккө унаа жана байланыш каражаттары жана башка жабдуулар кирип кетиши мүмкүн. Ал эми оппозицияга курал бербей турганын Обама администрациясы айтып келүүдө.

“Нью Йорк Таймс” белгилегендей, АКШ администрациясынын оппозицияга жардам көргөзүүдөгү башкы максаттарынын бири – ал өкмөттүн милдеттерин аркалап, эл ичинде ишенимге арзышы.

"Сириянын достору" жыйынынын катышуучулары
"Сириянын достору" жыйынынын катышуучулары
Акыркы кездери америкалык расмий өкүлдөр президент Асадга каршы көтөрүлгөндөрдүн экстремисттик бөлүгүнөн, атап айтканда ал-Нусра Майданына байланыштуу кооптонууларын айтып келген.

Анткени АКШ “ал-Каида” менен байланышта турат деп эсептеген бул уюм Сириянын бир бөлүгүн көзөмөлдөп, өз бийлигин “Хезболла” уюму коңшу Ливанда жасагандай элге коомдук кызматтарды тартуулоо менен бекемдейби деген кооптонуулар бар.

Экстремисттик топтордун мүдөөсүн жана ыктымал бийлигин мокотуу үчүн АКШ Сирия оппозициясынын Улуттук кеңешине колдоо көрсөтүп, алар Асаддын өкмөтүнүн көзөмөлүнөн чыгып кеткен аймактарда элге коомдук кызматтарды көргөзүүнү уюштуруусу үчүн жардам бергени жатат.

Мамлекеттик катчы Жон Керри Римдеги жыйындын артынан бул максатта Сирия оппозициясынын Улуттук кеңешине 60 миллион доллар бөлүнөөрүн ырастап, төмөнкүлөргө токтолду:

- Кошмо Штаттар жана бул жерге өкүлдөрү келген мамлекеттердин баары Сирия оппозициясы тынч, өткөөл мезгилди ийгиликтүү башкара алат деген ишенимде. Бирок алар муну жалгыз-жарымдап жасай албайт. Алар баарыбыздын колдообузга муктаж жана алар Башар Асадды башка чечимдерди кабыл алдыруусу абзел.

Алеппонун талкаланган көчөлөрү
Алеппонун талкаланган көчөлөрү
Баяндамачылардын пикиринде, АКШ администрациясынын Сирия оппозициясына көрсөтүүчү жардамынын дагы бир максаты - саясий өткөөл жараян боюнча сүйлөшүүлөргө түрткү берүү жана Асадга акыр-аягында козголоңчулар үстөмдүк кылаарын каңкуулоо.

Римдеги кеңешменин алдында мамлекеттик катчы Жон Керри Сирия Улуттук кеңешинин төрагасы Моаз ал-Хатиб менен кездешти. Сирия оппозициянын бирдиктүү уюмун жетектеген Хатиб адегенде Римдеги жыйынды бойкоттоорун айтып, муну дүйнө Сириядагы кыянатчылыктарга көз жумуп жатканы менен түшүндүргөн. Бирок ал турумун АКШ менен Британия бул ирет конкреттүү жардам боюнча убада берилерин ишара кылгандан кийин өзгөрттү.

БУУнун эсебинде, эки жылга аяк баскан Сирия жаңжалында 70 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Катталган качкындар саны март айында бир миллиондон ашып кетери күтүлүүдө.

Качкындар иши боюнча жогорку комиссар Антонио Гутеррес билдиргендей, ушул шейшембиге карата Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүндө катталган сириялыктардын саны 936 миңге жеткен. Бул он ай мурдагыдан 30 эсеге жакын көптүк кылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG