Бир нече күн мурун Нью-Йорк шаарынын соту аны зордуктоо аракети үчүн айыптаган аялдын көрсөтмөлөрү күмөн туудураарын, ал буга чейин бир нече жолу калп айтканын жүйө келтирип, Стросс-Канды үй камагынан бошоткон. Арийне, сот иши кыскартыла элек, ал толугу менен акталды деп айтууга азырынча эрте.
Бир аз жеңилдей түшкөн экс-төраганы эми Францияда сотко бергени жатышат. 32 жаштагы жазуучу жана журналист Тристан Банон 2003-жылы ал кезде министр болуп турган Стросс-Кандан интервью алганы барган жеринен жагымсыз окуяга кабылганын ырастоодо.
Ал 2007-жылы бир жогорку кызматкер аны зордуктоого аракеттенгенин телеберүүдө айтып, бирок атын атаган эмес.
Банондун сотко кайрылуу чечимин анын адвокаты Давид Кубби бышыктады:
- Тристан Банон мага берген тапшырма айдан ачык. Зордуктоо аракетине байланыштуу Доминик Стросс-Кан мырзага каршы иш козгоо арызын беребиз. Ал окуя 2003-жылы болгон жана мындай кылмыштарга мүнөздүү чектен чыккан зомбулук менен коштолгон.
Адвокат: "Нью-Йорктогу иштен айырмаланып, биздин далилдерибиз күчтүү", - деди.
Ал кезде стажер болуп иштеп жүргөн жаш журналисттин айтымында, Стросс-Кан Париждеги батиринде анын ички кийимин тытып ыргытып, шымын чечүүгө аракеттенген. 4-июлда “Экспресс” гезитине курган маегинде Банон агрессорун тээп, эптеп бошонуп качканын айтып берди.
Ал ошондо жаштык кылып, энесинин тилин укканын айтат. Журналисттин энеси – Анн Мансуре (Стросс-Кандын социалисттик партия боюнча жакшы таанышы) кызын сотко арыз берүүдөн айнытып койгонуна азыр өкүнөт.
Франциянын мыйзамдарына ылайык, зордуктоо аракети боюнча арыз менен окуя болгондон 10 жыл өткүчө кайрылса болот. Банон Стросс-Кан Нью-Йоркто кармалган 14-майда эле сотко арыз берээрин билдирген. Анын күнөөсү далилденсе, саясатчы 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.
Стросс-Кандын адвокаттары жооп иретинде журналистти жалаа жабуу үчүн сотко беришээрин ырасташты.
Нью-Йорктогу сот экс-төраганы үй камагынан бошотуп, айыптап жаткандардын туруму солгундай түшкөндө Стросс-Кан чоң саясатка кайтат экен деген имиштер айтыла баштаган.
Сотко чейин ал социалисттердин атынан президенттикке көрсөтүлө турган күчтүү талапкер болот деп күтүлгөн эле. Сурамжылоолор Стросс-Кан президент Николя Саркозини жеңиши мүмкүн деп көргөзүп келген.
Бирок партиянын маалымат катчысы Бенуа Амон 4-июлда билиргендей, Стросс-Кандын эмки жылы президенттикке ат салышаары өтө күмөн. “Ипсос” борбору өткөргөн сурамжылоого ишенсек, катардагы француздардын 51 пайызы анын саясий келечеги жок эсептешет.