Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:00

АКШ менен Түркия бири-биринин жарандарына виза берүүнү убактылуу токтотту. Эки тараптын мындай чечимдери алдында Кошмо Штаттардын Стамбулдагы консулдугунун жергиликтүү кызматкери тыңчылык кылды деген айып менен камакка алынганы белгилүү болгон.

Вашингтон менен Анкаранын бул жолку дипломатиялык тиреши 8-октябрда АКШнын Түркиядагы элчилигинин жарыясынан кийин башталды.

Элчилик Түркиянын жарандарына иммиграциялык эмес виза берүүнүн токтотулушун “Түркия өкмөтүнүн АКШнын дипломатиялык миссиялары менен алардын кызматкерлеринин коопсуздугу боюнча милдеттенмелерин кайра кароо”, - деп түшүндүрдү.

Түркия да АКШнын кадамына ошол эле күнү жооп кайтарып, алар америкалык жарандарга виза берүүнү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн баарында токтотконун ырастады.

Түркиялык медианын кабарларына караганда, АКШ консулдугунун 4-октябрдан тарта камакка алынган Метин Топуз ысымдуу кызматкери Кошмо Штаттардагы диниятчы Фетхулла Гүлендин тобу менен байланышы бар деп айыпталып жатат. Ага “Конституцияны бузган”, “өкмөттү кулатууга аракеттенген” деген айып коюлган.

АКШ консулдук кызматкерине тагылган айыптарды “негизсиз”, “эки өлкөнүн өнөктөштүк мамилесин бузуучу” деп атады.

Анкара АКШда бозгунда жашаган диниятчы Фетхулла Гүленди былтыркы аскерий төңкөрүш аракети артында турат деп санагандыктан аны өткөрүп берүүнү талап кылып келет.

Жакында эле президент Эрдоган Гүленди Түркияда кармалган америкалык христиан диниятчы Эндрю Брансонго (Andrew Brunson) алмаштырууну сунуштаган:

​- Алар пасторду өткөрүп бергиле деп жатышат. Силерде да бир пастор отурат го. Бергиле аны, биз да өткөрүп берүүгө аракеттенебиз. Силерде сот бар, ал эми бизде жок бекен? Биздеги пастор сотто, силердики андай эмес. Фетхулла Гүлен Пенсильваниядагы ак сарайда жашоодо. Аны жеңил эле, азыр эле дароо бере аласыңар.

Эрдоган бул сөздөрдү айтар алдында өткөн айда АКШда болуп, БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйындары учурундагы эки тараптуу жолугушууда президент Дональд Трамп ортодогу бир катар пикир келишпестиктерге карабай эки өлкөнүн карым-катышын улуу достук деп мүнөздөгөн эле.

Башка Батыш өлкөлөрүнүн катарында АКШ да буга чейин түрк бийлигинин былтыркы аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки чараларын, куугунтуктоолорун сынга алган болчу.

Вашингтон мурдараак Анкара Гүлендин аскерий төңкөрүш аракетине катышы бардыгы боюнча жетиштүү далил бере албагандыгын да билдирген.

Гүлен өзү түрк бийлигинин ырастоолорун төгүндөп, тескерисинче, президент Эрдоганды “диктатор” деп сынга алып жүрөт. Ал быйыл июлдагы маектеринин биринде буларды айткан:

​- Балким ал азыр жасап жаткандарын токтотот. АКШдан, Европа Биримдигинен, Европарламенттен, Брюсселден “сиз туура эмес иш кылып жатасыз”, “силердин сот системаңар иштеген жок” деген катуу сөз айтылса, бийликте калыш үчүн ал балким көз карашын өзгөртөт. Бирок мен мындай болот деп ойлобойм. Мен эч качан төңкөрүштү колдогон эмесмин, өзгөрүү керек болсо, ал шайлоо аркылуу ишке ашуусу керек. Демократия зыян тартпаганы маанилүү.

Пикир келишпестиктердин тизмеги

Гүлендин тагдырынан башка НАТО боюнча өнөктөш АКШ-Түркия ортосунда Сириядагы күрт кошуундары – YPG боюнча да пикир келишпестик бар.

Сириядагы күрттөрдүн бул кошуунун АКШ “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштөгү башкы өнөктөш десе, Анкара аларды тыюу салынган Күрт Жумушчу партиясы – ПККнын бир канаты деп санайт.

Мындан сырткары АКШда президент Режеп Тайып Эрдогандын 15 сакчысына айып тагылган. Алар Эрдогандын быйыл май айында Вашингтонго жасаган сапары учурунда Түркия элчилиги сыртына чогулган демонстранттар менен мушташканы үчүн айыпталууда.

Президент Эрдогандын сакчылары демонстранттар менен мушташкан учур. Вашингтон, 16-май, 2017-жыл.
Президент Эрдогандын сакчылары демонстранттар менен мушташкан учур. Вашингтон, 16-май, 2017-жыл.

Буларга кошумча өткөн айда АКШда Түркиянын мурдагы экономика министри, азыр парламент депутаты Мехмед Зафар Чаглаянга жана мамлекет карамагындагы банктын үч жетекчисине: мурдагы башкы менеджери Сулейман Аслан, анын орун басарлары Левант Балкан жана Мехмет Хакан Атилла да айыпталып жатат. Булардын ичинен Мехмет Атилла учурда АКШда камакта отурат.

Алар санкциялык мыйзамдарды бузуп, Иранга АКШнын каржы системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берген схемаларды түзүүгө жардамдашып, жашырганы үчүн миллиондогон доллар параны накталай акча жана зергер буюм түрүндө алган деп айыпталып жатышат.

Америкалык тергөөчүлөрдүн бүтүмүнө караганда, Түркиянын Halkbank банкы 2010-2015-жылдардын аралыгында Иранды чет элдик валюта жана алтын менен мыйзамсыз камсыздоону жаап-жашырууга көмөктөшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG