Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

АКШ Сирияга элчи жиберет


Сириянын президенти Башар Ал Ассад (солдо) менен АКШнын Мамкатчысынын саясий иштер боюнча өкүлү Уилиям Бөрнстүн сүйлөшүүлөрү ортодогу "караңгылыкты" жарык кыла алабы?
Сириянын президенти Башар Ал Ассад (солдо) менен АКШнын Мамкатчысынын саясий иштер боюнча өкүлү Уилиям Бөрнстүн сүйлөшүүлөрү ортодогу "караңгылыкты" жарык кыла алабы?

АКШнын президенти Барак Обама Сирияга элчи жибере турган болду. Беш жыл мурда Вашингтон Дамаск менен дипломатиялык алакадан баш тарткан эле. Азыр эми Жакынкы Чыгыштагы маанилүү өлкө менен мамилени кайра оңдогонго аракет кылган АКШ эмнеден үмүт артып жатат?

АКШ Сирия менен алакага барат деген ой мындан эки эле жыл мурда акылга сыйбай турган нерседей көрүнгөн.

Буга чейинки президент Жорж Буштун тушунда Вашингтон Сирияны коркунучтуу мамлекеттердин тизмесине кошкон эле.

Америкалык дипломат Роберт Форд Дамаскка элчи болуп дайындалаарын Ак Үй шейшембиде кабарлады. Анын эртеси Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Уиллиям Бөрнс Дамаскта президент Башар Ал Ассад менен жолугушту. Сүйлөшүүдөн кийин Бөрнс “эки мамлекет мамилени оңдой алаарына ишеним жаралганын” айтты.

Жаңыртылган стратегия

Америка өзүнүн Сириядагы элчисин беш жыл мурда Ливанда мурдагы премьер-министр Рафик Харири өлтүрүлгөндөн кийин чакыртып алган. Анткени Вашингтон Хариринин өлүмүнө коңшулаш Сирия тийиштиги бар деп ишенген.

Сирия муну четке какты. Бирок Жорж Буштун администрациясы Дамаскты “терроризмди колдоп, массалык кыргынга салуучу куралды таркатууга жардам берип жатат” деп, ага каршы экономикалык санкция киргизген.

Былтыр майда ошол санкциянын мөөнөтүн жаңы президент Обама да узартты. Сирия азыр деле Палестинадагы “Хамас”, Ливандагы “Хезбалла” топторун колдогону үчүн, Вашингтондун “кара тизмесинде” турат. Бирок көптөр Обаманын санкцияны узартуу боюнча чечимин жөн гана “символикалык кадам” деп баалашты. Анткени Обаманын тышкы саясатынын маани-мазмуну мусулман мамлекеттери менен алаканы жакшыртууда экени айтылган.

Тышкы саясаттагы бул кадамды, бир четинен, адам укугун коргоочулар, экинчи жагынан, республикачылдар сындап жатышат. Анткен менен Обаманын администрациясы бул аракет прагматикалык саясатка негизделгенин айтууда. Жаат-жаат болуп араздаша бергенден пайда жок дешет алар.

Дипломат Фордду Сирияга элчи кылып жиберүү сунушун эми Сенат карап, добушун бериши керек. Сенаторлордун арасында буга каршы чыккандар аз эмес. Анткен менен беш жылдык тыныгуудан кийин, азыр эми Сирия Жакынкы Чыгыштагы эң таасирдүү күчкө айланганын эч ким тана албай калды.

Үстөмдүк эмес, диалог

Теги сириялык саясий эксперт Мурхаф Жужати азыр Вашингтондо Жакынкы Чыгыштагы Тынчтык институтунда иштейт. Анын ишениминде, Американын Сирияга каршы санкциясы күтүлгөн жыйынтыкты бербеди. “Санкция Сирияны алсыздандырбай, тетирисинче анын региондогу маанисин арттырды”, - дейт ал.

"Сирия – Жакынкы Чыгыштагы негизги оюнчу, - дейт саясий аналитик. - Ал Ливанга да, израил-палестин карама-каршылыгына да, Иракка да таасир эте алат. Сириядагы режимди өзгөртүп, керек болсо, ага каршы күч колдонуп, же санкция киргизүү өңдүү аракеттерден эч кандай майнап болбоду".

Сириянын Иран менен тыгыз мамилеси Вашингтонго жакпай жатканы белгилүү. Бирок эксперттин айтымында, Дамаск Вашингтон менен мамилени жакшыртыш үчүн Тегеран менен достугунан баш тартпай турганы да айкын.

Канткен күндө да азырынча Обама Сирия менен мамилени жакшыртууга жасап жаткан аракети “үстөмдүк саясатынын оордуна диалогдун мезгили келгенин көрсөтөт” деп ишенет эксперт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG