Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Путин - АКШ шайлоосундагы башкы тема


Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Орусия темасы талапкерлер таймашында алдыңкы орунга чыгууда.

Хиллари Клинтон атаандашы Дональд Трампты Владимир Путинге жакын деп сындаса, Трамп өз кезегинде Путинге каршы турууга Клинтондун кудурети жетпейт деп жообун берди.

Дүйнөдөгү эң кубаттуу жана экономикалык жактан күчтүү өлкөдө президенттик шайлоо 8-ноябрда болот. Азыркы кезде Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон менен Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамптын ортосунда айгышкан күрөш жүрүүдө. Бул күрөштө буга чейин Клинтон айым популярдуулугу боюнча алдыда келаткан болсо, акыркы мезгилде Трамп андан алдыга озо баштады.

CNN телеканалынын шейшембидеги кабарлоосу боюнча, акыркы сурамжылоодо шайлоочулардын 45% Дональд Трампка добуш берерин билдирсе, 43% Хиллари Клинтонду жактаган. 2% айырма азырынча Трамптын пайдасына ойноп жатат.

АКШда шайлоочулардын добушу үчүн күрөштө Орусия президенти Владимир Путин жана анын саясаты негизги темалардын бирине айланууда. 6-сентябрда Виржинияда үгүт жүргүзгөн Дональд Трамп Хиллари Клинтон орус президенти Владимир Путин сыяктуу катаал каршылаштарга каршы туруштук бере албайт деди:

- Сиздер билгендей, Хиллари Орусия менен катаал “ойногонду” жактайт. Путин болсо аны карап, мыйыгынан күлөт.

Дональд Трамп Иракта “Ислам мамлекети” террордук уюмунун пайда болушу жана өрчүшү үчүн да президент Барак Обама, ал кездеги анын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонду айыптады. Иран боюнча жетишилген ядролук келишимди сындаган Трамп аны Жон Керри жана Хиллари Клинтондун компетентсиздигинин жемиши катары баалады.

Дональд Трамп Хиллари Клинтонду дагы бир катар маселе боюнча сынга алып, Клинтон аны сыноо менен көп алектенип, өлкөнү өнүктүрүү, маселелерди кандай чечерин айтпай жатат деди.

Дональд Трамптын мындай сынынан бир күн мурун Хиллари Клинтон Орусия АКШдагы президенттик шайлоого киберчабуул аркылуу таасир этүүнү көздөөдө, ага Трамп шыкак берүүдө деп айыптаган эле. Клинтон ошондой эле Трампты Путинге жакын деп сындаган:

- Трамп Путиндин саясаты боюнча тилектештигин өтө эрте жарыялап жиберген. Мен анын «АКШ НАТОнун курамынан чыгат» деген билдирүүсүн айтып жатам. Анын үстүнө Трамп орус президентин мактаганын койбоду. Путин сыяктуу диктаторлорго анын өзгөчө бир кызыгуусу бар окшойт.

Хиллари Клинтон менен вице-президенттик үчүн шайлоого бараткан Тимоти Кейн Клинтонду коргоп, Клинтон орус президенти менен теңтайлаша аларын далилдеген деп билдирди. Мисал катары ал, Клинтондун мамлекеттик катчы кезинде ядролук куралды кыскартуу жана Сириянын химиялык куралын жок кылуу боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүн жана жетишилген келишимдерди атады. Кэйн "Дональд Трамп, тескерисинче, “Америка кызыкчылыгына каршы келген Орусиянын кызыкчылыктарын колдоп жаткандай” деп кошумчалады Түндүк Каролинада сүйлөгөн сөзүндө.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябов АКШ президенттигине талапкерлердин Орусия боюнча өйдө-ылдый сөздөрүн “күлкү келээрлик” деп атады "Интерфакска" 6-сентябрда жарыяланган интервьюсунда. Батыш Европадагы кээ бир саясатчылар АКШдагы талапкерлердин бирин ачык эле колдоого алууда, алардан айырмаланып Орусия бейтараптыгын сактоодо деп белгилеген Рябов.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG