Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Жон Керри Сенатта алгачкы сынактан өттү


АКШ Мамкатчылыгына көрсөтүлгөн Жон Керриге Сенаттын профилдик комитетиндеги угуу алдында азыркы мамкатчы Хиллари Клинтон колдоосун билдирди. 25-январь 2013
АКШ Мамкатчылыгына көрсөтүлгөн Жон Керриге Сенаттын профилдик комитетиндеги угуу алдында азыркы мамкатчы Хиллари Клинтон колдоосун билдирди. 25-январь 2013

24-январда Жон Керри Сенаттын эл аралык мамилелер комитетинде АКШнын тышкы саясатына байланыштуу суроолорго жооп берди.

Аталган комитет республикачыл жана демократ мүчөлөрү 69 жаштагы Жон Керринин АКШнын тышкы саясатын жетектөөсүн жалпысынан макул көрүштү.

Демократ-сенаторду Мамдепартаменттин башчылыгына президент Барак Обама сунуш кылган. Себеби акыркы төрт жылда мамкатчылык кылган Хиллари Клинтон өз ыктыяры менен кызматтан кетерин өткөн жылдын аягында эле эскерткен.

Жон Керри Сенаттын комитетиндеги талкууда тышкы саясатта президент Обама менен санаалаш экенин көрсөттү. Ал “тышкы саясат пилотсуз учактар жана согушка аскер жөнөтүү менен эле эмес, бөтөн өлкөлөргө гуманитардык жардам берүү, климаттын жылышы, азык-түлүк коопсуздугу жана башка маселелерде АКШ көч башында жүрүүсү” менен аныкталарын баса белгиледи.

Биздин милдеттибизди эске салып, сааттын жебеси кагууда.
Жон Керри

Демократ Керри 28 жыл мурда Сенаттын мүчөсү болуп шайланган. Вьетнам согушуна катышып келгенден кийин, 1971-жылы согушка каршы ветерандар тобун башчысы катары Сенаттын Эл аралык алакалар комитети алдына урушка каршы сүйлөгөн. Ал эми акыркы төрт жылда ушул комитетти жетектеди.

Сенатта иштеп жүрүп, талкуу учурунда кесиптештеринин бири айткандай, тыш өлкөлөргө 90 жолу жумуш сапары менен барган. Усама бин Ладен жок кылынгандан кийин Ак үйдүн тапшырмасы боюнча Пакистан менен мамилени жакшыртуу үчүн бир нече ирет Исламабадга барган. Президент Обама сыяктуу эле Ирак менен Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүүнү жактайт.

Cенавтор Жон Керри Исламабаддагы пресс-конференцияда. 16-май 2011
Cенавтор Жон Керри Исламабаддагы пресс-конференцияда. 16-май 2011
Жон Керри 4 саатка жакын созулган угууда АКШ насыя лимити боюнча Конгресстеги талаштын зыянына көңүл бурду. Ал фискалдык тирешүүлөр анын тышкы саясатты ишенимдүү жүргүзүүсүнө кедергиси тиерин эскертти:

- "Биз дүйнөдө күчтүү боло албасак, үйүбүздө күчтүү боло албайбыз", деп көп айтылат. Азыркы фискалдык кризис учурунда биз өз үйүбүздө күчтүү болбосок, дүйнөдө күчтүү боло албайбыз. Бизнестин дипломат катары менин ишенимине жана өлкө катары биздин ишенимибизге, ошондой эле бөтөн өлкөлөргө тартипти орнотууга көмөктөшүүбүзгө таасир этчү биринчи милдети - Американын өз фискалдык үйүн создуктурбай тартипке салуу.

Керри АКШ жана башка өлкөлөр дипломаттык майданда ийгиликке жетээрине ишенгенин, Ирандын ядролук программасы Вашингтон “кечиктирбей чечүүчү суроолордун" арасында экенин белгиледи. Ошондой эле Тегерандын ядролук куралдуу болушуна жол бербөө үчүн Вашингтон зарыл иш-чараларды жасайт деди:

- Биздин ядролук куралдарды жайылтпоого эбегейсиз кызыкканыбызды эске алуу менен, Ирандын ядролук программасына байланыштуу суроолорду чечип алышыбыз абзел. Президент Барак Обама “Ирандын ядролук куралга жеткирбөө үчүн эмне зарыл болсо жасайбыз”, - деп даана айтты. Мен бул жерде бүгүн "биздин саясатыбыз ооздуктоо эмес, алдын алуу" деп айтам. Биздин милдеттибизди эске салып, сааттын жебеси кагууда.

Эгер Ирандын ядролук программасы алар ырастагандай тынчтык максатын көздөсө, анысын "ачык тастыктап берсин" деп кошумчалады Жон Керри.

Айрым республикачыл сенаторлор Обаманын өкмөтүн Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы элдик козголуштар кезде пассивдүү болду деп күнөөлөштү. Керри Ак Үйдү “акыл калчап иш жүргүздү", деп коргоого алды.

Ал Вашингтон-Москва мамилеси акыркы жылдары осолдоп кеткенин, бирок эки жак Иран маселесинде кызматташып жатканын, Сириядагы чатакты басууда Орусиянын көмөгү керек экенин жана өз ара мамиле жакшырарына ишенгенин айтты.

Жон Керринин мамкатчылыкка талапкерлиги боюнча Сенаттын комитети январдын аягында добуш берет.

XS
SM
MD
LG