Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Иранда айыпталган америкалыктар "барымтада" кармалганын айтууда


Сара Шоурд, Шэйн бауэр жана Жош Фэттал пресс-конференциядан кийин, Нью-Йорк, 25-сентябрь, 2011-жыл
Сара Шоурд, Шэйн бауэр жана Жош Фэттал пресс-конференциядан кийин, Нью-Йорк, 25-сентябрь, 2011-жыл

Тыңчылык үчүн айыпталып, Тегеран түрмөсүндө эки жыл отуруп чыккан америкалык эки жаран мекенине кайтып келди.

Жош Фэттал жана Шэйн Бауэр Иран режиминин ырайымсыздыгын жон териси менен сезишкенин айтып беришти.

Фэттал, Бауэр жана Сара Шоурд 2009-жылы Ирак-Иран чек арасындагы тоолорду жөө аралап жүргөн жеринен камакка алынган. Шоурд бир жылдай мурун 500 миң доллар күрөөгө коё берилген.

Өткөн айда Фэттал менен Бауэр Тегеранда өткөн жабык сотто 8 жыл түрмөгө кесилген. 21-сентябрда 1 миллион доллар күрөө төлөгөндөн кийин бошотулуп, жекшембиде АКШга кайтып барышты. Вашингтон алар тыңчылык кылышкан деген айыпты четке кагып келди.

25-сентябрда Нью-Йоркто өткөн пресс-конференцияда экс-туткундар алардын иши башынан аягына чейин Иран режими тарабынан бурмаланган деп билдиришти:

- Эң башынан эле биз барымтага түшкөнбүздү түшүнгөнбүз. “Барымта” - бул жерде эң туура сөз. Себеби эч кандай күнөөбүз жок экенин билип туруп эле Иран өкмөтү бул ишти АКШ менен саясий талашка байланыштырып койгон, - деди Фэттал.

Америкалыктарга тыңчылык жана Ирандын аймагына мыйзамсыз кирүү деген айып тагылган. Алар чындап эле Иранга кирип кетишкенби же Ирактын бөлүгүнөн кармалып кетишкенби, азыркыга чейин айта алышпайт. Эки өлкөнүн ортосунда ал жерде белги жок, ирандык жоокер бизди бери келгиле деп чакырган, - дейт Баэур.

- Биз так айткыбыз келет. Бул жерде кеп Ирак-Иран чек арасынан өтүү жөнүндө эч качан болгон эмес. Бизди улутубуз үчүн кармап жатышты.

Экөө Иран президенти Махмуд Ахмадинежад БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко аттанаардын алдында эркиндикке чыгарылды. Ахмадинежад муну гуманитардык кадам деп атады.

Фэттал аларды жана Эвин абагындагы башка туткундарды кармоо шарты гуманизмден өтө алыс дейт. Алар жакындарынан кат алуу үчүн бир нече жолу ачкачылык жарыялашканын, коңшу камералардан токмоктологон туткундардын добуштарын угушканын, 3 ай тар, алакандай камерада отурушканын айтып беришти. Түрмөдөгү 781 күндүн ичинде туугандары менен сүйлөшүү үчүн 15 мүнөт гана берилип, бир жолудан апалары менен жолугушуу уруксат этилген экен.

Бауэрдин айтымында, аларга жасалган мамилеге даттанышканда кайтаруучулар ЦРУнун жашыруун абактары, АКШнын Гуантанамо Бэй түрмөсүндөгү шарттарды эске салып жатышты.

Гуантанамо Бэйдеги адам укуктарынын бузулушу бизди андай катаң шартта кармоону эч актабайт, - деди америкалык жаран.


Феттал: Бизди "барымтада" кармашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

XS
SM
MD
LG