Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Трамп Аббасты Ак үйгө чакырды


Махмуд Аббас
Махмуд Аббас

АКШ президенти Дональд Трамп палестин лидери Махмуд Аббасты тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу маселесин талкуулоо үчүн Ак үйгө чакырды. Буга чейин Вашингтонго Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху барган эле. Израил жана Палестина тынчтык сүйлөшүүлөрүндө АКШнын азыркы администрациясы тушунда мунаса таба алабы?

АКШ президенти Дональд Трамп менен Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас өткөн жума күнү телефондон сүйлөшкөнүн Ак үй да, палестин тарап да ырастады. Бул палестин жетекчилигинин АКШ президенттигине Дональд Трамп келгенден бери аны менен алгачкы түз байланышы болду.

Палестин президенти Махмуд Аббаска тынчтык сүйлөшүүлөрдүн келечегин талкуулоо үчүн Ак үйгө келүү чакырыгы мына ушул телефон сүйлөшүүсү учурунда айтылган.

Абасстын басма сөз өкүлү Набил Абу Рдейне "Рейтер" агенттиги менен маегинде АКШнын азыркы администрациясы менен түзүлүп жаткан байланыштын алар үчүн маанисин мындайча чечмеледи:

- Бул абдан маанилүү жана ачык-айкын сүйлөшүү болду. Президент Аббасты Ак үйгө Трамп чакырды. Эгер израилдиктер даяр болсо, биз президент Трамп жана Израил өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жандандыруу маселесин талкуулоого даярбыз. Биз америкалыктар, президент жеке өзү да биз буга чейин дилгирленип келген адилеттүү макулдашууну көздөйт деп үмүттөнөбүз. Президент Аббас Ак үйгө жакын арада барып, жаңы доор башталат.

Ак үй өткөн жума күнкү телефон сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдиргендей, анын жүрүшүндө президент Трамп Аббаска ал тынчтык келишимин тикелей Израил менен талкуулоосу керектигин, ал эми Кошмо Штаттар бул максатка жетүү үчүн эки тарап менен тыгыз иштеше турганын айткан.

Палестина менен Израилдин отосундагы тикелей сүйлөшүүлөр акыркы жолу 2014-жылдын апрель айында үзгүлтүккө учураган эле.

Палестин тарап Израил талаш аймактарда конуш куруу саясатын улантып жаткан шартта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү маңызсыз деп эсептеген. Ал эми өткөн жылдын соңунда БУУнун Коопсуздук кеңешинин Израилдин конуш куруу аракеттерин айыптаган жана мындайды токтотууну талап кылган резолюциясына АКШ вето салбай койгондуктан ал өтүп кеткен эле.

Иордандын Батыш жээгиндеги жөөт конуштарынын бири. 15-февраль, 2017-жыл.
Иордандын Батыш жээгиндеги жөөт конуштарынын бири. 15-февраль, 2017-жыл.

Муну менен АКШнын мурунку администрациясы өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы эң башкы өнөктөшүн зекигендей адаттан тыш кадам жасаган.

Обама администрациясынын бул чарасын Израил өкмөтү жана АКШнын өзүндө Конгресстеги республикачылар ачуулануу, ал эми Палестин автономиясы кубаттоо менен кабыл алган болчу.

Азыркы президент Дональд Трамп болсо шайлоо өнөктүктүн жүрүшүндө Израилдин конуш курулуштарын тынчтыкка жолтоо фактор катары караган эмес, бирок кийин президенттикке киришкенден кийин расмий Тел-Авивге бул саясатты карманууну сунуш кылган:

Трамп жана Нетаньяху пресс-конференцияда. Вашингтон, 15-февраль, 2017-жыл.
Трамп жана Нетаньяху пресс-конференцияда. Вашингтон, 15-февраль, 2017-жыл.

- Конуштарга байланыштуу мен бул маселеде силер бир аз токтоп турушуңарды каалайт элем. Биз бир нерсени иштеп чыгабыз, бирок мен макулдашуу жетишилишин көздөйт элем. Менимче, макулдашуу түзүлөт. Муну президенттердин баары көздөгөн. Бирок,бул мүмкүн деп ойлошпогондуктан создуктуруп, көпкө чейин кийлигишкен эмес. Алар муну жасабаган үчүн мүмкүн болгон жок, - деген Трамп өткөн айда Ак үйдө Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху менен жолугушуу маалында.

"Ассошейтед Пресс" агенттигинин 10-мартта жазганына караганда, Трамптын администрациясы өткөн аптада эле Израилге Иордандын Батыш жээгинин оккупацияланган бөлүктөрүн аннексиялабоо зарылдыгын, мындай аракеттер эки өнөктөш ортосунда“чукул кризис” жаратарын эскерткен.

"Ассошейтед Пресс" белгилегендей, бул Трамп АКШнын салттуу саясатына кайтып жатканынын, Израилге бул өлкөдөгү улутчулдар үмүттөгөндөй, Иордандын Батыш жээгине көзөмөлүн кеңейтүүдө ээн-эркин аракеттенишине жол бербесинин ишарасы болушу мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG