Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Керри: Кобанидеги окуялар трагедия


АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн учактары Кобани шаарындагы "Ислам мамлекети" тобуна абадан сокку урууда. 13-октябрь, 2014-жыл.
АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн учактары Кобани шаарындагы "Ислам мамлекети" тобуна абадан сокку урууда. 13-октябрь, 2014-жыл.

“Ислам мамлекети” тобунун согушчандары менен акыр келип, ирактыктар салгылашуусу керек.

Бул жөнүндө АКШ мамкатчысы Жон Керри 12-октябрда Каирде журналисттер менен жолугушууда айтты. 12-октябрь күнү Ирактын түндүк жана батыш бөлүгүндө, ошондой эле Багдаддагы бомба чабуулдарынан ондогон адамдар өлдү.

АКШ мамкатчысы Каирде кабарчылар менен кездешүүдө акырындап “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн стратегиясы иштелип чыгып, арабча “ДِИАШ” (Ирак жана Леванта ислам мамлекети") деп аталган бул топ азыркыдан күчтүү изоляцияга кабылат деди. Ошол эле учурда ага каршы согушуу ирактыктардын, анын ичинде Анвар провинциясында жашаган элдин милдети экенин баса белгиледи Жон Керри.

Ал Вашингтонду Сириянын Кобани шаарынын трагедиясы терең тынчсыздандырганын да айтып, “Ислам мамлекети” уюмунун анын Ирактагы бучкагы менен урушта биринчи кезекте эмнеге көңүл буруш керектигин аныктап алуу жөндүү деди:

- Бирок алар(коалиция) түрдүү варианттарды карап жатышкандыктан, мен муну ачыктап айткым келет. Кобани коалициянын "ДИАШка" болгон стратегиясын аныктабайт. Кобани бир жамаат жана ал жерде трагедия болду. Бирок биз биринчи күндөн тартып эле Ирак армиясынын моралдык жана (аскерий) жөндөмүн калыбына келтирүү үчүн коалицияны бир үстөлгө отургузууга көп мезгил кетерин айтканбыз.

12-октябрда Анбардын түндүгүндө провинциянын полиция акими, генерал Ахмад Дулами бомбага кабылып өлдү. Анын конвою бир күн мурда жихадчылардан бошотулган аймактан өтүп бараткан.

Батыш булактарынын кабарлашынча, ушу тапта Анбар провинциясынын 80 проценти жихадчылардын кол астында. Анбардын территориясы Ирактын жалпы аянтынын 31 процентке жакынын түзөт. Эгер согушчандар Анбардын калган бөлүгүн ээлесе, алар Сириянын Ракка шаарынан тартып, Багдаддын четине чейинки 410 чакырымдык аралыкты көзөмөлдөп калат.

Анбар провинциалдык кеңеши Ирак өкмөтүнө кайрылып, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине каршы урушта АКШнын кургактагы аскерлерин жардамга чакырууну өтүндү. Бирок премьер-министр Хайдар Абади чет элдик күчтөр Иракка кургактан киришине каршы.

АКШ башындагы коалиция азыркы мезгилге чейин Ирак армиясына абадан сокку уруп гана жардам көрсөтүүдө.

Жекшемби күнү Ирактын чыгышындагы Бакуба шаарынан 80 чакырымдай жерде өкмөттүк аскерлердин базасында жанкечтилер үч автомобилди жардырып, андан кеминде 22 адам өлдү, 60 адам жарадар болду.

Бакубанын түштүгүндөгү Дур ал-Дхубат районундагы базарда колдо жасалган бомба жарылып, 6 жарандын өмүрүн алды,10 жаран жараат алды.

Жон Керри Каирде билдиргенге караганда, АКШ башындагы коалициянын учактары Сириядагы согушчандардын командалык, көзөмөлдү камсыздоо жана машыктыруу борборлоруна сокку урууда.

12-октябрда коалициянын учактары Сириянын Түркия менен чек арасындагы Кобани шаарын бомбалоону улантты. Шаардын түштүк жана чыгыш бөлүгүн “Ислам мамлекети” тобу басып алган. Мурда шаарда 400 миң эл жашоочу. Өзүн Шамса деп атаган 28 жаштагы архитектор аял “Азаттык” радиосуна Кобанидеги жашоо тууралуу буларды айтты:

- Кобаниде эч кандай жашоо жок. Шаарды биздин көз алдыбызда “Ислам мамлекети”, эл аралык күчтөрдүн учактары бомбалашууда. Атышуу жүрүүдө. Кобани кыйроодо. Адамдар өлүүдө, өлүп жатат. “Ислам мамлекети” алга жылууда. Биз эмне болуп жатканына көз салып гана отурабыз...

Түркия АКШ баштаган коалицияга Сирия менен Ирактагы операциялары үчүн өз территориясындагы аскердик базаларын пайдаланууга жана ал базаларда жихадчыларга каршы согушкан сириялык байыстуу козголоңчуларды машыктырууга уруксат берди. Бул жөнүндө АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс 12-октябрда берген телеинтервьюда маалымдады.

XS
SM
MD
LG