Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Обама: Хиллари даярдыгы эң мыкты талапкер


Барак Обама менен Хиллари Клинтон
Барак Обама менен Хиллари Клинтон

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо алдында курултайлар өтүүдө. Негизги партиялардан болгон Демократиялык жана Республикалык партиялар талапкерлерин бекитти. Буга чейин ички партиялык праймеризде кармаш күчтүү болуп келсе, эми партиялык талапкерлер ортосунда күрөш күч ала баштады.

Республикалык партия бир топ чайпалып, талашып-тартышып барып, соңунда Дональд Трампты президенттикке талапкер кылып көрсөткөнү маалым.

Демократиялык партиянын курултайында күтүлгөндөй эле Хиллари Клинтондун талапкерлиги бекитилди. Аны колдоп партиянын азыркы лидери, АКШнын президенти Барак Обама да сөз сүйлөдү.

Курултайдын биринчи күнүндө буга чейинки праймеризде күчтүү атаандаш болгон Берни Сандерс жана АКШнын мурунку президенти, Хиллари айымдын жолдошу Билл Клинтон Американы Хиллари Клинтонду колдоого үндөгөн эле.

27-июлда АКШнын президенти Барак Обама курултайда сөз сүйлөп, Хиллари Клинтонду президенттик кызматка даярдыгы эң мыкты талапкер деп атады:

- Мен ишенимдүү түрдө айта алам: буга чейин аял болобу, эркек болобу, менби же Билл Клинтонбу, бирөөнүн да Кошмо Штаттардын президенттигине Хилларидей даярдыгы болгон эмес.

Барак Обама бул сөзүн Хиллари Клинтондун тажрыйбасы, буга чейин Ак үйдө дүйнөлүк кризисти чечүү, жаш жигиттерди согушка аткаруу сыяктуу чечимдерди кабыл алууга катышып келгени менен негиздеди.

Барак Обама Дональд Трампты кескин сынга алды. Анын мамлекеттик кызматта эч кандай тажрыйбасы жоктугун, кургак убадалар менен келаткандыгын айтып, Клинтонду колдоого чакырды:

- Быйылкы жылы, бул шайлоодо мага кошулуп, бетпактыкты, коркууну четке кагып, биздеги эң жакшы сапаттар менен Кошмо Штаттардын президенттигине Хиллари Клинтонду кылып шайлоого чакырам.

Барак Обамага чейин вице-президент Жо Байден, Нью-Йорктун мурунку мэри Майкл Блумберг жана Хиллари Клинтон вице-президент катары тандап алган Виржиния сенатору Тим Кейин сөз сүйлөдү. Жо Байден Трампты “өз пайдасы үчүн Америкага ажырым салып, дүйнө жүзүн башаламанга алып келе турган адам” деп сыпаттады:

- Дональд Трамп өз сөздөрү менен коопсуздугубузга зыян келтирүүдө. Эң жакын союздаштарыбызды төмөндөтүп, Владимир Путин сыяктуу диктаторлорду мактаган адамды президенттикке шайлай албайбыз. Бул адам өзүнүн пайдасы үчүн Американы бөлүп-жарууда, бүт дүйнөнү бүлгүнгө салат. Биз америкалыктар катары ага жол бере албайбыз.

Дональд Трам өз кезегинде Демократиялык партиянын курултайындагы оптимисттик маанайды кабыл албастыгын Твиттерге жазып, “жакырчылыкта, аргасыздыкта жана зордук-зомбулук коркунучунда миллиондогон керемет адамдар жашап жаткан өлкө өзүн улуу сезе албайт” деп жооп берди.

Орусия жана орус президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардагы шайлоо өнөктүгү учурунда упай алчу же атаандашка каршы пайдаланчу куралга айланууда.

Демократтар Дональд Трамп Путинге жакын, өзү да ошого окшош деп, ар тараптан сынга алууда.

Трамп өз кезегинде андай сындарга жем таштап, президент болуп шайланса, Владимир Путин менен тил табышып, “Ислам мамлекети” аталган террордук топту талкалоого багыт аларын билдирүүдө.

Кечээ жакында Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды карап көрүүгө, ал эмес Крым Орусияга таандык экенин таанууга барышы мүмкүндүгүн кыйытып, дагы чоң талаш-тартышка жол ачты.

Дональд Трамп НАТО өлкөлөрү коопсуздугу үчүн өздөрү акча төлөш керек, аларды Америка мындан ары бөпөлөй албайт, анткени өзүнүн карызы, чечилбеген маселеси көп деп билдирген.

Трамптын мындай сөздөрү Европа жана башка чөлкөмдөгү АКШнын союздаштарын ойго салууда. Маселен, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Трамптын тушунда АКШ-Европа кызматташтыгынын келечеги бүдөмүк экенин эскертти.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG