Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

Трамп: Кремль менен мамилени оңдойм


Кошмо Штаттар менен Орусия мамилесинде түртүлүү жана тартылуу өкүм сүрүүдө. Вашингтон жана Москва дүйнөлүк кризистик маселелерди чечүүдө сүйлөшүүгө келип, бирок көп учурларда чекелеше кетүүдө. Бул арада Республика партиясынан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп ал президент болуп шайланса, Орусия менен мамилени калыбына келтирерин билдирди.

Кошмо Штаттар Орусия компанияларына киргизген санкцияларынын тизмесин жакында эле кеңейтти. Ал тизменин катарына Орусиянын Крымга инфраструктура куруп жаткан жана жогорку технологиялык компаниялары кошулду.

Вашингтон санкцияларды Орусиянын Украинага карата агрессивдүү саясатына каршы кабыл алган. Санкциялык тизме да ошого байланыштуу кеңейтилгени кабарланды.

Украина маселесинде Орусия менен АКШ баш болгон батыштын келишпестиги санкциялык согушу эле эмес, эки тараптын утур-утур масштабдуу аскерий машыгууларды өткөрүүсү менен коштолууда. Мына ушундай машыгуулар учурунда эки тараптын аскерий учактары жана кемелери бири-бирине өтө жакын келип, кооптуу абал түзүлгөнү кабарланып келет. Мына ошондой курч окуялардын бири 7-сентябрда Кара деңиздин үстүндө дагы кайталанды.

Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, орусиялык аскерий Су-27 учагы АКШнын күзөттөгү P-8 “Посейдон” учагына 3 метрге чейин жакындап келип, кооптуу кырдаал жараткан. Кошмо Штаттар бул жакындоону “кесипөйлүк эмес жана кооптуу” деп атады.

Орусия учурда түштүк тарабында Кавказ-2016 аскерий машыгууларын өткөрүп жатканы белгилүү. Ал машыгууларга Орусия аннексиялап алган Крымда жайгашкан аскер-деңиз, аба күчтөрү жана жөө аскерлер катышып, ири масштабдуу деп аталган.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков Американын чалгындоочу эки учагы Орусия чек араларына жакындап келгендиктен Крымдагы Бельбек аба базасынан Су-27 учактары аларга каршы көтөрүлгөнүн билдирди. Орус тарап ошондой эле америка учактарынын транспондери өчүк болгон деп, орус учактары жакындап келгенден кийин бурулуп кеткенин кабарлады.

Кара Деңизде учак инциденти болгон күнү, 7-сентябрда АКШ президенттигине Республика партиясынан талапкер Дональд Трамп NBC телеканалына берген интервьюсунда Орусия президенти Владимир Путинди дагы мактады. Ал президент Владимир Путин Барак Обамага караганда мыкты лидер болду деди. Трамп президент болуп калса Орусия менен мамилени оңдоорун билдирди:

- Мен Путин, Орусия менен абдан жакшы мамиледе болом деп ойлойм. Бүгүнкү абалга карап көрсөк, алардын бир учагы биздин учакка үч метрге чейин өтө коркунучтуу жагдайда жакындап келиптир. Бул душмандык. Мен 2-3 күн мурун экөөнү көрүп, ынтымакташа албаганын байкадым. Президент Обама жана Путинди бири-бирине кандай караганын, экөөнүн бир болбой калганын көрүп, эң жакшысы ымала табуу эмеспи. Орусия “Ислам мамлекетин” жеңгиси келет. Эгерде биз Орусия менен мамиле түзүп, бирге аракеттенип, “Ислам мамлекетин” тозокко жөнөтсөк жаман болмок беле? Ал мыкты болбойт беле?

Орус президенти Владимир Путин Дональд Трампты “Шайлоо өнөктүгүнүн лидери. Өтө таланттуу жана өзгөчө адам” деп сыпаттаган. Журналисттер Трамп Путиндин мына ушул баасын дайым эске алганды жактырарын белгилейт. “Путин мен жөнүндө жакшы нерселерди айтса, мен дагы ал жөнүндө айтам” дейт Трамп.

Дональд Трамп маек берген телеканалда ошол эле күнү Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтондун да маеги чыкты. Анда мурдагы мамлекеттик катчынын электрондук каттары боюнча суроо жаңырып, Клинтон айымды актанууга аргасыз кылды:

- Менде классификацияланган материалдар менен иштөөнүн чоң тажрыйбасы бар. АКШнын Сенатынын комитетинде, төрт жыл бою мамлекеттик катчылык кызматта топтолгон. Классификацияланган материалдын башында “өтө купуя” же “купуя”, “жашыруун” деген аталышы болот. Азыр мен кайталагым келбейт, мунун баары Юстиция министрлигинин баяндамасында тастыкталган, мен жөнөткөн жана кабыл алган каттардын биринде да андай аталыш болгон эмес.

Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы кезинде менчик электрондук почтаны колдонуп, мамлекеттик сырдын чыгып кетүүсүнө коркунуч келтирген деп айыпталып келет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG