Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Ричард Холбрук – АКШ дипломатиясынын көкжалы


АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук маалымат жыйынында. Брүссел шаары, Бельгия. 2010-жылдын 15-октябры.
АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук маалымат жыйынында. Брүссел шаары, Бельгия. 2010-жылдын 15-октябры.

13-декабрда АКШ президентинин Ооганстан менен Пакистан боюнча атайын чабарманы, өткүрлүгү үчүн дипломатияда «көкжал» атка конгон Ричард Холбрук 69 жашында жүрөк оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Өткөн жума күнү Вашингтондогу ооруканага АКШ Мамлекеттик департаментиндеги кызмат ордунан жеткирилген Холбруктун жүрөк кан тамырына 21 сааттай операция жасалды, бирок ал эсине келбей 13-декабрда көз жумду.

Холбруктун дүйнө салганы жөнүндө кабар жетээри менен президент Обама маркумдун үй бүлөсүнө америкалыктардын атынан көңүл айтты. Обама Холбрукту "уникалдуу инсан" деп атап, ал «дипломатияга сиңирген эмгеги, өз өлкөсүнө болгон сүйүүсү жана тынчтыкка умтулгандыгы» үчүн дүйнөлүк тарыхта калаарын айтты.

"Ким Холбрук менен чогуу иштесе же аны менен сүйлөшүү үстөлүнө отурса – Ричарддын көкжалдыгына ынанат. Ал эч качан эч кимге баш ийбейт. Жагдайды койо бербейт. Эгерде биз бир нерсеге таамай көңүл буруп, ар тараптын кызыкчылыгын коргосок, ал иш жемиштүү болооруна Холбрук дайыма ишенген. Согуштар бүтөт. Тынчтык орнойт", - деген президент Обама Ричард Холбруктун АКШ-Вьетнам жаңжалына чек коюудагы, Кытай-АКШ мамилесин оңдоодогу жана Босния жана Герцеговина жаңжалын жөндөөдөгү эмгегин баалады.

АКШ вице-президенти Жо Байден Холбрукту «тынчтык үчүн күрөшүүчүлөрдүн залкары» деп атап, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө американын кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, аны коргой алган учурдагы муундун эң таланттуу дипломаты катары баалады.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Холбруктун талыкпаган эмгегинин натыйжасында «дүйнө бейкут жашоого бет алды» деп өз көңүл айтуусунда белгиледи.

Эрежеге сыйбаган дипломат

1941-жылы Нью-Йоркто туулуп, 21 жашында дипломатиялык кызматка келген Ричард Холбрук "кансыз согуш" маалында Түштүк Чыгыш Азиядан тарта Европага чейин жол баскан жалгыз дипломат болуп саналат.

Ричард Холбрук - дүйнөлүк тарыхта Балкан жарым аралындагы улуттар аралык кыргынга чекит койгон Дейтон макулдашуусунун автору. Анын мурдагы социалисттик Европаны НАТОнун курамына киргизүү саясатын ишке ашыргандыгын «дипломатиядагы өтө кубаттуу тактика» катары баалашат.

Мурдагы Югославия президенти Слободан Милошевич жана эч ким тааныбаган босниялык Серб (Сербска) Республикасынын лидери Радован Каражичтин үстүнөн болгон Гаага трибуналында Ричард Холбруктун аты бир нече жолу аталган. Анда АКШнын атынан Холбрук Каражич менен келишим түзүп, эгер Каражич саясаттан кетсе, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети токтотулат деп убада бергенин, бирок кийин АКШ аны "садага чапканын" сот маалында мурунку серб лидери өзү жар салган.

1998-жылы Ричард Холбрук Югославия президенти Милошевич менен сүйлөшүп, югославиялык армияны Косоводон чыгарып кетүүгө ынандырып, болбосо НАТО сокку ураарын эскерткен. Ошол эле жылдын март айында НАТО Белградды бомбалап, анда бейрасмий маалымат боюнча беш жүздөн ашуун киши өлгөн. Муну саясатчылар Ричард Холбруктун айтканынан кайтпаган өткүрлүгү менен байланыштырат.

Айрым серепчилердин пикиринде, Холбрук мырза америкалык гана эмес, дүйнөлүк дипломатиянын тарыхында да таасын элчи, абалды таамай баалай билген, ошол эле учурда өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон жана аны ишке ашыра алган дипломат, кылдат саясатчы катары калат.

Америкалык дипломатиянын ардагерлеринин бири, мурдагы мамлекеттик катчы Генри Киссинжер «эгер сизге Ричард кайрылып бир нерсе сураса дароо эле «ооба» деп жооп бериңиз. Эгер «жок» дей турган болсоңуз, баары бир акыр аягында «ооба» дейсиз, бирок ал бир топ машакатты пайда кылышы мүмкүн» деп өз кесиптешин мүнөздөйт.

Холбрук АКШ Мамлекеттик катчысынын дүйнөнүн эки жарымында тең Европа жана Азия боюнча орун басары болуп кызмат өтөгөн жалгыз дипломат. Ал 1994-96-жылдары мамлекеттик катчынын Европа, 1977-81-жылдары Азия боюнча орун басары, 1999-2001-жылдары АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы атайын өкүлү кызматтарын аркалаган.

2009-жылы январда Барак Обама Ричард Холбрукту АКШнын тышкы саясатындагы «баш оорусу» болгон Ооганстан менен Пакистандагы атайын чабарманы кылып дайындаган.

Ричард Холбрук 7 жолу дүйнөлүк Нобел Тынчтык сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлгөн, Ал Жон Кеннедиден баштап Барак Обамага чейинки АКШ президенттеринин бардыгы менен иштешкен.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG