Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Керри Кремлдин "тилин табабы?"


АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Москванын "Внуково" аэропортунда учактан чыгууда. 7-май, 2013
АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Москванын "Внуково" аэропортунда учактан чыгууда. 7-май, 2013

Жон Керри АКШнын Мамдепартаментин жетектей баштагандан бери Орусияга биринчи ирет келүүдө.

Маалыматтарга караганда, Орусия президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болчу сүйлөшүүлөрдө Сириядагы кырдаалды жөндөө, Иран менен Түндүк Кореянын ядролук коркунучу, Ооганстандагы кырдаал жана эки мамлекеттин өз ара мамилелери талкууланат. Жон Керри ошондой эле бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү менен кездешет.

Керри АКШнын Мамдепартаментин жетектей баштагандан бери Орусияга биринчи ирет келүүдө. Ал 30-апрелде кабарчылар менен кездешүүдө Москвага визит кечигип болуп жатканын белгилеген:

-Мен Орусияга келээрки аптада барам. Бул визит, менин байкашымча, кеч болууда. Мен, өзгөчө, Сириядан тартып, Иранга чейинки маселелер талкууланчу бул визитти чыдамсыздык менен күтүүдөмүн.

Жон Керри бүгүн эле президент Путин менен кездешет. Британдардын “Daily Telegraph” гезитинин жазышынча, бул протоколго сыйбаган көрүнүш. Бирок бул жолугушуу “Сириядагы кырдаалдын ого бетер көзөмөлдөн чыгып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалып жаткан дипломаттык аракеттерди” көрсөтөт.

Сирия маселесинин көңүл чордонуна чыгуусуна Израилдин аба күчтөрү өткөн жума соңунда урган сокку да кошумча болду. Ондогон сириялык аскерлерди катардан чыгарган чабуулду Москва жана Бээжин сындады.

Сирияда химиялык куралдын колдонулушу боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар да эки жыл ашуун убактан бери уланып, 70 миңден ашуун адамдын башын жеген согуш - Орусия жана АКШ сыяктуу негизги оюнчулардын тез жана чогуу аракеттенишин талап кылат.

Көпчүлүк байкоочулардын боолгошунча, Жон Керринин орусиялык коллегасы Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндөгү башкы тема да Сириядагы кырдаал болот.

Орусия жана АКШ былтыр июнда Сирия боюнча кабыл алынган Женева коммюникесин колдогон. Ага ылайык, Сирия өкмөтү жана куралдуу оппозиция урушту токтотуу боюнча утурумдук келишим түзүшү абзел. Андан соң убактылуу өкмөт түзүлүп, жаңы президент шайланышы керек.

Анткен менен ортодо келишпестик күчтүү. Орусия Сирия өкмөтүнө курал сатат. Кремль курал көтөрүлүшчүлөргө каршы согушта колдонулбайт деп ырастап жүрөт жана Асадга колдоо көрсөтүүнү токтотуу боюнча Батыштын өтүнүчүнө макул эмес. Ушундан келип, Орусия жана Кытай Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Сирияга каршы санкциясын күчөткөнгө каршы.

АКШ башындагы Батыш өлкөлөрү сириялык эрегишчилерди колдошот. Ошол эле учурда Вашингтон аларды курал менен камсыздабаганын айтышып, Асад сөзсүз президенттиктен кетиши керек деп санашат.

Марк Кац Вашингтондогу Жорж Мейсон атындагы университеттин Орусия Жакынкы Чыгыш боюнча талдоочусу. Анын оюнча, Керринин сапары Москванын Сирия боюнча карманган көз карашын олуттуу өзгөртө албайт.

-Орусиялыктар өтө ашып барса, Керринин сапарынан кийин америкалыктар жана анын союздаштарынын аракеттерин кескин баалабай калышы мүмкүн деп болжойм. АКШ эң жакшы дегенде, Орусия Асадга каршы америкалыктар менен батыштыктардын ар кандай аракетине жардам бербейт деп үмүт кылса болот. Орусия Асад аман калат деп боолгогон учурда да, союздашы болгон бирөөнү оодарганга жардам берип, жаманатты болгонду каалабайт. Кокус Сирияда кандайдыр башаламандык болсо, ал үчүн Батыш күнөөкөр деп айыпталышы керек.

Барак Обаманын командасы акыркы кезде Москва менен мамилени кадыресе нукка салганга аракет жасоодо. 15-апрелде Бостон марафонунда болгон террордук жардыруудан кийинки эки жактын чалгындоо кызматтары маалымат алмашып, болочокто өз ара байланышты чыңдамак болушту. Андан тышкары президент Обаманын Владимир Путинге жазган катын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон апрелде Москвага жеткирген. Кремлдин билдиришинче, катта “ракетадан коргонуу, эки өлкө аралык соода жана башка маселелер боюнча конкреттүү сунуштар” жасалган.

Жон Керри Москвадагы сүйлөшүүлөрдө АКШ апрелде жарыяланган “Магнитскийдин тизмеси” жараткан нааразылыктарды жымсалдаганга да аракет кылары шексиз. Бул тизмеге илинген Орусиядагы адам укуктарын бузууга тиешеси бар деп шектелген даражалуу чиновниктердин АКШга кирүүсүнө тыюу салынып, алардын банктардагы эсеби убактылуу токтотулган. Орусия өз кезегинде ага жооп ирети АКШ жарандарынын орусиялык балдарды асырап алуусуна тыюу салып койгон.

XS
SM
MD
LG