Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:03

Обама Путинге телефон чалды


Мексика -- Владимир Путин менен Барак Обама Чоң жыйырманын саммитинде, 18-июнь, 2012.
Мексика -- Владимир Путин менен Барак Обама Чоң жыйырманын саммитинде, 18-июнь, 2012.

Президент Барак Обама 29- апрелде Орусия лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.

Ак үйдүн кабарлашынча, лидерлер эки өлкөнүн коопсуздук жана чалгындоо жаатындагы кызматташуусун кеңейтели деп макулдашты. Ошондой эле Бостондогу террордук жардырууну иликтөө жүрүшүн, Сириядагы кырдаалды талкуулашты. АКШ президенти 15-апрелдеги Бостон шаарындагы марафон учурундагы бомба чабуулун иликтөөдөгү кызматташуусу үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди.

Кремлдин билдиришинче телефон баарлашуусу Вашингтондун демилгеси менен өттү. Эки мамлекеттин атайын кызматтарынын кызматташуусу Бостондогу террордук жардыруудан кийин өзгөчө маанилүү.

Биринчиден, АКШ тараптын маалымдашынча, акцияны уюштурду деп шектелген Тамерлан Царнаевдин Түндүк Кавказдагы радикалдуу исламчылар менен байланышы болушу мүмкүн экенин Орусиянын атайын кызматтары 2011-жылы эле америкалыктарга эскерткен экен. Бирок АКШнын тийиштүү кызматтары Тамерланды суракка алып, ал өлкө коопсуздугуна коркунучу жок деген тыянакка келген. Бул коомчулукта АКШнын атайын кызматтары террордук коркунучтардын алдын алууда канчалык жигердүү иштейт деген суроону жараткан.

Экинчиден, президент Путин өткөн аптада орусиялыктар менен болгон телебаарлашууда Бостондогу бомба чабуулу, анын Түндүк Кавказга байланыштуу ойлорун ырастаганын айтып, Орусия АКШ менен коопсуздук тармагындагы кызматташуусу абзел экенин көрсөттү деген. Эки өлкөнүн чалгындоо кызматтарынын тыкыс кызматташуусу 2014-жылкы Сочидеги Кышкы олимпия оюндарынын коопсуздугун камсыздоодо да баалуу.

Ошентип Christian Science Monitor басылмасы баамдаганына караганда, Бостондогу жардыруу жок дегенде АКШ менен Орусиянын терроризм коркунучуна каршы күрөштөгү кызматташуусу үчүн эшикти ачты.

Обама менен Путин телефондон Сириядагы кырдаалды да сүйлөштү жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жон Керри менен Сергей Лавров бул маселе боюнча пикир алмашууну улантат деп макулдашты.

Азыр АКШ бийликтери Сирия өкмөтү козголоңчулар менен согушта химиялык курал пайдаланды деген кабарды иликтеп жаткан кез.

Ак үйдүн өкүлү Жей Карнинин дүйшөмбү күнү билдиргенине караганда, Кошмо Штаттар массалык кыргын салчу куралдын колдонуусу боюнча маалыматты же президент Обама айткан “кызыл сызык” бузулдубу, аны өтө кылдат иликтейт.

- Президент айткан “кызыл сызыктан” өткөнгө так ишенүү үчүн дагы көп нерселер жасалышы керек. Биз андыктан химиялык куралдардын колдонгонун тастыктаган далилдерди чогултууда өтө кылдат болушубуз керек. Себеби саясий жактан чечим кабыл алуу үчүн түрдүү деңгээлдеги божомол-баалар жетишсиз.

Барак Обама эгер Сирияда химиялык курал колдонулган болсо, президент Башар Асаддын режими үчүн “кесепети чоң” болорун айткан эле.

Дүйшөмбү күнкү телефон сүйлөшүүсүндө президент Обама Подмосковьедеги психикалык ооруканадагы өрттө каза болгондорго байланыштуу президент Путинге өкүнүчүн да айтканы маалымдалды. Өрттөн 38 адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG