Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

АКШ-Орусия: ракета боюнча кайым айтыш


АКШ менен Орусия орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча кайым айтышууга өттү. Кошмо Штаттар Орусия тыюу салынган канаттуу ракетасын жайгаштыруу менен орто жана жакын аралыктагы ракеталар боюнча келишимди бузду деп айыптады. Орусия өз кезегинде аны четке какты.

Американын Бириккен штаб башчылар комитетинин башчысынын орун басары Пол Селва Орусия жерге жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарын күжүрмөн даярдыкта жайгаштыруу менен кандуу согуштан кийин жетишилген ядролук куралдарды чектөө боюнча келишимдин “дем жана максаттарын бузганын" айтты.

Пол Селванын 8-мартта Конгрессте билдиргени боюнча, Орусия SSC-8 аттуу жаңы ракетасын жайгаштырды. АКШнын расмийлери Орусия 1987-жылы кол коюлган орто аралыктагы ядролук куралдар жөнүндө келишимди бузуу менен, бир нече жылдан бери SSC-8 ракетасын иштеп чыгып, аны сыноолордон өткөрүүдө деп айыптайт.

Пол Селванын айтымында, бул ракета алардын Европадагы көп объекттерине коркунуч туудурат. "Биздин оюбузча, Орусия ал ракеталарды НАТО жана альянстын жоопкерчилигиндеги аймактардагы объекттерине коркунуч туудуруу үчүн атайын жайгаштырды".

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Орусиянын "Орто жана жакынкы аралыктагы ракеталар жөнүндө" келишимди бузду деп айыптаган. Ал эми генерал Селванын айыптоосу Орусиянын ракета жайгаштыруусун ырастаган биринчи ачык билдирүү болуп калды.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Марк Тонер да маалымат жыйынында Орусия орто аралыктагы ядролук күчтөр тууралуу келишимди бузууда деди:

- Биз Орусия "Орто аралыктагы ядролук куралдар жөнүндө" келишимди бузуп жатат деп эсептейбиз. Ал келишим 500-550 чакырымга жете турган, жерге жайгаштырылчу канаттуу ракеталарды сыноого, өндүрүүгө жол бербейт. Мен андан ары комментарий бере албайм, анткени алар чалгынга тиешелүү маселе. Бирок биз алардын келишимди бузуп жатканын билебиз.

Селванын айтымында, АКШ бул маселени Орусиянын алдына койду. Бирок сүйлөшүүлөрдө натыйжа чыкпаса, кандай чара көрүлөрү тууралуу америка генералы айткан эмес. Селва "АКШ Орусия жана Кытайдан келген коркунучка жооп берүүгө даяр болуш керек" деди:

- Орусия жана Кытай АКШга стратегиялык коркунуч келтирип турушат. Эгерде алар ядролук куралды колдонууну чечишсе, анда биздин күчтөрүбүз экөөн тең токтото ала турган болуш керек. Эгерде жаңы ядролук жоолор коркунуч келтирүү деңгээлине жетсе, анда биз ага жооп берүүгө даяр болушубуз керек.

Орусия өз кезегинде АКШнын мындай айыптоосун четке какты. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 9-мартта мындай билдирүү жасады:

- Орусия бардык эл аралык келишимдерден чыккан милдеттерин аткарып келген, аткарып жатат жана аткара берет. Анын ичинде Орто жана жакын аралыктагы ракеталар боюнча келишимди да. Мен президент Путиндин сөзүн эсиңиздерге сала кетейин, Орусия өзүнүн кызыкчылыктарына дал келбеген учурларда да эл аралык милдеттерин аткара берет.

"Ошондуктан биз бул багыттагы бардык айыптоолорду четке кагабыз жана макул эмеспиз” деп кошумчалады Песков.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG