Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

АКШ Эрдогандын адамдарына айып койду


Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы басма сөз жыйында. 8-сентябрь, 2017-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы басма сөз жыйында. 8-сентябрь, 2017-жыл.

АКШда Түркиянын мурдагы расмий адамдарына айып коюлду. Алардын арасында мурдагы министр, мамлекет карамагындагы банктын башчылары бар. Түркиялыктар пара алуу менен Иранга Кошмо Штаттардын каржылык санкцияларын буйтап өтүүсүнө жардам берген деп күнөөлөнүүдө.

Өткөн аптада (6-сентябрда) Нью-Йорктун Манхэттен райондук сотуна жөнөтүлгөн документтерге караганда, Кошмо Штаттар расмий айып койгондор арасында Түркиянын мурдагы экономика министри, азыр парламент депутаты Мехмед Зафар Чаглаян да бар.

Ал санкциялык мыйзамдарды бузуп, Иранга АКШнын каржы системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берген схемаларды түзүүгө жардамдашып, жашырганы үчүн миллиондогон доллар параны накталай акча жана зергер буюм түрүндө алган деп айыпталып жатат.

АКШ айып таккан Мехмет Чаглаян.
АКШ айып таккан Мехмет Чаглаян.

Бул маалымат ачыкка чыгар замат Түркиянын өзүндө мурдагы министрди дароо эле президент Режеп Тайып Эрдоган баштаган өкмөт адамдары коргоп чыкты:

- Дал азыркы тушта бул нерсени укуктук логикадан баалоо мүмкүн болбой турат. Биздин мурдагы экономика министрибизге каршы кадамды мен Түркия республикасына каршы кадам катары көрүп жатам. Бул - саясий иш. Бизде бул маселени талкуулоо мүмкүнчүлүгү болот деп үмүттөнөм. АКШ өз чечимин кайра карашы керек, андан абдан эле эски жыт келип турат. Силер балким чоң өлкөсүңөр, бирок адилет мамлекет болуу башка нерсе. Маселе мына ушунда. Адилет мамлекет болуу укуктук системанын адилет иштөөсүн талап кылат, - деди президент Режеп Тайып Эрдоган 8-сентябрда АКШнын дарегине сын айтып.

Ал эми Түркиянын учурдагы экономика министри Нихат Зейбекчи Стамбулдагы басма сөз жыйында “Зафар Чаглаян мырза Түркиянын кызыкчылыгына каршы эч бир тескери иш кылган жок. Ал башка мамлекеттин кызыкчылыгына каршы аракеттенгенби же жокпу, бул биздин маселе эмес", - деп белгиледи.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00
Түз линк

Соттук документтер боюнча мурдагы министрден тышкары Түркиянын мамлекет карамагындагы Halkbank банкынын кеминде үч жетекчиси: мурдагы башкы менеджери Сулейман Аслан, анын орун басарлары Левант Балкан жана Мехмет Хакан Атилла да айыпталып жатышат. Булардын ичинен Мехмет Атилла учурда АКШда камакта отурат.

Америкалык тергөөчүлөрдүн бүтүмүнө караганда, Түркиянын дал ушул банкы 2010-2015-жылдардын аралыгында Иранды чет элдик валюта жана алтын менен мыйзамсыз камсыздоону жаап-жашырууга көмөктөшкөн.

Айыпталуучулар АКШнын санкциялык мыйзамын бузгандан тышкары америкалык прокурорлордун ишениминде, өз кызматтары үчүн он миллиондогон доллар параны кымбат баалуу зергер буюмдар жана нак акча түрүндө алышкан.

Ал эми санкциялык мыйзамдар боюнча тыюу салынган акча которууларды ишке ашыруу үчүн айыпталуучулар тарабынан америкалык банктарды алдоо үчүн азык-түлүк, тамак-аш соодасына тиешеси бардыгы көргөзүлгөн жалган эсеп-фактуралар колдонулган.

"Алтын соодагердин" камалышы

Иран санкциялары бузулганына байланыштуу АКШда былтыр жазда түркиялык-ирандык ири ишкер Реза Зарраб камакка алынган эле.

Теги боюнча бай үй-бүлөдөн чыккан, алтын соодагери атыккан Зарраб АКШга чейин 2013-жылы Түркиянын өзүндө ал кездеги премьер-министр Эрдогандын айрым министрлери кириптер болгон коррупциялык жаңжал учурунда кыска мөөнөткө камалып, кайра бошотулган.

Түркиядагы иликтөө токтотулган соң Эрдоган Заррабды филантроп катары сүрөттөп, анын бизнеси өлкө экономикасына салым кошконун айтып коргогон эле.

Реза Зарраб Стамбулдун полиция бекетинде. 17-декабрь, 2013-жыл.
Реза Зарраб Стамбулдун полиция бекетинде. 17-декабрь, 2013-жыл.

2014-жылдын апрелинде Түркиянын өкмөтчүл "Хабер" телеканалына интервью берген ишкер жалпы жонунан Иранга 12 миллиард долларга алтын өткөрүүгө көмөктөшкөнүн айткан.

АКШ камагындагы ишкердин түрк бийлигине жакындыгынын дагы бир белгиси - президент Режеп Тайып Эрдоган АКШ бийликтеринин Заррабды камакка алуусунун “жашыруун мотивдери” бар деп атап, аны бошотууну Ак үйгө быйыл май айында жасаган соңку сапары учурунда өзү да суранганы кабарланган.

Президенттер Трамп жана Эрдоган кездешкен учур. Вашингтон, 16-май, 2017-жыл.
Президенттер Трамп жана Эрдоган кездешкен учур. Вашингтон, 16-май, 2017-жыл.

Ишкердин адвокаттары болсо алар ишти дипломатиялык жана саясий сүйлөшүүлөр менен чечүү аракетинде АКШнын да, Түркиянын да бийликтерине кайрылышканын ачыкташкан.

Камактагы түркиялык-ирандык ишкердин кызыкчылыгын коргогондордун бири - Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри, АКШ президенти Дональд Трампка жакын адам катары саналган Руди Жулиани.

34 жаштагы Зарраб эгер күнөөлүү деп табылса, АКШ мыйзамдарына ылайык 75 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Анын соту 30-октябрда башталат деп күтүлүүдө.

“Нью-Йорк Таймс” басылмасынын жазганына караганда, түркиялыктарга коюлган жаңы айып Вашингтон-Анкара алакасы сыналып жаткан учурга туш келүүдө.

Буга чейин АКШда президент Режеп Тайып Эрдогандын ондон ашуун жансакчысына кылмыш иши козголгон. Алар Эрдогандын быйыл майда Вашингтонго сапары учурунда Түркия элчилигинин сыртында болгон мушташ үчүн айыпталып жатышат.

Анда Эрдогандын жансакчыларынын тобу расмий Анкаранын азыркы саясатына нааразылык билдирип чыккан демонстранттар менен чакалайдын чак түшүндө мушташкан. Ал жерге чогулган демонстранттардын көпчүлүгү түркиялыктар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG