Мирзиёев өзүн өлкөдө кескин өзгөрүүлөрдү жасап жаткан лидер катары көрсөткөнгө аракет кылууда. «Реформа» деген сөздү саясий модага айландырган. Өзбек райсмийлери арасында «реформа» эң көп колдонулган сөзгө айланды.
Өзбек парламентиндеги 150 орунга талапкерлерди шайлоонун экинчи туру 5-январда болуп өттү. Эртеси күнү шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды. Парламентке мурункудай эле беш партия өтүп келди.
Бардык беш партия тең мурункудай эле азыркы президенттин саясатын колдой турганын айтып чыгышты. Оппозициялык партиялар жана көз карандысыз талапкерлер бул жолу да шайлоого жолотулган жок. Мурдагыдай эле аткаруу бийлиги мыйзам чыгаруу бийлигине үстөмдүк кылып келет. Беш партияга мандаттарды бөлүштүрүү да мурунку бийликтен дээрлик айырмаланган эмес.
Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, партиялар алган мандаттар дээрлик өзгөргөн жок:
Либерал-демократтар партиясы мурунку 53 мандаттын ордуна бул жолу 52 мандат алышты. Улуттук кайра жаралуу партиясы мурункудай эле 36 мандатын алды. Адилет партиясында мурда 22 мандат болсо, бул жолу 24 мандаттуу болушту. Элдик демократия партиясы мурунку 27 мандаттын ордуна бул жолу 22 орун алышты. Өзбекстандын экология партиясы 15 орун алды. Жаңы шайланып келген депутаттардын 64,7%ын 30дан 50 жашка чейинкилерди түзсө, 6%ы 30 жашка чейинкилер. Алардын 48и гана мурда депутат болгондор.
"Өзбекстан авазы" гезитинин башкы редактору, 71 жаштагы Сафар Остонов жаңы депутаттардын эң аксакалы болсо, 26 жаштагы Шерзод Рахманов аттуу жигит эң жаш детутат болуп катталды.
Жаңы шайланып келген депутаттардын 30%ын аялдар түзөт. Буга чейин өзбек конституциясында жазылган аялдардын 30%дык квотасы аткарылбай келген. Бийликтин убадасы бул жолу аткарылып, 48 аял депутат болуп келди. Парламенттин мурунку чакырылышында 24 гана аял депутат бар эле.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.