Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:45

Ташкентте «Лирика» саткандардын сазайы


Ташкентте сатылып жаткан "Лирика" аттуу психотроптук дары.

Өзбекстанда белгисиз адамдар эки эркекти жылаңачтап, суракка алган видео таркады.

Интернетте белгисиз адамдар Ташкенттин эки тургунун «Лирика» деген психотроптук дары сатканы үчүн күнөөлөп, аларды жылаңачтап тарткан видео таркады. Видеодо эки кишинин мойнуна тактайча илинип, алар жалаң ич кийимчен турганын көрүүгө болот. Видеону тарткан белгисиз адамдар ал экөөнөн элден кечирим суроону талап кылып, Ташкенттеги Амир Темир аянтына алып чыгып жазалоо менен коркутуп жатканы угулат.

Өзбекстандык бир катар Интернет колдонуучулар эки адамды “кылмыш кылды” деп айыптап, өз алдынча жазалоону чечкен бул белгисиз кишилердин кылыгын сынга алып, бул ишти укук коргоо органдарына өткөрүп бериш керек деп эсептешет. Ал эми Өзбекстандын укук коргоо органдары бул видео тууралуу үн ката элек.

Мындай видео «Озодликке» да жөнөтүлгөн. Аны жөнөткөн Интернет колдонуучу эки эркектин бирөөнү эл аралык турнирлерге катышып жүргөн, өлкөдөгү көрүнүктүү спортчу катары көрсөткөн. «Озодлик» учурда анын атын жашыруун калтырууда.

Ал эми «Лирика» - бул баңгизаттык таасири бар, психотроптук дары. “Азаттыктын” өзбек кызматы бир жыл мурун баңгизаттын мындай түрү Ташкентте улам жайылып баратканы туралуу иликтөө жүргүзгөн. Анда Өзбекстандын баш калаасында «Лирика» дарысы “Экстази” баңгизатынан кыйла арзан сатылаары, аны дарыгердин атайын көрсөтмөсү жок эле айрым аптекалардан сатып алууга болоору көрсөтүлгөн.

Дарыгерлер «Лирикага» көнүп калган адамдар оор баңгизаттарды колдонгондордон эч айырмаланбай тургандыгын айтышат. Өзбекстандын Республикалык наркологиялык борбору мындай ооруга чалдыккан жарандар кескин көбөйгөнүн билдирген.

"Лирика" психотроптук дарысын саткандарды өз алдынча жазалагандардын тарткан видеосунан үзүндү.
"Лирика" психотроптук дарысын саткандарды өз алдынча жазалагандардын тарткан видеосунан үзүндү.

Быйыл апрелде бул өлкөнүн Бажы комитетинин басма сөз кызматы Ташкентте убактылуу иштебеген бир дарыканада «Лирика» менен жыкжыйма толтурулган склад табылганын кабарлаган. Анда 2305 «Лирика» таблеткасы болгон. Былтыр күзүндө күч органдары Фергана облусунда «Лирика» менен ага окшош «Трамадол» аттуу дагы бир психотроптук препарат саткан уюшкан топту кармашкан. Анда 5208 «Лирика» таблеткасы, 1043 «Трамадол» таблеткасы табылган.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө комитетинин жетекчиси Исматжон Азизов жергиликтүү гезитке берген интервьюсунда Кылмыш-жаза кодексинде тийиштүү психотроптук препараттарды таркатуу үчүн жаза каралбагандыктан, өлкөдө бул заттарды көмүскө сатуу токтобой жатканын белгилеген. Айрым маалыматтар боюнча мындай дарылар Ташкенттин базарларына Казакстандан контрабандалык жол менен ташылып келет.

Ал эми Өзбекстандагы укук коргоочулар өлкөдө адамдарды бир нерсеге күнөөлөп, өз алдынча жазалоо күчөп баратканын белгилешүүдө. Мындай кордукка көбүнчө сойкулар, жыныстык азчылыктар жана уурулар кабылышат. Укук коргоочулар мындай көрүнүштөрдү укуктук системанын начардыгынан көрүшөт.

- Бул өткөөл мезгилдеги коомдордо болуучу көрүнүш. Бул мыйзамдардын иштебегендигин, адамдардын мыйзамга ишенбестигин айгинелейт, адамдардын аң-сезимине, психологиясына мыйзамдуулук түшүнүгүнүн канчалык сиңгени жөнүндө кабарлайт, - дейт психолог Махмуджан Юлдашев.

Ал эми адвокат Рухиддин Камилов соттордун ишин реформалоо керек деп эсептейт.

- Бул адам укуктарын коргоо системасынын жоктугун билдирет. Мыйзамдар иштебесе, адамдары өздөрү соттун, тергөөнүн, прокурорлордун ишин аткара башташат. Эгерде кылмыш ачылбаса, кылмышкерлер жазаланбаса, мындай көрүнүштөр көбөйөт, - дейт Камилов.

Былтыр октябрда Үргөнч шаарындагы базарда сатуучулар бир кызды “уурулук кылды” деп айыптап, ур-токмокко алган видео таркаган. Быйыл августта болсо Каракалпакстандагы базарда дагы бир кишини уурулукка байланыштуу айыптап, сатуучулар аны базардын дарбазасына эки колунан асып коюшкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG