Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Анжияндагы байыркы мунара бузулат


"Жами" комплексиндеги мунара бүгүн-эртең жок болот
"Жами" комплексиндеги мунара бүгүн-эртең жок болот

Өзбек бийлиги Анжияндагы 13-кылымда курулган “Жами” архитектуралык комлексин бузуп, ордуна фонтандары менен жаңы имарат салганы турат.

Борбор Азиядагы байыркы мунара имаратын бузууга укук коргоочулар жана тарыхчылар каршы чыгышууда.

Бирок Өзбекстан бийлиги 2,5 гектарлык жерге заманбап комплекс салынат деген убадасынан кайтпай турат.

Анжиян шаарынын байыркы бөлүгүндөгү “Жами” атындагы мунаралуу мечит-комплексинин ордуна өзбек өкмөт башчысынын буйругу менен фонтаны бар жаңы эс алуучу жай курулганы жатат. Фергана өрөөнүндө азыркыга чейин сакталып калган бирден-бир байыркы архитектуралык мурастын жок болуп кетүүсүнөн чочулаган укук коргоочулар менен тарыхчылар “Азаттыктын” өзбек редакциясына атайын кат жолдошкон.

- Азыр ошол байыркы комплекстин айланасындагы бардык курулушту талкалап жатышат. Мечиттин алдындагы мунара да жок кылынарын айтышууда. Курула турган комплекстин чоң сүрөтүн илип коюшуптур. Макетте мунаранын ордуна фонтан тартылып турат. Жумушчулар менен сүйлөштүм. Алар 1-2 күндө мунара талкаланат дешти. Бүгүн-эртең байыркы курулушту жок кылып салышат окшойт, - деди укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов.

Анжиян облустук бийлигинен «Жами» комплексинде курулуш иштери 2016-жылдын март айында башталарын, ага чейин имараттарды талкалап, ордун тазалоо иштери жүрөрүн кабарлашты. 700 жылдык мунаранын тарыхы тууралуу «Азаттыкка» атын атагысы келбеген өзбек тарыхчыларынын бири төмөндөгүлөрдү айтып берди:

- Мунаранын пайдубалы 13-кылымда түптөлгөн. 19-кылымдын экинчи жарымында аны оңдоп түзөшкөн. Бул үчүн 1882-жылы атайын Жахон жана Юсуфали деген усталарды алып келишкен. Мунаранын тарыхый, маданий эстелик катары мааниси чоң. Түркүктөрүндө элдик кол өнөрчүлүктүн кайталангыс мурасы - орто кылымга таандык оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Аны талкалоого болбойт.

Анжияндын бийлиги «Жами» комплексин жаңыртуу зарылдыгын аймактагы жер титирөө коркунучу менен түшүндүрүүдө. Облуста 9 баллдык зилзала болушу ыктымал дешет эксперттер. Кокус мындай апаат болуп калса мунара күбүлүп түшүп калат деген жүйө менен бүтүндөй мечит, мунара имараттарын талкалап, ордуна фонтаны бар эс алуучу комплекс куруу тууралуу план кабыл алынып, мамлекеттен атайын буйрук чыккан.

Жергиликтүү укук коргоочу активисттер, тарыхчылар Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияевге «Жамини» талкалабай, сактап калуу боюнча кат жолдошту. Өлкөнүн Маданий мурастарды коргоо жана башкаруу боюнча башкармалыгынын атын атагысы келбеген аткаминери мунара менен мечитти талкалоо чечими мыйзамсыз экенин айткан.

Мечит комплексин жок кылууга каршылар атайын кат жолдошсо да өкмөт алардын сөзүн кулак салбай турат. «Азаттык» бул маселе боюнча Өзбекстандын Архитектура жана курулуш комитетине кайрылып, жооп ала албады. Анжиян облусттук акимчилигинин өкүлү 13-июнда өкмөт башчы Шавка Мирзияев облустук бийликтин жетекчисине Анжиян шаарына да Самарканддагыдай "Регистан" сал деген тапшырма бергенин айтат. Мындай буйруктан кийин эски Анжиян түп-тамыры менен өзгөрүп, шаардагы аймак таануучу музей жаштар эс ала турган комплекске, «Жами» мечити болсо «Анжиян Регистанына» айланганы турат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG