Өзбекстандын билим берүү министри Алишер Вахабовдун буйругу менен бул өлкөдө саясат таануу сабагын жогорку окуу жайларда окутуу токтотулду. Мындай буйрукка министр 24-августта кол койгон. Ага ылайык, буга чейинки “Саясат таануу. Өзбекстандагы демократиялык коомду куруунун теориясы жана практикасы” сабагынан “саясат таануу” деген сөз такыр алынып салынды. Бул өлкөдө саясат таануу кесиби боюнча билим алуу эки жыл мурда эле токтотулган. Жогорку окуу жайларда саясат таануу кесиби боюнча акыркы дипломдор 2013-жылы берилген. Эми болсо өзбек бийликтери саясат таануу илимин окутууну толугу менен токтотту.
Бул сабакты токтотуунун себеби катары саясат таанууда “илимий методологиянын жоктугу, аны тарых, социология сыяктуу башка предметтер менен бирге окуса болору жана окуу куралдары бир гана батыш адабияттарына негизделип, улуттук мурастар камтылбагандыгы, жана өзбек модели чагылдырылбаганы” негиз келтирилген.
Билим берүү министрлигинин бул чечимине Өзбекстанда айрым саясат таануучулар нааразылык билдиришүүдө. Ташкендик саясат таануучу Фарход Талипов Фейсбук баракчасына бул чечимди катуу сындап, артка кетүү деп баалаган. Талипов баштаган бир катар саясат таануучулар атайын кайрылуу менен чыгышты.
- Мурдагы Советтер Союзунда 1930-40-жылдары “жалган илимдер” деген термин болгон. Анын катарына генетика, кибернетика, геополитика кирген жана аларга каршы күрөш да жүргөн. 21-кылымдын илими болгон саясат таанууну Өзбекстанда ушул тагдыр күтүп турбайт деп үмүттөнгүм келет.
Маалыматтарда саясат таануу илимин окутууну токтотуу чечими “жумушчу топтун” изилдөөсүнө негизделип чыгарылган. Фарход Талипов баштаган адамдар ал топту саясат таануу илимине тиешеси жок илимпоздор деп атап, алар өздөрүн “жалган окумуштуулар” катары көрсөттү деген пикирде:
- Биз бул чечим менен макул эмеспиз жана өз илимибизди коргойбуз. Биз саясат таануу илимин өзүбүздүн кесип катары тандап алганбыз жана аны жогорку окуу жайларда кесип катары окутууну токтотуу чечими бизди кемсинтүүдө. Жүздөгөн жаш жана тажрыйбалуу окумуштуулардын саясат таануу илими боюнча кандидаттык жана докторлук илимий даражалары бар. Эгер бүгүнтөн тарта саясат таануу өз алдынча илим болуудан калса, анда бул окумуштуулар ким болуп калат? Аларды мамлекет эгемендиктин алгачкы жылдарынан тарта окутуп, диплом жана илимий даражаларды берип келбеди беле?
Фарход Талипов жана бир катар окумуштуулар билим берүү министрлигин өз чечимин өзгөртүүгө чакырышкан жана Өзбекстандагы бардык саясат таануучуларды бул кайрылууга кошулууга үндөшкөн.