Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Өзбекстан элинин коңшуларга каттоосун да чектеди


Өзбекстандын жарандык паспорту
Өзбекстандын жарандык паспорту

Өзбекстанда жарандардын КМШ өлкөлөрүнө каттоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, өзбекстандыктар Тажикстан менен Түркмөнстанга, эки айдан ашуун убакытка Кыргызстанга баргысы келсе да чыгуу визасын алуу талап кылынат. Байкоочулар бул чараны бийликтин жарандардын кыймыл-аракетине көзөмөлдү мурдагыдан да күчөтүү аракети катары мүнөздөшүүдө.

Өзбекстанда жарандардын КМШ өлкөлөрүнө каттоо тартибин караган эрежелерге өзгөртүүлөр 1-июндан тарта киргени мамлекеттик маалымат каражаттарынын ушул шаршембидеги кабарынан белгилүү болду.

Ага ылайык, эми коңшу Түркмөнстан менен Тажикстанга барууну каалагандар үчүн да чыгуу визасы кайра калыбына келтирилген. Тажикстандын Ташкенттеги элчилигинин атын атагысы келбеген кызматкери “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде эми алар паспортто атайы уруксат белгиси коюлбаса өзбек жарандарына виза бере албасын, берген күндө деле чек арада көйгөй жараларына токтолду:

- Бир жарым, эки ай мурда бул мүмкүн болчу. Эми баары чек арадан көз каранды, биз айта албайбыз. Азыр ушундай талап болуп жатат. Биз го визаны берип коюшубуз мүмкүн, бирок чек арадан чыгып жатканда өзбек жарандарынын өзүнө эле проблема жаралат.

Өзбек расмий өкүлдөрү жарандар коңшу Тажикстан менен Түркмөнстанга каттаганда эмне үчүн чыгуу визасын алуу тартиби кайра киргизилгени боюнча түшүндүрмө берише элек.

Белгилүүсү расмий Ташкенттин бул эки коңшусу менен айрым мезгилдерде мамилеси түрдүү себептерден улам чыңалган абалда болуп келген.

Эреже боюнча Тажикстанга бул өлкөгө чектешкен райондордун жарандары беш күндөн көп эмес убакытка гана чыгуу визасын албастан бара алышат.

Түркмөнстанга аны менен чектешкен райондордун жашоочулары бир айда бир жолу үч күндөн ашуун эмес убакытка гана чыгуу визасыз каттай алышат.

Ал эми Кыргызстанга келгенде чыгуу визасын алуу өзбек жарандарынын сапары алтымыш күндөн ашса талап кылынат. Борбор Азиядагы коңшуларга каттоодо чыгуу визасы талап кылынбаган жалгыз өлкө - Казакстан гана калган.

Ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде чыгуу визасын алуу ар кандай максатта четке барып келүүнү көздөгөн жарандар үчүн кошумча түйшүк жаратарын белгиледи:

- Чыгуу визасын алар алдында маале комитетине кайрылып, ошол жерде жашаарыңды күбөлөндүрүп, мөөр койдурууң керек. Жакында эле Ташкенттин өзүм турган районундагы ОВИРге бардым. Адамдар котолоп кезекте турушат. Билесиз да, адатка айлангандай бардык жерде пара алышат, бул иште коррупция көп. Эскирген, эч кимге кереги жок иш.

Учурда Францияда жашаган өзбекстандык укук коргоочу Надежда Атаеванын пикиринде, чыгуу визасынынын эми коңшу өлкөлөргө каттоодо да талап кылынышы Ташкент бийликтеринин жарандардын баскан-турганына көзөмөлдү мурдагыдан да күчөтүү аракети:

- Эгер жаран үч айдан ашуун жок болсо, участкалык милиция, маале комитеттери тарабынан атайын тизмеге түшөт. Жарандын жашаган жеринде жок болушуна маале комитети эле эмес, тергөө органдары менен коопсуздук кызматы да кызыгат. Коопсуздук кызматы жарандын кайсыл жерде жүргөнүнө ал алты айдан ашуун жок болсо кызыга баштайт. Адамдардын ары-бери каттоо укугун чектөө эмне үчүн күчөөдө, аткени жалпы көзөмөл күчөп жатат. Экинчи жагы бул - коррупция үчүн чоң жылчык. Укук коргоо, жазалоо органдарынын кызматкерлери мыйзамсыз киреше булагын түрдүү ыкмалар менен табууга абдан кызыкдар.

Өзбекстан совет доорунан калган мурас – жарандар чет өлкөгө чыгууда бийликтен уруксат алуусун караган эрежени өзүнчө мамлекет болгон 1991-жылдан бери эле такай сактоодо.

Ага ылайык, чет өлкөгө алгач бара жаткан жаран эле эмес, чет өлкөдө окуп же иштеген соң мекенине кыска мөөнөткө кайтып, кайра четке кетүүчү жаран да милициянын атайын бөлүмүнөн паспортуна уруксат белгисин койдурушу керек. Чек арадан андай белгиси жок чыга албайсың, чыккан күндө да бул мыйзам бузуу деп эсептелет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG