Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Өзбекстанда орус тилин эңсегендер


Өзбекстандагы мектептердин бири. Архивдик сүрөт.
Өзбекстандагы мектептердин бири. Архивдик сүрөт.

Өзбекстанда орус тилине расмий тил деген макам берүү сунушу кызуу талкууга түштү. Искусство өкүлдөрүнүн бул демилгеси орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун өткөн аптада Ташкентке сапарын утурлай көтөрүлгөн.

Орус тилине макам берүү боюнча кол топтоло баштаган. Интернет колдонуучулар муну катуу сындап жатышат. Демилге «жогору жактан» чыккан болушу мүмкүн деген божомолдогондор да бар. Расмий Ташкент тил маселесине байланыштуу азырынча үн ката элек.

Өзбекстандагы 20 чакты эл артисттери, сүрөтчү жана киночулардан турган топ орус тилине расмий деген макам берүүгө бийликти чакырган кайрылуу жолдошту. Буга "орус тили улут аралык сүйлөшүүнүн тили болмок" деген жүйө келтиришип, тез арада тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө үндөштү. Мындай сунушка кошулгандардын дээрлик баары орус тилдүүлөр. Алардын өзбек бийлигине кайрылуусун Өзбекстандагы Кремлге ыктаган орусиялык "Вести" медиасы да басып чыкты.

Демилге Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 3-майдагы Ташкент сапарын утурлай айтылды. Ошондой эле Ташкенттеги Орус маданий борборунун 25 жылдыгы белгиленген кезде талкууланып, кол чогултула баштаган.

Жергиликтүү журналист Сардор Салимдин айтымында, айрым искусство өкүлдөрүнүн демилгесин кескин сындагандар көбөйдү:

"Кайрылуу жөнүндө макала жарыяланган күнү анда профессорлор Юсуф Абдуллаев, Муяссар Максудова жана юрист Саёра Хажаеванын гана пикирлери жазылган болчу. Кийинчерээк алардын катарына башка көрүнүктүү эл артисттери, исскуство өкүлдөрүнүн колу пайда болду. Интернетте мындай сунушка нааразылыктар көбөйүп кеткенден кийин Саёра Хажаеванын колу кайра алынды".

Сунушту кубаттагандардын арасында мультипликатор Назим Туляхожаев менен СССРдин Эл артисти Бернара Кариева да бар. 80 жаштагы балерина Бернара Кариева Өзбекстанда айрыкча кары-картаңдарга эне тилин үйрөнүү кыйын экенин "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди.​

"Эмнеге мен карыганда өзбек тилин үйрөнүшүм керек? Мага орус тили менен өзүмдүн маданиятым жетиштүү. Орус тилинде сүйлөшүүнү каалабагандар сүйлөшпөй эле коюшсун. Макам берүү - орус элине ыраазычылык билдирүүгө жатат. Антпесек, бизди Кудай кечирбейт".

Искусство өкүлдөрүнүн арасында кесиптештеринин сунушун "эски түшүнүк" деп четке каккандар да чыкты. Алардын бири, сүрөтчү Вячеслав Ахунов мындай демилге көтөргөндөрдү «колониалдык ой жүгүрткөн кишилер» деп баалады. Ал орус тилине мамлекеттик тил деген макам берүүгө үндөгөндөр "өз эрки менен аракет кылбастан, Кремлдин камчысын чаап жатат" деп эсептейт.

"Алардын баары өткөндүн туткуну. Бүгүнкү күн же келечек менен эмес, өткөн күн менен жашашат. Анткени, алар коомдун совет доорунда тарбияланып калган бөлүгү. Ошол себептүү советтик мезгилди сагынышат. Кремлдин оюндарынын "куурчагына" айланып атышат. Орус тили улут аралык пикир алмашуунун тили деп айтуу - нагыз колониалдык ой жүгүртүү. Империядан калган түшүнүк".

Көптөгөн жылдар бою Өзбекстанда президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген белгилүү жазуучу Мурод Мухаммад Дуст орус тилине расмий тил макамын берүү жөнүндө сунуш «жогору жактан» чыккан болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.

Ошентип, орус тилине расмий макам берүү маселеси өзбек коомчулугунда көптөгөн талкууларга жем таштады. Бул багыттагы талаш-талкууларга аткаминерлер, саясатчылар да кошулуп, дээрлик баары каршылык билдирип жатышат. Өзбекстан Советтер Союзунан бөлүнүп, эгемендик алган 1989-жылга чейин орус тили расмий тил болчу. Өзүн көз карандысыз өлкө деп жарыялагандан көп өтпөй Өзбекстандын Жогорку Кеңеши өзбек тилине мамлекеттик тил деген макам ыйгарган.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен ушу тушта Кыргызстан менен Казакстанда орус тили расмий макамга ээ. Тажикстанда ага улут аралык баарлашуу тили макамы берилген. Кыргызстанда көп иш-кагаздар орусча даярдалганы, шаарларда тейлөө орус тилинде жүрүп жатканы коомчулук арасында нааразы пикирлерди жаратып келет. Өлкөдө орус тилинин расмий макамын жоюу сунушу кез-кезде айтыла калып, аны Орусияны жактагандар же жергиликтүү орус тилдүү саясатчылар сындап жүрүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG