Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина орус тилине мамлекеттик тил макамын берүүнү сунуштап чыкты.

Мамлекеттик тил мыйзамын толук жүзөгө ашыруу тууралуу парламент токтомунун аткарылышын кароо учурунда айтылган мындай сунуш курч талкууланып, карама-каршы пикирлерди жаратты.

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргыз тили - кыргыз элинин эне тили гана эмес, анын ар-намысы деп жооп кайтарды.

"Бир куштун эки канаты"

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын талаптарын толук жүзөгө ашыруу боюнча 2016-жылдагы парламент токтомунун аткарылышын кароо учурунда кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселеси көтөрүлдү.

Депутаттар мамлекеттик тил мыйзамын аткарууну күчөтүүнү өкмөттөн талап кылышты. Бул учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина тил маселесин талашка айландырбоо үчүн орус тилине да мамлекеттик тил макамын ыйгаруу сунушу менен чыкты.

Ирина Карамушкина муну кыргыз тилин кеңири жайылтуудан орус тилдүү калк жабыркабашы керектиги менен байланыштырды:

- Эгерде биз Кыргызстанда эки тилди - кыргыз жана орус тилдерин бирдей эле мамлекеттик тил катары мыйзамдаштырсак жаман болуп кетеби? Дүйнөлүк аты бар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов учурунда "кыргыз, орус тилдери - бул бир куштун эки канаты" деп айткан. Ошондуктан бул эки канат катары кыргыз жана орус тилдерин бирдей кабыл алсак. Биз бул мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды күчтөндүрүү боюнча талкуулоо менен орус тилдүү калкты чектеп жатабыз. Мына ошондуктан биз эки тилге тең бирдей эле мамлекеттик тил макамын берип, экөөн бирдей колдонсок коркунучтуу эч нерсе болмок эмес. Айрым өлкөлөрдө 2-3 тил, кээ бирлеринде беш тил мамлекеттик тил катары колдонуларын билебиз.

"Мама тил, папа мекен"

Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.

Депутаттын бул сунушун анын айрым кесиптештери кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүүгө каршы көз караш катары кабыл алышты. Кыргызстанда ансыз дагы расмий тил макамын алган орус тилинин жайылышына тоскоолдук жок экени мисалга алынды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өлкөдө орус жана англис тилдерин үйрөнүүгө талап бар экенин айтып, ал мамлекет тарабынан коргоого муктаж эместигин айтты. Чыныбай Турсунбеков кыргыз тили мамлекеттин тили гана эмес, анын ар-намысы экенин эскертти:

- Кыргызстанда эл аралык тилге айланган орус, англис тилдери турмуштук зарылчылык, башка элдер менен байланыш каражаты катары өзүнөн өзү өнүгүп, кимге керек болсо, алар өздөрү окуп, үйрөнүп жатышат. Айрыкча Орусияда иштеп жүргөн биздин жарандар балдарын орус мектептеринде окутушуп, кээ бирлери балдарын англис тили курстарына же мектептерге берип жатышат. Ал эми бул жагдайдан алып караганда кыргыз тили кыргыз элинин тили гана эмес, ар-намысы. Биз Кыргызстанда тилибизди өнүктүрбөсөк, анда ал тил кантип өнүгөт? Тилибизди, жерибизди жоготуп алсак, анда кыргыз болуп жашоонун дагы кереги жок. Ошон үчүн кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүп, аны сакташыбыз керек. Мына ушуга байланыштуу "кыргыз тилине эле көңүл бурулуп жатат" деп эч ким чычалабашы зарыл.

Малайзиянын тажрыйбасы

Президентке караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев да депутаттын сунушун Баш мыйзамга каршы келген демилге катары мүнөздөдү. Назаркул Ишекеев мамлекеттик тилди саясатташтыруунун зарылдыгы жоктугун айтып, эки тил ансыз деле эриш-аркак колдонулуп жатканынан кеп салды:

- Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында бул эки тилдин тең макамы ачык, так жана даана көрсөтүлгөн. Бул эки тил биздин турмушубузда бири-бирине эч кандай тоскоолдук кылбастан, тескерисинче бири-бирине шайкеш эле кеңири колдонулуп жатат. Эки тилдин экөө тең бири-биринен кем калышпай өлкөбүздүн маданий, илимий-техникалык жактан өнүгүүсүнө олуттуу жардамын берип келатат. Ошондуктан бул маселеден саясат жасоонун эч кандай зарылдыгы жок. Биз унитардык өлкөбүз. Мамлекеттик тил ушул өлкөдө кеңири колдонулушу керек. Муну биздин коомчулук дагы жакшы түшүнөт. Бул маселе биздин Баш мыйзамда так чечилген.

Иллюстрация
Иллюстрация

Ошол эле учурда парламентте мамлекеттик башкарууда, илимде жана коомдук турмуштун башка тармактарында мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүнү радикалдык мыйзам талабы аркылуу ишке ашыруу зарыл экени айтылды. Мына ошондо мамлекеттик тилдин айланасында талаш-тартыш токтомок деген пикирлер да болду.

Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аны үйрөнүүгө стимул берүү чарасы катары Кыргызстанда Малайзиянын тажрыйбасын киргизүүнү сунуштады:

- 26 жылдан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасаган аракеттерибиз жакшы натыйжа бербей койду. Малайзиянын лидери Махатхир бул маселени кантип чечкен? Ал жакта англис жана малай тилдери мамлекеттик тил катары кабыл алынган. Мурда Англиянын колониясы болгон Малайзия азыр парламенттик өлкө. Анын парламентинде мыйзамдар малай тилинде гана жазылып, малай тилинде баарлашып, сүйлөшүүгө гана уруксат берген мыйзам чыккан. Ошондо бардык билий бутактарында иштеген кызматкерлер мыйзамды мыкты түшүнүп, аны иштеп чыгуу үчүн малай тилин үйрөнө башташкан. Мына ошондо карьера жасайм деген калктын катмары дагы малай тилин үйрөнүп, анын колдонуу чөйрөсү кеңейген. Биз дагы ошол тажрыйбаны колдонуп, Жогорку Кеңеште мыйзамдар кыргыз тилинде гана жазылып, кыргыз тилинде гана сүйлөөгө уруксат берген тарыхый мыйзам долбоорун кабыл алышыбыз зарыл.

Мына ушундай маселелерге байланыштуу Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөткө мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн конкреттүү чараларын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG