Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Г.Төлөмүшева: Ташкен кинофоруму үй-бүлө проблемаларына кайрылды


Актан Арым Кубаттын "Свет акесин" Ташкен кинофорумуна кабыл алышпады, бирок режиссердун уулунун фильми конкурста катышууда
Актан Арым Кубаттын "Свет акесин" Ташкен кинофорумуна кабыл алышпады, бирок режиссердун уулунун фильми конкурста катышууда

19-октябрдан бери Өзбекстанда “Ташкен эл аралык кинофоруму” өтүп жатат. Быйыл алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул кино конкурска Кыргызстандан Мирлан Абдыкалыковдун кыска метраждуу “Кумурсканын бору” аттуу фильми катышууда. Аны белгилүү киносынчы Гүлбара Төлөмүшева Ташкенге алып кетти.

Гүлбара Төлөмүшева: Мен алгач бул жакка келгенде мага уюштуруучулар “Кумурсканын бору” фильми кыска метраждуу тасмалардын ичинде лидерлердин бири деп айтышкан эле. Кийин мен ошол конкурстун калыстар тобунун жетекчиси менен сүйлөшкөндө бул номинацияда башка да күчтүү тасмалар бар экенин айтты. Эмнеси болсо да, бул андан бетер бүйүрдү кызытат.

Мирлан Абдыкалыковдун тасмасы кечээ көрсөтүлдү, адамдарга жакты. Биз, негизи, Кыргызстандан бул форумга көп тасмаларды сунуштаган элек. Бирок алар эмне үчүн дал ушул фильмди тандап алышканын эми түшүндүм. Анткени мында негизги көңүл үй-бүлөдөгү адамдардын ортосундагы мамилеге бурулган. Бир үй-бүлөдө аутизм менен ооруган баланы жакын туугандары жакшы түшүнүшпөйт. Аны бир өспүрүм кыз сүйүп калат, анткени “ал мага эч качан жамандык кылбайт” деп эсептейт. Менимче, биздин өзбек кесиптештерибизди дал ушул кыздын образы кызыктырган болуш керек.

Төрөкул Дооров: Сиз кыска метраждуу фильмдердин конкурсуна катышып жаткан башка тасмаларды да көрдүңүзбү?

Гүлбара Төлөмүшева: Биз Кыргызстанда дайыма “Биздин өлкө - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” деп сыймыктанып жүрбөйбүзбү. Анткен менен бул жакта көрсөтүлүп жаткан тасмалардын ичинде, маселен, ирандык кинорежиссер Шахрам Мокринин новатордук чыгармасын көрө алдым. Анда жашы 40 чыгып калган киши өмүрүндө эч бир көзгө көрүнөрлүк нерсе жасай албаганына, жазуучу болом деп максат кылып жүргөнүнө карабай, дурус бир эмгек жасай албаганына өкүнгөн кишинин тагдыры жөнүндө 13 мүнөттүк бир планда тартылган тасма көрсөтүлдү. Кинематографиялык нукка толук туура келе турган жогорку деңгээлде тартылган бул фильм новаторлук сапатка ээ деп айта алам.

Андан сырткары, Польшада бир үй-бүлөдөгү оор абалды сүрөттөгөн фильм болду. Анда жаш өспүрүм бала өзүнүн алыстагы атасы менен жолугуш үчүн эмнелерге гана барбайт! Мен өзүм үчүн бул кинофорумдун иши тууралуу ушунан тыянак чыгардым - бул жактагы киночулар азыр глобалдык деңгээлде өзгөрүп жаткан турмушта үй-бүлөдөгү мамилелердин абалына кызыгып жатышат. Ошон үчүн алар Кыргызстандан “Кумурсканын борун” тандап алышкан болсо керек.

Төрөкул Дооров: Киносынчылар чындап эле үй-бүлөнүн маселелери Борбор Азиянын киносунда көптөн бери жакшы чагылдырылбай келатканын айтып жүрүшкөн. Бул кинофорум ушуга маани берип жатканы, албетте, сүйүнтөт. Бирок Ташкен эл аралык кинофоруму быйыл алгачкы жолу өтүп жатканына карабай, анда башка маданий иш-чаралар да өтө алкактуу деңгээлде өтүп жатыптыр. “Мода аптасы”, Игорь Крутой менен Дмиртий Хворостовскийдин концерти, Эннио Морриконенин концерти, - мунун баарына көптөгөн каражат керек. Ошондон улам кинофорумду өкмөт өткөрүп жатабы же акча кайдан деген суроо туулат.

Гүлбара Төлөмүшева: Мунун баарын “Форум” деген уюм жана Гүлнара Каримова уюштуруп жатат. Ушунун өзү бүт нерсеге жооп деп ойлойм. Кечээ үч башка иш-чара болду, баарында президенттин кызы Г.Каримова сүйлөдү. Ал баардык иш-чараларды толук көзөмөлдөп турганына ынандым. Ал эмнени жасабасын, баары ийгиликтүү болуп жатканын көрдүм.

Төрөкул Дооров: Гүлбара, өзүңүз билесиз, былтыр Өзбекстанда белгилүү аял-фотограф, оператор-документалист Умида Ахмедованы “сүрөттөрүндө өзбек элине акаарат келтирди” деп соттошту, акыр аягында мунапыс менен чыгарышты. Эми ушул мамлекетте килейген чоң кинофорум өтүп жатат. Азыр көрсөтүлүп жаткан тасмалардан Өзбекстандагы чыныгы турмушту сүрөттөгөн кадрларды көрө алдыңызбы?

Гүлбара Төлөмүшева: Мен кыска метраждуу үч тасманы көрдүм. Менимче, бул - өзбек киносундагы жетишкендик. Алардан чыныгы турмушка карата сынчыл көш-караштын каймана мааниде берилгенин байкадым. Бизде, Кыргызстанда, болгонун болгондой эле көрсөтүп жатабыз. Актан Арым Кубаттын “Свет акеси” айрымдарга жакпаганы менен, азыркы турмушка карата сынчыл пикирин ачык эле айткан. Бул жакта болсо турмуштагы окуяларга карата ой башкача формада “жашырылып”, “катылып” берилген.

Ошол фильмдердин биринде Сталиндин өлгөнүнө жарым жыл калгандагы учур сүрөттөлдү. Албетте, окуя өткөн кылымдын орто чениндеги мезгилде болуп жатканына карабай, анда азыркы турмушка ачык шилтеме бардай туюлат. Мен буга чейин да Өзбекстанда болгонумда ушул өңдүү фильмдерди көрчүмүн. Ошол эле маалда, алар “Свет акени” макташканы менен, конкурсттук программага кабыл алышпаганын айттым. Бул да көп нерседен кабар берет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG