Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:26

БУУ өзбек бийлигинин отчетун укту


БУУнун адам укуктары боюнча комитети өзбекстандык делегациянын отчетун угууда

Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Женевада БУУнун адам укуктары боюнча комитетине отчет берди.

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин 114-сессиясына Өзбекстандын өкмөттүк делегациясынын курамында ар кайсы мамлекеттик структурадан төрт аткаминер келди. Бул жолу адам укуктары боюнча Өзбекстан Улуттук борборунун жетекчиси Акмал Саидов Комитеттин сессиясына катышкан жок.

Өкмөттүн делегациясы алгач 8-июлда Женевада жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактты аткаруу тууралуу отчет берди. Андан кийинки күнү 18 көз карандысыз эксперттин 29 суроосуна жооп берди.

Эксперттерди эң көп кызыктырган суроо Өзбекстандагы аялдарды медициналык стерилизациялоо маселеси болду. Өзгөчө лөлү аялдардын арасында уруксуздандыруу орун алып жатканына эксперттер кабатырлыгын билдиришти.

Жыйынга катышкан өлкөнүн Башкы прокуратурасынын адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Ислам Жасимов “Өзбекстанда аялдар стерилизация болбойт. Лөлүлөр Өзбекстанда жакшынакай эле жашап атышат” деп жооп берди.

БУУнун эксперттери Өзбекстандагы кыйноолор тууралуу да сурашканда, Ислам Жасимов "Өзбекстан мамлекетинде кыйноолорду колдонууга Конституция тыюу салат” деп жооп берди. Анын айтымында, өлкө боюнча “кыйноого кабылдым” деп 61 арыз түшсө, иш жүзүндө анын үчөө гана тастыкталып, ишке аралашкан чиновниктер жоопко тартылган. Бирок ошол эле чиновниктер камакка алынбай, эркиндикке чыгып кеткенин эксперттер белгилешсе, Жасимов “алар Сенаттын мунапысына ылайык жоопкерчиликтен бошотулганын” жар салды.

Датасы өзгөрбөгөн отчет

Дискуссиянын жүрүшүндө өзбек делегациясынын өкүлдөрү өлкөдө мусулмандардын укугу чектелип жатканын да төгүнгө чыгарышты. Өзбекстан Башкы прокуратурасынын өкүлү Ислам Жасимов мындай деди:

- Өзбекстанда мусулмандарга, жоолук салынгандарга карата эч кандай куугунтук жок. Мечиттер бийликтин көзөмөлүнө алынбайт. Өзбекстанда мамлекет менен дин ажыратылганын, экөө бири-биринин алакаларына кийлигишпей турганын өзбек мусулмандарынын баары билет. Бизде баары сунни мазхабын карманганы үчүн эч бир күч органдары эч бир мусулманды куугунтукка албайт.

Өзбек абагында отургандар
Өзбек абагында отургандар

Мындан сырткары өзбекстандык качкындардын КМШ өлкөлөрүндө жүргөн жеринен кармалып, кийин Ташкенттеги түрмөдөн чыккан фактылары тууралуу БУУнун эксперттеринин суроосун Жасимов "логикага туура келбейт" деп санады. Ал “Орусия менен Казакстан шектүүлөрдү Минск конвенциясынын алкагында гана экстрадиция кыларын” айтты.

Бирок өзбекстандык делегациянын отчету 2013-жылкы дата менен жазылып калганын 8-июлда “Азаттыктын” өзбек кызматы аныктап чыккан. Андан кийин Ташкенттен келгендер ал техникалык ката экенин айтып, ал датаны 2014-жыл деп окууну өтүнгөн. 9-июлдагы эксперттер менен жолугушууда болсо ошол эле отчеттон 2007-2012-жылдагы эле маалыматтар кошулган. Ошол себептүү бул эксперттер тарабынан Өзбекстан делегациясынын “көз жазгыруу” аракети катары сынга алынды.

Америкадан келген адам укуктары боюнча эксперт Стив Свердлов буларга токтолду:

- Албетте муну ишеничтүү отчет деп айта албайм. Өзбекстандагы саясий куугунтуктоолор, абак жайлардагы өтө жаман абал, адам укуктарынын бузулушу боюнча толтура фактылар айтылган жок. Ал фактылардын да болуп жатканын өзбек бийликтери моюнга алышы керек жана оңдоого тийиш.

Айта берсе арман көп...

Эл аралык эксперт Свердлов ошентсе да Ташкент айрым жагдайларды иретке сала баштады деп үмүттөнөт:

- Өзбекстанга карата биздин таасирибиз аз-маз жемишин берип жатат десек болот. Буга чейин бул өлкөдө балдарды, аялдарды мажбур түрдө пахтага тартуу жүрүп жатат деп БУУ бир катар эскертүүлөрдү берген, дүйнөлүк бир нече компаниялар “өзбек пахтасын албайбыз” деп каршы чыгышкан. Ушундан кийин бул өлкөдө пахталарга балдар азыраак тартыла баштады. Эми ушул эле көрүнүштү биз кыйноолор, саясий куугунтуктоо жана Анжиян окуясын иликтөө жагынан да көргүбүз келет. Ушул тармактарда да алдыга жылуулар болуш керек.

Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Отчеттогу дагы бир кызык жагдай - Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова ээлик кылган «Маданият жана искусство фондунун» ишин токтотуу өлкөдөгү чоң ийгилик катары сүрөттөлгөн.

Башка бир эксперт Алисон Гилл мындай дейт:

- Акыркы 10 жыл ичинде Өзбекстан бийликтери байкоочуларга, эксперттерге өлкөнү толук жаап салды. Адам укуктары боюнча комитет бул боюнча абдан жакшы билет. Ошол эле учурда Өзбекстанда мажбурлап ишке салуу, кыйноолор, эркинен сырткары кармоо, жергиликтүү абак жайлардын абалы өтө начар бойдон калып жатканын байма-бай айтып келатабыз. Бул мамлекетте сөз эркиндигине карата чектөө коюлуп, анын ичинде бир катар журналисттер, саясатчылар себепсиз камакта отурганын белгилесек болот. Бул боюнча суроолорду бергенибизде өзбек бийликтеринин өкүлдөрү тыңгылыктуу жооп бере алышкан жок.

Мындан мурдараак эле Женевада жабык эшик артында Өзбекстандын жарандык коому тарабынан жасалган альтернативдүү отчет угуудан өтүп, анда Өзбекстанда адам укуктарынын бузулушу, кыйноолор, саясий куугунтуктар боюнча конкреттүү фактылар айтылганы сөз болгон.

Бириккен улуттар уюму 114-сессиясын жыйынтыктагандан кийин гана Өзбекстан боюнча өзүнүн сунуштарын берет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG