Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Өзбекстан: "махабат жихадына" азгыргандар


Өзбекстан телеканалдарында аялдарга “махабат жихады” боюнча байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Көрсөтүүлөрдө маалымдалгандай, соңку мезгилде Сирияга жихадга кетип жаткан өзбек аялдардын саны көбөйгөн. Алардын дээрлик баары “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлерине сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн кетип жатышканын расмийлер аныкташкан.

Өзбекстан мамлекеттик телерадиокомпаниясынын карамагына кирген “Өзбекстан”, “Жаштар” жана “Ташкент” каналдары соңку үч күндөн бери Сирияга кетип жаткан өзбек аялдары жөнүндө темаларды такай талкууга алууда.

Ташкенттик көрүүчүлөрдүн бири Ташбектин белгилешинче, бул программаларда Сирияга чыгып кеткен аялдардын так саны айтылбаса да, алардын саны кескин көбөйгөнү кеп болууда:

- Бул темага бир күндө үчтөн көрсөтүү берип жатышат. Үч телеканал тең кайра-кайра "атайын берүү" деп атап чыгарып атышат. Биринде актер Эркин Камилов чыкты. Башкасында Рахматилла аттуу имам, дагы биринде Кабыл аттуу молдо катышты. Берүүлөрдө Өзбекстанда өз үйүн таштап, Сирияга кетүү туура эмес экени айтылып атат. Анда имамдар эле эмес, мамлекеттик ишмерлер да чыгып, өзбек аялдарына, кыз-келиндердин баарына катуу эскертүү беришүүдө. Ушунча убара болуп атышканына караганда Өзбекстандан Сирияга кетип аткандар аябай көбөйгөн окшойт.

Ишемби күнү кеткен программалардын биринде болсо “жихадга кеткен” Сириядагы аялдар менен атайын маектер да эфирге берилген:

- Сирияга кетип калган аялдар телефон менен кабарлашып жатканы берилип жатат. Алар ал жакта аябай чоң кыйынчылыкка кабылып, «бизди алып кеткилечи» деп ыйлап атышат. Алар «кайта кетебиз» дешсе, кетирбей жатышыптыр. Анан Өзбекстандан Сирияга кетип жаткан бир нече кыздар кармалганын да көрсөтүштү. Ал кыздар болсо телеканалга берген маегинде "Одноклассники" сайтынан бирөөлөр менен таанышып, алданып калышканын айтышты.

Өзбекстан телеканалдарында учурда «интим жихад» аттуу жаңы термин пайда болгон:

- Өзбекстанда күйөөсү бар туруп «дин үчүн, мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн» деп Сирияга кетип калган аялдар көп экен. Алар Алла ыраазычылыгы үчүн согушуп аткан адамдарга интимдик кызмат көрсөтүшөт имиш. Анысы "интим жихад" деп аталат экен. Ал тургай Өзбекстандан жаш кыздар Сирияга барып, "Ислам мамлекетинин" согушкерлерине убактылуу никеге турушат экен. Анысы өлүп калса, экинчи кишиге турмушка чыгат экен.

"Ташкент" телеканалы жекшемби күнү кечинде "Күзгүдөгү биз" аттуу көрсөтүүсүндө да согушкерлерге сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн интим жихадга кетип жаткан өзбек аялдарын катуу сындады.

МТРК каналдарынын биринде иштеген, атын атагысы келбеген журналисттин белгилешинче, өзбек бийликтери телеканалдардын жетекчилерине Сирияга жөнөп аткан аялдарды алып калуу үчүн көрсөтүүлөрдү такай берүү тапшырмасы коюлган. Жакынкы күндөрү да бул темада катар-катар атайын программалар кетмекчи.

Ысмын жашыруун калтыргысы келген журналист мындай аракеттин баары Өзбекстандан Сирияга кеткен аялдардын саны кескин көбөйгөнү менен байланыштырат.

Ушул жыл башында Британиядагы стратегиялык институт жарыялаган баяндамада Сирияга жана Иракка жихадга кетип жаткан аялдардын саны көбөйгөнү айтылган. Институт "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлерине кошулууга Батыш Европанын өзүнөн эле 550гө жакын аял кеткенин билдирген.

Борбор Азиянын бийликтеринин баш оорусуна айланган аялдардын "Ислам мамлекети" сыяктуу радикал уюмдарга тартылып жатканын иликтеген болгариялык профессор Татьяна Дронзина "Азаттыкка" курган маегинде Сирияга агылып жаткан аялдарды жана эркектерди бир нерсе кылып токтотуп калууга мүмкүнбү деген суроого мындайча жооп берген эле:

- Мен мындай чараларды сунуштар элем. "Ислам мамлекети" радикал уюму жана анын кылмыштык аракеттери тууралуу чындыкты ачык жазып, ачык айтуубуз керек. «Жихад баатырларынын» 190 миң адамдын өмүрүн кыйып, миллиондогон үй-бүлөлөрдү бозгунга айландырганын, мусулман эмес үч миң аялды жыныстык күңдүккө алганын ачык айтышыбыз керек. Согушкерлер басып алган шаарлардагы мусулман үй-бүлөлөр 14 жаштан ашкан кыздарын "махабат жихадына" жиберүүгө милдеттендирилгенин, "Ислам мамлекети" радикал уюму кулчулукту расмий түрдө мыйзамдаштырып, аялдарды сатуунун прайс-барактарын (баалар жазылган барак) бекиткенин, "Ислам мамлекети" радикал уюмунун чыныгы ислам менен эч кандай тиешеси жок экенин элге түшүндүрүү зарыл. Светтик мамлекет негиздерин бекемдөө, жаштарды өз алдынчалыкка, жеке өзүнүн, үй-бүлөнүн жана мыйзамдын алдында жоопкерчиликти сезе билүүгө үйрөтүшүбүз кажет.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстандан миңден ашык, Кыргызстан менен Тажикстандан жүздөгөн кишилер Жакынкы Чыгыштагы согушка катышып жүрөт. Ташкенттин бейрасмий маалыматы боюнча миңдеген өзбек жарандары «Ислам мамлекети» кыймылына кошулуп кеткен. Анын канчасы аялдар экени беймаалым.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG