Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Пахтага айдалган милиционерлер


Анжияндагы пахта талааларынын бири.
Анжияндагы пахта талааларынын бири.

Өзбекстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кайтарган милиция кызматкерлери пахта талаасына күчтөп жөнөтүлгөнүн айтып чыгышты. Шавкат Мирзиёев башында турган өзбек өкмөтү бюджеттик кызматкерлерди ишке салууга каршы чара көрөбүз деп убада кылган эле.

Учурда Өзбекстандын аймактарында пахта жыйноо жараяны кызуу жүрүп жатат. Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушундагыдай өспүрүмдөр кара жумушка салынбаса да, бюджеттен акча алган кызматкерлерди пахта терүүгө мажбурлаган көрүнүш дале уланып жатканы белгилүү болууда.

Маселен 10-октябрда Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Патрулдук кызмат жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын айрым кызматкерлери пахтага чыгууга аргасыз болуп жатышканын белгилешип, “Азаттыктын” өзбек кызматынын редакциясына атайын кат жолдошту. Алардын айтымында, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугун сактоо милдети жүктөлгөн атайын батальондун кызматкерлери Ташкенттен анча алыс казармаларда түнөп, пахта терип жатышат.

- Бизге адилетсиз мамиле жасалып жатканын кимге айтарыбызды да билбейбиз. Жетекчиликке кайрылалы дегенбиз, бирок алар бизди укпай жатат. Пахтага жөнөтүштү, жеген-ичкенибизди өзүбүз төлөп жатабыз. Адам чыдап тура алгыс шарттарда жашап жатабыз. Аткаминерлер текшерип келип калышканда, аларга бизди пахтага чыгууга эч ким мажбурлабаганын айтып коюп жатышат, - деп айтылат милициянын тиешелүү батальонунун кызматкерлеринин кайрылуусунда.

Пахтага жөнөтүлгөн милиция кызматкерлери жаткан казарма.
Пахтага жөнөтүлгөн милиция кызматкерлери жаткан казарма.

“Азаттыкка” жөнөтүлгөн сүрөттөрдөн ээн каалган имараттын цементтелген полдорунда чар-жайыт коюлган матрастарды, кийимдер салынган чаар баштыктарды көрүүгө болот. Милиционерлер түндү дал ушундай жайда өткөрүп, күндүз пахта терип жатышканын, аларды талаага жөнөтүү буйругун ички иштер министри өзү бергенин белгилешет.

- Катардагы кызматкерлерге абдан начар мамиле жасалып жатат. Офицерлер каалаган учурда талаадан кетип, үйүнө бир күнгө барып келе алышат. Биз үйдү көрүп келели десек, “200 миң бер” дешет. Эгер жол кирени кошсок, 300 миң сумга чыгып кетет, - деп билдирди “Азаттыкка” аты-жөнүн ачыкка чыгарууну каалабаган батальон кызматкери.

Өзбекстандагы бир нече булак ырастагандай, учурда Ички иштер жана Коргоо министрликтеринин кызматкери Ташкент облусундагы Чиназ районунун Алмазар айылына караштуу пахта талааларында иштеп жатышат. Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жана Ташкенттеги бир катар чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Мирзиёевдин өкмөтү пахта жарандарды мажбурлап чыгаруу көрүнүшүнө каршы күрөшүүнү убада кылган.
Мирзиёевдин өкмөтү пахта жарандарды мажбурлап чыгаруу көрүнүшүнө каршы күрөшүүнү убада кылган.

Шавкат Мирзиёев башында турган өзбек бийлигинин убадасына карабай, пахта талаасында ишке салынганын айткан мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин кызматкерлеринин кайрылуулары “Азаттыктын” өзбек кызматына дээрлик күн сайын келип жатат. 2-октябрда да Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары арыз-муңуз айтышкан эле.

"Курсанттарды жарандык кийим менен пахта талаасына алып кетип жатышат. Мекен үчүн пахта жыйнаганга даярбыз. Бирок күндө 100 килограмм пахта терүү талабына нааразыбыз. Бир күндө мынча пахтаны жыйноо оңой эмес. Эң жаманы, норманы аткара албаган курсанттардан министрдин атына түшүндүрмө жаздырып жатышат. Пахтанын айынан окуу жайдан чыгаруу же ата-энелерибизди басынтуу адилеттикке жатабы”, - деп жазылат курсанттардын кайрылуусунда.

Быйыл май айында өзбек өкмөтү мамлекеттик мекемелерде иштегендерди, мугалимдерди, дарыгерлерди жана студенттерди көчө тазалоого же пахта терүүгө салууну азайтуу жөнүндө буйрук чыгарган. Ал документте Башкы прокуратурага жана Эмгек министрлигине мажбурлоо иштерин токтотуш үчүн тиешелүү чара көрүү да тапшырмасы да берилген.

Президент Шавкат Мирзиёев да былтыр күзүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөгөндө Өзбекстанда жарандарды жапырт ишке салуу маселесине токтолгон.

Өзбекстан дүйнөдө пахта өндүрүү боюнча бешинчи орунда турат. Өлкөдө өстүрүлгөн пахтанын 60% Кытайга, Бангладешке, Түркияга жана Иранга экспорттолот. Өлкө пахта өстүрүүдөн жылына 1 миллиард доллардан ашуун киреше табат. Бул ички дүң өндүрүмүнүн төрттөн бирин түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG