Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Уго Чавес президенттик антын бере албашы мүмкүн


Венесуэлалыктар бир канча ирет Чавестин саламаттыгы үчүн диний жөрөлгөлөрдү өткөрүштү
Венесуэлалыктар бир канча ирет Чавестин саламаттыгы үчүн диний жөрөлгөлөрдү өткөрүштү

Венесуэлада былтыр алты жылдык жаңы мөөнөткө шайланган президент Уго Чавес бейшембиде инаугурацияга катышышы керек. Бирок Чавеске 11-декабрда төртүнчү онкологиялык операция жасалгандан бери ал Кубадагы ооруканада жатат. Вице-президент Николас Мадуро инаугурацияны кийинкиге жылдыруу мүмкүн экенин кыйыткан. Оппозиция болсо “андай болсо, тез арада кайра шайлоо өткөрүш керек” дейт.

Венесуэланын маалымат министри Эрнесто Виллегас дүйшөмбүдө президент Уго Чавестин абалы туруктуу экенин кабарлады. Анткен менен инаугурацияга президент катышары азыр анык эмес.

Виллегастын айтымында, Чавести дарылоо бир калыпта улантылууда. Президентти рактан дарылаш үчүн төртүнчү операцияга Кубадагы ооруканага өткөн айда алып барышкан. Ошондон бери Чавес элге көрүнө элек.

Венесуэладагы расмий бийлик Чавес рактын кайсы түрү менен ооруп жатканын эч ачык айткан эмес. Бирок дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө министр Виллегас операциядан кийин президенттин дем алышы оорлоп кеткенин кабарлады.

Жумурияттагы Улуттук Ассамблеянын спикери Диосдадо Кабелло элди Чавес үчүнчү мөөнөткө расмий кызматка кирише турган күнү аны колдоо максатында массалык жүрүш уюштурууга чакырды.

Кабелло инаугурацияны “формалдуу” эле кадам деп, элди бул күнү борбор калаа Каракастагы президенттик резиденциянын маңдайына же өздөрү жашаган шаарлардын көчөлөрүнө топтолууга, мамлекет башчыны колдогонун даңазалоого үндөдү.

Ошол эле маалда, оппозиция президент боюнча Конституцияда жазылган талаптарды эске салып, “непада Чавес өз учурунда ишине кирише албаса, кайра шайлоо өткөрүү зарылдыгын” айтып жатат.

Оппозициянын бул чакырыгын дүйшөмбүдө Венесуэладагы эң таасирдүү күчтөрдүн бири – Католик чиркөөсү – колдоду.

Мамлекеттин католик епископторунун Конференциясынын башчысы Диего Падрон дүйшөмбүдөгү ачык билдирүүсүндө “Чавести кызматта калтырыш үчүн эле Баш мыйзамды бузууга болбойт” деди.

"Бул жыйындын максаты Конституцияны чечмелөө ишине кийлигишүү эмес. Бирок азыр сөз мамлекеттин туура нугун, этикалык баалуулуктарын сактоо маселесинде турат. Саясий максаттарга жетиш үчүн эле Конституцияны бурмалоого такыр болбойт", - деди Падрон.

Ал, мындан сырткары, президент Чавестин ден соолугу жөнүндө так маалыматты элден жашырып жатышканы үчүн өлкөнүн бийликтерин сындады.

"Элдин башы айланып калды, - деди ал. - Анткени президенттин ден соолугу жөнүндө 25 жолу түрдүү билдирүүлөр жасалганы менен, медиктерден бир да отчет бериле элек. Эл билгенге укуктуу нерсе жөнүндө өкмөт чындыкты жашырып жатат. Бийликтер болгону эптеп эле өздөрүнүн саясий чындыгын айтып туруп алышты".

1998-жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан президент Уго Чавес үчүн былтыркы шайлоо, бир чети, ден соолугу начарлап кеткендиктен, экинчи жагынан, оппозициянын талапкери Энрике Каприлестин популярдуулугу арткандыктан оңой таймаш болгон жок.

Эми минтип операциядан кийинки абалы католик христиандары басымдуулук кылган өлкөдө чиркөө тарабынан суроого салынганы барган сайын Чавестин режиминен колдоо кеткенин айгинилеши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG