Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Венесуэла Ирандан медициналык жардам алды


Венесуэланын президенти Николас Мадуро. Каракас. 13-март, 2020-жыл.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро. Каракас. 13-март, 2020-жыл.

Венесуэла коронавируска каршы күрөшүү максатында Ирандан жардам алды. Жүк аба аркылуу 8-июнда жеткирилди. Бул АКШ санкциясына кабылган эки мамлекеттин байланыштары бекемделип жатканынан кабар берет.

Венесуэланын пландоо министри Рикардо Менендестин айтымында, Тегеран коронавирусту аныктоочу тесттерди жана дары-дармектерди жөнөткөн. Министр ошондой эле президент Николас Мадуро Иран бийлигине жардам жана мунай үчүн ыраазычылык билдирүү максатында жакын арада Тегеранга барарын кошумчалады.

Мадуро өзү да буга чейин бир нече келишимге кол коюу үчүн Иранга баруу ниети бар экенин билдирди.

Тегеран менен Каракастын алакасы Кошмо Штаттар Мадурого каршы санкцияларды киргизгенден кийин жакындап кеткен.

Ирандын Венесуэладагы элчиси Хожатолла Солтани «душмандар жазалоо аракетин көрүп жаткан маалда бекемделген эки өлкөнүн мамилеси менен сыймыктанарын» айтты.

Иран Түштүк Америкадагы бул мамлекетке өткөн айда мунай толтурулган беш танкер жөнөткөн.

Венесуэлада күч алган коррупция, натыйжасыз башкаруудан улам каатчылык күч алган.

XS
SM
MD
LG