Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

“В контакте” сайтына басым күчөдү


Кремл менен тиреше баштагандан бери Орусиядагы ири социалдык тармак бир нече жолу ар кандай табышмактуу окуяларга кабылып, жакында капыстан мамлекеттин “кара тизмесине” киргизилди.

Аталган социалдык тармак Орусияда жалгыз гана баарлашуу үчүн колдонулбайт. “В контакте” аркылуу оппозиция лидерлери менен активисттерге ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө жана уюштурууга мүмкүнчүлүк бар.

Өткөн жумада "В контакте” сайты Роскомнадзор тарабынан “кара тизмеге” киргизилгенден көп өтпөй баштапкы калыбына келген. Бул ишти жүзөгө ашырган мекеме бир аз “жаңылышуу" болуп кеткенин кабарлап, сайттын колдонуучуларынан кечирим сураган эле.

Орусияда 2012-жылдын 1-ноябрынан тарта бирдиктүү автоматташтырылган реестр иштейт. Алар биринчи кезекте балдардын порнографиясына байланыштуу сайттарды жабышат. Бирок Орусиядагы медиа серепчи жана оппозициялык блоггер Олег Козыревдин пикиринде, бул “жаңылышуунун” кандайдыр бир максаты болгон.

- Азыр болуп жаткан нерсе – бул “тарбиялоо”. Орус интернет коомчулугун ооздуктоо, элпек жана көз каранды кылуу аракети.

"В контакте" сайтынын түптөөчүсү Павел Дуровдун баракчасы
"В контакте" сайтынын түптөөчүсү Павел Дуровдун баракчасы
Козырев жана бир канча онлайн активисттери - балдарды коргоо үчүн кабыл алынган мыйзам бийликке жакпаган сайттарга каршы күрөшүү үчүн колдонулушу мүмкүн деп кооптонушат.

“В контакте” сайтынын “кара тизмеге” түшүүсү орус коомчулугу үчүн жаңылык эмес. Акыркы айларда бул социалдык түйүнгө бийлик тарабынан басым жасоо күчөдү.

“В контакте” социалдык тармагын 2006-жылы 28 жаштагы Санкт-Петербургда жашаган Павел Дуров түптөгөн. Орусияда Марк Цукербергдин “Фейсбугуна” атаандаш бул социалдык тармакка күнүнө 47 миң колдонуучу кирет.

2011-жылы парламенттик шайлоодон кийин башталган митингдер күчөгөн соң, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Дуровдон “В контакте” сайтынан оппозициялык топторду чыгарып салууну талап кылган. Бирок Дуров андай кадамдан баш тарткан.

2013-жылдын апрель айында Дуров "полиция кызматкеринин унаасын сүзүп кетти" деп айыпталган. 16-апрелде Санкт-Петербургдагы баш кеңсесин полиция тинткен соң, Дуров Орусиядан чыгып кеткен.

"Миллиондор маршынын" кезектеги акциясы, 12-сентябрь, 2012-жыл
"Миллиондор маршынын" кезектеги акциясы, 12-сентябрь, 2012-жыл
“В контактенин” кеңсеси текшерилгенден бир күн өтпөй Кремл менен тыгыз байланыштагы United Capital Partners (UCP) фирмасы - социалдык түйүндүн акцияларынын 48 пайызын Дуровдун эки өнөктөшү: Вячеслав Мирилашвили жана Лев Левиев аркылуу сатып алат. Дуров болсо буга чейин башка инвесторлордун “В контакте” социалдык түйүнүнүн акцияларын сатып алуусуна дайыма каршы чыгып келген.

UCP фирмасынын президенти Илья Щербович "Роснефть" мамлекеттик мунай ишканасынын башкаруучу директорлор кеңешинин мүчөсү жана президент Владимир Путинге эң жакын адамдардын катарына кирет.

Ал эми “В контакте” социалдык тармагынын калган 39.9 пайыз акциялары Мail.ru ишканасына тийиштүү. Ага да Кремлге жакын Алишер Усманов ээлик кылат. Ал “Коммерсант” басма үйүн сатып алган соң, “Коммерсант” гезитинен көз карандысыз редакторлор, бир нече күчтүү журналисттер кеткен.

Павел Дуровдо дагы деле ал түптөгөн социалдык түйүндүн акцияларынын 12 пайызы сакталган жана ал ишкананы башкарууга таасирин тийгизе алат. UCP ишканасы Дуровду алмаштырбасын айтканы менен медиа серепчилер буга ишеним артпайт.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG