Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:31

Дүйнөдө каржы индустриясынын адистери байлыгынын “таза наркы жогору” деп эсептеген адамдардын жалпы акчасы биринчи ирет 70 триллион доллардан ашты.

Муну "Capgemini" аттуу компаниянын жаңы жарыяланган баяндамасы көргөздү. Ал эми "Boston Consulting Group" компаниясынын иликтөөсү дүйнөдөгү “миллионер кожолуктардын” карамагындагы жеке байлык 166,5 триллион долларга жеткенин аныктады. Байлыктын бөлүнүшү жана жайгаштырылышы боюнча дүйнөдөгү соңку тенденция кандай?

Каржы кызматын көргөзгөн индустриянын адистери байлыгынын “таза наркы жогору” (HNWI- High Net Worth Individual) деген түшүнүктү адатта өзү жашаган турак-жайынын баасын кошпогондо инвестиция катары иштеген өтүмдүү каржылык активи, акчасы бир миллион доллардан кем болбогон адамдарга карата колдонушат.

Каржылык активи 1-5 миллион доллар болгондор бул катмардын төмөнкү, 5-30 миллионго чейинкиси ортоңку, 30 миллион доллардан көптөрү жогорку тайпасына кирет.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Cargemini" консалтинг жана технологиялык кызмат компаниясынын 19-июнда өз баяндамасын жарыялады. Ага ишенсек, 2017-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөнүн 7,6 миллиард калкынын ичинен байлыгынын “таза наркы жогору” адамдардын саны 18,1 миллионго жетти. Ал эми алардын байлыгы бир жыл ичинде 10,6% көбөйүп, биринчи жолу 70 триллион доллардык чектен ашты.

Салыштыруу иретинде "Forbes" журналынын 2018-жылдын март айындагы баяндамасы боюнча жер бетинде азыр 2208 гана миллиардер бар. Алардын дүнүйө-мүлкүнүн акчалай көлөмү 9,1 триллион долларга бааланган.

Миллиардерлердин саны жагынан биринчи орунда мурдагыдай эле АКШ, экинчи орунда Кытай турат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ал эми "Сargemini" консалтинг компаниясы алар байлыгынын “таза наркы жогору” деп санаган 18, 1 миллион адамдын АКШда 5,3 миллиону, Жапонияда, 3,1 миллиону, Германияда 1,3 миллиону, Кытайда 1,2 миллиону, ал эми Орусияда 189 миңи жашайт.

Жалпысынан алар дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 98%дан ашуунун, баалуу кагаздар базарындагы капиталдашуунун 99% камсыз кылган 71 өлкөнү камтыйт.

2017-жылы бул катмарга жаңы кошулган 1,2 миллион кишинин 74,9% Азия - Тынч океан чөлкөмү менен Түндүк Американын үлүшүнө туура келген.

Байлыгынын “таза наркы жогору” 18,1 миллион адамдын 42,6% бөлүгүнүн 1-5 миллион, 22,5% бөлүгүнүн 5-30 миллион, ал эми 34,9% бөлүгүнүн 30 миллиондон жогору каржылык активи бар.

"Сargemini" компаниясынын иликтөөсү 2018-жылдын биринчи чейрегинде бул үч катмардагылардын каржылык активинин басымдуу бөлүгү же 30,9% баалуу кагаздарга, 16,8% кыймылсыз мүлккө жумшалганын, дагы 27,2% нак акча же анын экиваленти түрүндө экенин көргөзгөн.

Нью-Йорк биржасындагы соодагерлер. 13-июнь, 2018-жыл.
Нью-Йорк биржасындагы соодагерлер. 13-июнь, 2018-жыл.

2017-жылы криптовалюталар да инвестициялык каражат катары дүйнө жүзүндө назарга илинди. Бирок азырынча алар байлыгынын “таза наркы жогору” катмардын негизги инвестициялык портфелине кошула элек.

"Сargemini" 2025-жылга барып, байлыгынын “таза баасы жогору” ададардын инвестициялык байлыгынын дүң суммасы 100 триллион долларга жетет деп болжолдойт.

"Миллионер кожолуктар"

Өткөн аптада (13-июнда) "Boston Consulting Group" компаниясы да дүйнөдө жеке каржылык байлыктын бөлүштүрүлүшү боюнча өзүнүн 17-баяндамасын жарыялаган.

Бул компания 2016-жылдын жыйынтыгына таянган жана анын эсеби боюнча дүйнөдө миллионер кожолуктардын (жеке байлыгы 1 миллион доллардан көп) саны 17,9 миллион.

Алардын ичинен Түндүк Америкага 7,6 миллиону, Азия - Тынч океан чөлкөмүнө 3,8 миллиону, Батыш Европага 3,8 миллиону, Жапонияга 1,2 миллиону, Жакынкы Чыгыш менен Африкага 800 миңи, Латын Америкасына 500 миңи, Чыгыш Европага 200 миңи туура келет.

Дүйнөдөгү 17,9 миллион “миллионер кожолуктун” 55% бөлүгү бир милллион, 28% бөлүгү 1-20- миллион, 9% бөлүгү 20-100%, 8% бөлүгү 100 миллион доллардан көп байлыкка ээлик кылат.

Алардын колундагы байлыктын акчалай көлөмү болсо "Boston Consulting Group" компаниясынын эсебинде 2016-жылдын жыйынтыгы менен 166, 5 триллион долларга жеткен.

Байлыгын акчалай сактагандар Түндүк Америкада эң аз, Азия-Тынч океан чөлкөмүндө эң көп.
Байлыгын акчалай сактагандар Түндүк Америкада эң аз, Азия-Тынч океан чөлкөмүндө эң көп.

Дүйнө жүзүндө бул байлыктын 43% акцияларга (фондулук базарга), 17% өкмөттүк баалуу кагаздарга салынган, 39% нак акча түрүндө.

“Миллионер кожолуктардан” байлыгын накталай сактагандар эң азы Түндүк Америкада – 14%, эң көбү Азия - Тынч океан чөлкөмүндө – 65%.

"Boston Consulting Group" 2021-жылга барып “миллионер кожолуктардын” жалпы акчасы 223 триллионго долларга чаап барат деп болжолдойт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG