Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Eurasia View: Кыргызстанда элдин динге болгон мамилеси жогорулоодо


Батыш басма сөзүндө Аксакалдар кеңешинин Астана жыйыны; Кыргызстанда динге карата элдин мамилеси жогорулап баратканы тууралуу сөз болду.

“Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин алгачкы жыйыны Казакстандын борбор калаасы Астанада өткөрүлдү” деп жазат Түркияда чыгуучу Star гезити. Гезиттин бул тууралуу кабарында маалымдалышына ылайык, Аксакалдар кеңешинин жыйынына Түркиядан президенттик аппараттын баш катчысы Мустафа Исендин жетекчилигиндеги Түрк делегациясы, Азербайжан аксакалдар кеңешинин төрагасы Будаг Будагов, Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков, Казакстандан Мырзатай Жолдасбеков катышкан. Түрк тилдүү мамлекеттердин Нахичеванда өткөрүлгөн 9-саммити учурунда Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин сунушу менен түзүлгөн Аксакалдар кеңешинин алгачкы олтурумунда кеңештин артыкчылыктуу милдеттери, орток түрк тарыхынын, маданиятынын, экономиканын, билим жана үрп-адаттарынын изилденүүсү жөнүндөгү маселелер талкууланган. Олтурумдан кийин жарыаяланган билдирүүдө кеңештин мүчөлөрү 4 жылда бир шайлана турганы, аксакалар эмки жылдын сентябрында кайра жогулушаары маалымдалган.


Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган бир макалада “Кыргызстанда элдин динге болгон мамилеси жогорулап баратат” деген пикир билдирилип, Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылында учурда медресе катары колдонулган бир мечиттин тегерегинде сөз кылынат. Макалада медресенин директору Устад Курбан деген киши менен өткөрүлгөн маектешүүдөн үзүндүлөр берилип, аталган диний окуу жайды башкарган “Адеп башаты” аталышындагы диний коом кандайдыр бир чет өлкө же мекемеден жардам албай эле, өлкө ичиндеги жеке бизнесмендердин жана мусулмандардын жардамы менен өз ишин алып барганына көңүл бурулат. Макалада ошондой эле “Адеп башаты” коомунун жүргүзүп келаткан диний жана коомдук иш-аракеттери тууралуу кеңири маалыматтар берилет.

“Акыр соңунда Саша Барон Коендин куудул каарманы ‘Борат’ Казак бийлигинин жинине тийген сыяктанат. Бул тууралуу Лондондун Independent гезитинде чыккан бир макалада билдирилген. Анда жазылышына ылайык, казакстандык бир депутат куудул Борат сатирасы али да болсо казак элине кордук катары сезилгендиктен Саша Барон Коенге каршы иш чара көрүлүүсүн талап кылган. Макалада өткөн айда Лондондо окуп жүргөн бир казак студенттин Борат тууралуу айткан эки киши менен мас абалында мушташа кеткени билдирилип, Казак депутат Бекболат Тлөйхан бардык ушундай тескери көрүнүштөргө Борат себеб болуп жатканын, анын бул кино тасмасы казакатарды кемсинтип, чет өлкөлөрдө окуп жүргөн казак студенттердин шылдыңдануусуна себеб болуп жатканын билдирип, Саша Барон Коенге каршы чара көрүлүүсүн талап кылгандыгы маалымдалат.
XS
SM
MD
LG